Ириң
Султан Раев
Как эле жоон куйрукка чыкты. Чыканына канча болду эч ким билбейт. Ириң чыккандан бери жоон куйругу да бир жерге орун басып, жарытаарлык отура элек. Отурса эле жини когу аралашып, теринин алдында жайгашкан жеринен атылып чыкчудай. Тери алдында дененин бир учунан бир учуна ылдамдык менен жүрүп турган кан да ушерге келгенде, тушалган күлүктөй тык токтойт. Ириңдин кыйындыгын көр, агып келген таза кандын жолун бууп, ак кочкул ириңге айлантат. Көрсөң, ириңдер да чогулуп алып, тери алдында канча сайран курса, жоон куйрук да ошончо сыздап ооруйт. Жоон куйруктун ээси да, уяттуу жерине чыккандан уламбы, ириңдин көзүн жардырып доктурга да көрүнгөн жок. Уялды. Сыздаткан азабына да чыдады. Бири-бирине машташкан ириң, эми бармак басым жерди гана эмес, дененин баарын ириңге айлантмак болду. Жолунан чыккан таза кандын баарын өзүнө имерди. Жаманга шып жабышкан бу илдет да, колунда көөрү, тилинде мөөрү бардай , баарын ушул бармак басым жерге жыйнап, бу дененин тамырын түбүнөн кыркып, таптакыр эле жок кылып салса. Ушу анын оюу. А, жоон куйрук болсо, эки нерседен коркот,биринчиси отургандан, экинчиси доктурга барып, кестирип салгандан… жоон куйрук ээси да күн алыс дагырадай болгон жамбашын күзгүгө келип, түнкүсүн жатаар алдында карап коет… Ириң да жөн жатпайт. Оорутканы аз келгенсип, барган сайын дене бойго кулачын жайып калды…
Бу киши жатканда чалкасынан эмес, көмкөрөсүнөн жатып калды. Ага баары эле көмкөрөсүнөн жатып, көмкөрөсүнөн түш көрүп калгандай сезилди… Көзү көрбөсө болду, артын ит тиштесе да кайыл. Сыздатканын айтпа. Ириң барган сайын чоңоюп баратты… коңулу жарашса, суур деле жолборс үркүтөт… дегендей ириңдин азабын айтпа… Кишини кеч кирээри менен катыны тилдеп кирет. Ириң деп эле иштин баарын токтотуп салмак болду. Аялына да табити жок. Кочкул кан бузулуп, кир кокко аралашат. Ириңдер барган сайын дене алдындагы бийликти колго алып, килтейген адамды алып тыналы деп, каршы-терши ызыгып калды. Жоон куйруктагы көк баш ириң, бармактай шүштүйүп, парсанагы мына-ана жарылчудай… Киши жумушка барса да, чооң-чоң чогулуштарда сүйлөсө да, түк отурбай трибунадан түшпөй калды. Оозунан жалындуу сөздөр түшпөй, ажыдаардай азынаганы менен, баягы көчүктөгү ириңи маал-маалы менен сыздатып кирет… Чиновниктин жоон куйругу гана ириңдебей, көчө да ириңдеп, котологон эл аянтка толуп кетти… Күндө “Кетсин! Кетсин! Кетсин!” деген үндөр терезе алдынан угулуп, жаалы кармаган элдин кара жини кайнап турду. Көчөдөгү “Ириңдин көзүн тазалабаса болбойт!” деген сөздү укса эле, бу жоон куйругун ойлойт. Ириң деген сөздү укса, мунун денеси титиреп кетет. Бүгүн да эл кара тумандай үйүлдү. Терезеден караса, тим эле кара таандай быкпыраган эл. Айрымдары темир тосмодон ашып түшө баштады. Эл темир тосмого уйгактай жармашты. Ушинтип турганда тосмонун темир дарбазасы ачылып кетти… Калдайган караан селдей агылып, ичкери кире баштады. Жүрөгүнө суу сепкендей чоочуду. Коридорго чыгып,”Кирип келишти!”деп айтайын десе бир жан жок. Баары качып кетиптир. Жогорку кабаттагылар да бири калбай качып кетиптир. Качканда да жөн качпай, вертолет менен качыпыптыр…
Сороюп эле өзү калганбы, лам деген киши жок. Бу деле качып кетейин деген. Басса эле жоон куйругу оорутат. Басайын дейт, баса албайт, качайын дейт кача албайт. Айласы куруду. Эмнеси болсо да ичкериден эшигин бекетип, демин чыгарбай жашынып калмак болду. Селдей кара таан булар турган кабатка чагылгандай атырылып жетип келди. Дуулдаган үндөр. “Тарс”, “Тарс” тебилген эшиктер. Мунун эшигине да жетип калды.Ошо тушка келген бир топ, шукшурулуп өйдөкү кабатка атырылды. Аны бир кудай сактагандай болду. Ичинен менин бөлмөмө кирбесе экен деп тобо келтирет. Бир маалда дагы бир чоң топтун үнү угулду. Кайрадан тарса-турс эткен үндөр жакындап келатты. Аңгыча болбой эле эшиги “тарс” тебилип ондой жулкунган немелер, көзүнөн чаары учуп кирип келди. Ал эмне кылаарын билбей дубалга жабыша түштү. Жүзүндө зили кайнаган биринчи киши аны моюндан алды. Аны ушунчалык каттуу кысты эле аба жетпей энтигип кетти. Дубалга жабышкан немени катуу жулка тартканда, бирөө артынан келиштире так эле ириңдеген жерге талыштыра тепти. Бут жоон куйрукка тийди… Көзүнөн от атып кетти. Уюлгуган ириң бырс эле жарылгандай болду. Дагы тепти… тепкен сайын ириңи атылып жатты…
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.