Кара курт
Мар Байжиев
Бул окуя айылда бир жылга чейин кеп болуп жүрдү. Теңтуш чалдар: «О, кокуй, Сыдыкты койчу, ал кудайдын каарынан да жөө качып кутулган неме!» – дешип тамашалашчу болду.
Бир нече айдан кийин казатта жүргөн уулунан: «жарадар болуп госпиталда жатам, аманчылык болсо жакында үйгө барам», – деген кат келди. Сыдык уулунун келишине камынып элге айтып «Кара курт» деген түйшүктү дагы унутту, бирок бир айдан кийин уулунун ордуна алакандай ак кагаз келди. Сыдыктын үй-бүлөсү кайгыга, капага чөмүлдү. Ыйдан баш көтөрө албай жүргөн Сыдыкка бир күнү баягы Урмамбет жолугуп калды.
– Уу, шүмшүк, көзүң жаман сенин зулум, көрдүңбү муну, сен болбосоң мындан айрылбайт болчумун, шүмшүк, – Сыдык токол уйдун мүйүзүндөй мулуйган чыпалагын көрсөттү. – Сени шашпа, эсебиңди бир табармын, токто, бетиңди бир ачаармын элдин алдында!
– Куйдайдан бир жолу качып кутулсам эле болду деп жүрсөң керек, Сыдыке, токто, кудай таалам дагы көрсөтөөр көрө элегиңди. – Урмамбет шарт башка жакты көздөй бурулуп кетип калды.
Урмамбет бул сөздү жөн эле, эмне деп жооп кайтарарын билбей айтканы шексиз, бирок, муң-зары, кайгы-капасы көкүрөгүнө батпай жүргөн Сыдыкка бир чака муздак сууну байкатпай туруп башынан ылдый шарт төгүп жибергендей болду. Баягы «кара курттун» дарты кайра эсине түшүп, жүрөгүн өйкөй баштады, Кокус бул жерге жөргөлөп келип калабы деп, малчы да болуп кетти, анткени, жайкы ысыкта жайлоого чыгып кетүүгө туура келет, ал жерде болсо кара курт болбосун билет. Бирок, ал кара ниет макулук Сыдыктын артынан жайлоого да жетип, анан жанын алып кое жаздады…
Күндөрдүн биринде Оштон Сыдыктын жээни келет. Ал бир баштык өрүк, жаңгак жана башка түштүктүн азык-түлүгүн алып, Сыдыкеме учурашам деп жайлоого чыгат. Сыдык жээни менен көрүшүп, ал жайды сурашып, табакка салган өрүк-сөрүктү сонун көрүп чай ичип олтурушат. Сыдык ар нерсени сүйлөп олтуруп бир өрүктү алайын десе томпойгон өрүккө жан киргенсип жөргөлөп кетет, көрсө баягы эле кара курт.
– А-а, жан алгыч, быякка да жетипсиң! Сенден качып кутула албайт экемин го, а, кудай, жараткан, жазганыңан кайтпайт экенсиң го, ме! Ме, менин жаным керек болсо! Беш жылдан бери сенден жанымды качырып жүрдүм, ме! Ал жанымды!!!
Күйүтү жанына баткан Сыдык, жин тийген немедей бакылдап, жулунуп кара куртка колун тосуп берет. Ошентип экинчи жолу Сыдык кара куртка өзү чактырып, керээзин айтып, өлүмгө моюн сунуп калганда, кудай жалгап мен туш келип, байкуш адамды ажалдын кучагынан сууруп алгам, – деп бүтүрдү аңгемесин профессор…
– Азыр ошол адам тирүүбү? – деген суроо угулду.
– Жок, мурдагы жылы каза болгон.
– Кара курттан өлүптүрбү?
– Жок, сексенге чыгып, карылыгы жетип эле өлүптүр, Фрунзенин ооруканасында каза болду, жүрөгү начар экен, же болбосо дагы он жылча жашамак...
– А жанагы төлгөчүлөрдүн бетин ачыптырбы?
Мен барганда селдечен отурган ошол Урмамбет экен…
Сыдык сакайгандан бир-эки жумадан кийин базар күнү шаарга барыптыр. Тамак ичейин деп ашканага кирсе, баягы төлгөчү башына ак чыттан калпак кийип, манту бышырып жүрүптүр. Сыдык аны дароо тааный коюп:
– Ой, сен төлгөчү эмес белең. Эми эмне ашлампу болуп кеттиңби? – дептир.
– Ээ, абышка, курсагың ачса, төлгөчү эмес, сыйкырчы, жада калса жез кемпир да болуп кетесиң! – дептир ал.
– Мени ажалың кара курттан дебедиң беле, шүмшүк?!
– Силердей ишенчээктерди алдай албай жан жок бекен? – дептир.
– Оо, кудай эсебиңди тапсын. Бери келчи, жаагыңды талкалайын! – Сыдык анын ата-бабасынан эч нерсе койбой тилдеп, камчысы менен тигини качырыптыр. Төлгөчү чоң казандардын, каскандардын далдасына, ары качып чыкпай коюптур:
– Төлгөчүгө ишенсеңер Сыдыктай кырсыкка учурап калышыңар мүмкүн, – деп күлүп койду профессор.
1958 ж.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.