Бактысызмын – болгон үчүн бактылуу, а бактысыз боло калсам – бактым зор!

Евгений Евтушенко

Бактысызмын – болгон үчүн бактылуу, а бактысыз боло калсам – бактым зор!

акыркы да түнү болуп жүрбөсүн?

 

Кайгы басып турат Күйөө көзүнөн,

жабыркоосу жан дүйнөнүн байкалат.

Төгүлгөндөй төркү үстөлдөн өтүнөт:

“Бир-р жакшылап бийлечи?!” – деп кайталап.

 

Ичимдигин илбей көзгө – унутуп,

баары, баары мени карайт жабыла.

Баратканды-айт чимирилип – муютуп,

таканы улам такылдатып дагы да.

 

Ар бир мүчөм бөлүнүп да шалактап,

эрип полго түшө жаздайм эптүүлөй.

Ышкырганды-айт алакан чаап тарактап,

ыргыганды-айт шыпка чейин жетчүдөй.

 

Кулап түштү дубалдагы ураандар –

куттуу болсун, Гитлер капут, а демек.

Колуктунун жашы чаңга буланган,

ысык жашты салсак кантет тебелеп?

 

Карашалап бүттүм, кокуй, шайым ооп,

кара жанга, кара жанга дем берсин.

Менин бийим – ичиндеги жалын-от,

“Бийлегин!!!” – дейт!

Бийлейм кайра эрдемсий.

 

Тамандарым – жыгач болуп… тойтуктап…

кайтып үйгө келгенимде – башкамын.

Мастар мени издеп башка тойчуктан,

чакырганда – өлүп кала жаздаймын.

 

Апам дагы араң-зорго жөнөтөт,

күбөсүмүн, бийчисимин үлпөттүн.

Дасторконго кол сунганда, өнөкөт,

так ортого чыгарышат күчтөп бүт.

 

Колуктусу ыйлап кирди билгендей,

достору да “ба-а” деген тур көздү алса.

Жаман болдум – бийлөөгө бут шилтенбей,

бирок, бирок, бийлеш керек өлсөм да!

 

 

               ӨТҮК

 

Таборго окшош бул вагон ойда-а мына –

бакылдакты угасың ары жактан.

Чөп шыкашып тамбурдун сол жагына,

Кудай сымал уктоодо моряктар.

 

Марусялап бирөөсү элжиреди!

Саргыч мыймый щини ичет шалпылдатып.

Киргил тарткан немени беркилери

иттик кылбай жүргүн дейт алкымдашып.

 

Оо, мен анда куштармын тыңсынганга,

бир тобуна белгилүү болуп алгам –

сары өтүгүм чыйкылдап-кыйкырганда

бийик такам такылдайт жолуңардан.

 

Бирде тигил, бирде бул саткын деди

колтугуна шарт кысып өтүгүмдү.

Айтам кесе: “Толго да, тарткын эми!

Черт таманын. Сатпайм…” – деп өкүмүмдү.

 

Еткулга деп бир күнү жанымда тың,

жашташ жигит келаткан сынай-арбап.

Казандай чач, чоң келген галифа шым,

жылаңайлак, а бирок, жылаңайлак.

 

Мен өтүкчөн болгонум – эмине экен,

эмине экен – жылаңбут болсо мобул?

Жасалабы аракет дагы нечен –

анын бутун аз тиктеп томсоромун.

 

Кайсы жер бу? Мүнөткө жарыбаган

токтоп поюз, эл сыртты карашууда.

Бүт вагонго жаңырды жарыя анан:

“Тигил жакта бир нерсе таратууда!”

 

Кейип-чуркап уйкулуу көздөр кошо,

а мен өтүк кийээрде кулак туштан

кимдир-бирөө кыйкырды сөздөрдү ошо:

“Кечигесиң, жүгүргүн жылаңбутчан…”

 

Жүгүрдүм мен! А бирок, бекеттеги

дүкөнчөгө келгенде алактадым –

көзүм чалып – казанчач те четтеги

өтүгүмдү бутка илип баратканын.

 

Ууру артынан учтум мен ылдый кайра

жетсем эле жеп-тытып таштачудай.

Буферлерден буферге ыргыганда

айрылды шым – абийрим сакта, Кудай?!

 

Ансайын мен түйүлүп шайым жыя,

акыр жетип – вагонго чаба такап…

Өтүгүмдү тултуюп кайырды да,

өңгүрөгөн боюнча бара жатат.

 

Эсеңгиреп мен дагы катыптырмын

чаба жааган жамгырдан карап аны.

Балчылдаган жер менен шашып кургур,

жылаңайлак баратат ана дагы.

 

Дароо биздин вагондо уюп белги –

папкечендер баш болуп кайтарышып,

стакандын жармынан куюп берди

новосибирь портвейнин алпарышып.

 

Жамап шымды аялдар чакырылган,

мүшкүл эмес бул дешти. Чырлар калды.

Сыртта айнектен – бир көккө атырылган,

бир төмөнгө шуңгуган зымдар каардуу…

 

 

                  * * *

 

Сүйүүдө кандай өткүр, кандай алпсың!

Мен болсо бечарамын бүжүрөгөн.

Жакшылык колдон келбейт – арнабасмын,

жасабайм жамандыкты өзүңө мен.

 

Токойго алып кирип эрбеңдетип,

жолу жок жакка баштап жүргөндөйсүң.

21.04.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.