Сарала ит
Аман Саспаев
Ушундан кийин Сарала ит ууру деген атка конуп, мурдагысынан беш бетер жек көрүмчүгө айланды. Иштин мынчалык чырга айланып баратканын, анын аягы эмне менен бүтөрүн ал мүлдө ойлогон жок. Баягы эле калыбында, этибарсыздык менен жай басып жүрө берди. Өзүнө тике караган көздөрдө жазылуу турган ички дүйнөлөрдү ит кайдан окуй алсын!
Биздин көчөдө жумуртка жей турган, ал гана эмес тооктун өзүн да жеп коё турган иттер бар. Алар ээсинин көрүнөө бергенине алымсынбай, ченебеген ынсапсыздык менен көмө жегенди жакшы көрөт. Анан ошонусуна маашыр болуп, өзүнүн башкалардан эптүү экенине тымызын кубанып, маңкайып басат. Бечара айыпсыз Сарала иттин бетине басылган тамга да ошол жойчул иттердин кесепети экени айдан-ачык болсо да, катындар аларга жаман атак бере алышпайт, кайра ээсин сыйлап сөөк ташташат.
Бир күнү жогоруда айтылган сүзмөсүн жоготкон катындын уядагы эки жумурткасын ит жеп кетиптир. Дал ошол учурда катындын эри уя жактан ууртун жалап чыгып келаткан өзүнүн төрт көз итин көрүп калат. Жарылган эки жумурткага байланыштуу катыны күмөнүн айтат. Эри болсо көргөнүн айтат. Сөзгө аралаша калган кишилер катындыкы туура дешет. Анткени катындын күмөнү Сарала итте болчу. Ал эми төрт көз ит болсо, колдо багылган, жолбун эмес, уурулук кылганын эч ким көрбөгөн… Күнөө Сарала итке артылат. Деги иттер жөнүндө чындыкты түбүнө чейин кууганга кимдер кызыкмак эле. Күнөөнү төрт көзгө арткандан көрө Сарала итке коё салуу алда канча оңой да!
Ошентип, үйдүн ээси мылтыгына окту салып, «көптүн тынчын» алган Сарала итти атып таштоо үчүн издеп чыгат. Сарала ит болсо эч нерседен капарсыз баягы эле тамактан башканын жытын сезбеген мурдун иттикке салып, таштандыларды эринчээктик менен тинтип жүргөн болчу. Мылтыгын дүрмөттөп алган киши ошол эле жердесиң го деген жеринен таап, отура калды да, кароолго алды. Сарала ит болсо мылтыгын сунган кишини карап, маңдайын тосту. «Бул киши мени эмнеге шыкаалады болду экен?» — деп ойлонмокчу болуп, эми камына бергенде, мылтык «тарс!» этти. Сарала ит «каңк!» этип кулап түштү. Ушул бир «каңк» эткен добушту өлөр алдына чейин сары майдай сактаганын билемин. Өз кездеринде, такыр колтуктарына таш тийип турганда «каңкылдай» берген болсо, мүмкүн кийинки бир жанына батканда «ау!» деп алганын өзү да сезбей калар беле, ошентип, бирде «каңк» этсе, бирде «ау» деп айбат чеге билсе, мүмкүн анын өмүрү мынчалык кайгылуу аяктабас эле!
Чындыгына келгенде «ау» деп үрүүнүн негизи «каңк» этип каңшылоо экенин бечара Сарала ит түшүнбөгөн бойдон кетти! Мылтык атылганда жумуртка уурдап жеген төрт көз ит дароо жетип барды. Анан жанталашып, тишин акшыйта шыбыраган Сарала итти көрө коюп, арсылдап үрүп коё берди.
Табасы канган катындар Сарала иттин өлүмүнө абдан кубанышты. Бирок эртеси эле бир баштык сүзмө, дагы бир нече жумуртка жоголду. Мүмкүн аны Сарала иттин өчөшкөн арбагы иштегендир…
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.