Улакчы
Кубатбек Жусубалиев
Атактуу улакчы Эргеш жепирейген тамынын алдында жалгыз таар шымын катынына жуудуруп коюп ичигине оронгончо дубалга жөлөнүп күнгө жылынып отурду. Ушу тапта анын бар акылы тамынын алдындагы соройгон эки талдын (экөөнүн боорун эчкилер кажып, жеп кетишкендиктен уйдун жампасы менен калың кылып шыбап койгон) ортосуна тартылган зымга илинген бир багалеги көк, бир багалеги сарыга боелгон (бул жиндинин Алайдын талаасындай шымына боек жетеби, жетпейт, бүт дүйнөнүн боегун чогултсаң да жетпейт) таар шымында эле. Муну билгенде жуудурбай өлөйүн деди ал ичинен кыжаалат болуп. Жолдон топ-топ болуп бака-шака түшүп өтүп жатышкан улакчылардын кужурунан ого бетер делебеси козголду.
– Мунуң деги быйыл кургайбы өзү! Күнөсүрөөк жерге илип койчу! Кайсы жер күнөсүрөөк? – деп корсулдады ал жанындагы эртеден бери өлүп-талып кир жууп жаткан аялына.
– Жаныман тойдура турган болдуң! Шымың башыңдан калгыр! Ушуну менен жүз жолу бир жерден экинчи жерге которттуң окшойт! Эмне, кудайдын күнү бир жерге жаман, бир жерге жакшы тиет дейсиңби! Кудайым бизге окшоп алакчы дейсиңби, баарына тең, баарына тең! – деди катыны күйөөсүнүн шымын зымдан булкуп-сулкуп алып тамга жөлөнгөн шатыга илип жатып. Катыны да жылаңач этине ашка-тойго кийген көк карга шайы көйнөгүн кийип алган эле. Коңултак галошунан кызыл ашыгы кызаңдап жүрдү. Шайы көйнөгү шамал болбосо да копол желбиреди. Адеп оңдонуп отургандыктан жука шайы неме көчүгүнө кыпчылып калган эле. Эргеш ушуну көрдү да парсылдап күлүп жиберди.
– Көйнөгүң кыпчылып калыптыр. Оңдоп ал да, комузумду алып чыгып бер, – деди катынына парсылдап күлүп болгондон кийин. Жолдон өткөн улакчылардын бака-шакасын уккусу жок. Комузун эрмектегиси келди. Бирок бир да күү билбейт эле (“Доңуз сойду – ит сойду” деген бир күүсү бар).
– Торпок улак бекен? – деди Эргеш. Катынынан ушинтип сурап койду. Катыны күпүйүп отуруп алып ушул күйгүздү дегиче үйгө кирип кеткенин көрсө да өзүнчө ушинтип сурап койду. Шымынын дале көк багалегинен көк, сары багалегинен сары тамчылардын сарыгып агып жатканын көргөндөн кийин, эми анын али бери кургабасына көзү жетип түңүлө баштады. Бир заматта эмне кылар айласын таппай заманасы куурула түштү.
– Эй, катын, кашектен коломтого улуу жагып туруп кактасаң кантет? Ошондо тезирээк кургайт беле дейм да, – деп кайра эле бул оюнан жанды. Баары бир катыны буга каршы чыгаарын ойлоду. Ойлогонундай эле комузду үйүнөн көтөрүп чыккан катыны безилдеп кирди.
– Сенин сөзүңө кирип дагы шымыңды өрттөп алып токмок жейинби! Сенин шымыңды отко кургатайынбы же киримди жууюнбу? Бүт айылдын кашегин чогултуп жаксаң да шымың кургабайт. Күпүйүп отуруп алып оозуна келгенин оттой берет экен. Эми бүгүн барбай койсоң хандыгыңдан түшөт белең. Ушул улак деп жүрүп бир күнү арка мойнуң алдыңда калат…
– Эй, дайүз, болду эми! Унчукпай койсо бажаңдап көп сүйлөп баратасың да! – деди Эргеш чыны менен ачуусу келип. Комузду катынынын колунан булкуп сууруп алды да кайра шилтеп калды. Эргештин ачуусу чукул экенин билген катыны токмок жеп жүрүп бир жолу жалтак болгон малдай кача берди. Комуз тийген жок. Тепкеси ыргып кетти. Эргеш ушундай, колуна эмне тийсе өлөр-таларына карабай шилтеп калат.
– Тепкени алып бер! – деди Эргеш ызырынып.
Тып басылган катыны артына кылчак-кылчак карганча кайра кир жууганга отурду. Эргештин алымсынбай калганда атып урмай адаты бар эле.
– Өзүң алып ал, – деди катыны. Оозу бош айтты.
– Дайүз, алып бер дейм! – деди Эргеш комузун коомайлап.
– Өзүң алып ал, – деди катыны. Акырын айтты.
Айтканы угулган жок. Эргешке караган жок. Комузу менен атып ура койбос деп ойлоду. Кайра минтип ойлогондон пайда жок экенин ойлоду. Эргеш өзү айткандай комузга караса Эргеш болбой калсын, Эргеш аты өчсүн, комуз менен атып уруп калды. Кийин, беш-алты күн өткөндөн кийин көңүлү кичине түзүгүндө кокусунан ушул жөнүндө эскерип минтип айткан: “Ка-ап, ошондо тийбей гана калды да, болбосо бир жериң сынат эле”. Бул Эргештин ошондогу итчилигиңди кечирдим дегени, эркелеткени эле. А эми болсо же ачуудан жок же комуздан жок, катыны айткандай “күпүйүп отуруп калды”. Ушундан кийин гана баятан бери көңүлүнүн түбүндө орун алган бир оюна биротоло кошулду да ордунан турду. Улак тартпасам да тамашасын көрүп келейин деди. Бая эле ушинтпей деди. Бул оюна кубанып койду. Кайра улактын башталып калганын ойлоп кыйласын өткөрүп жибергенин, кыйла тамашадан кур калганын ойлогондо жаш баладай ичи ачышты. Эргештин турмушта эки эрмеги, бир кумары бар. Катын менен комуз эрмеги. Көкбөрү – кумары. Кыл чылбыр менен белин бууду. Баятан бери токулуу бойдон окуранып, жер чапчып турган Тиштенээк Кашкасын тамдан жетелеп чыкты да шарт минип жөнөп кетти. “Жолдон кулпуланып алармын” деди ичинен мингенде кызаң дей түшкөн жылаңач буттарын көрүп. Бир ойлогондон ушинтип ойлоду. Катыны менен комузун таарынткан бойдон калтырды. Экөөнү бир заматтын ортосунда унутуп калды. Эргешти жолдугата бир нерсе гана кыжаалат кылды. Ичигинин жүнү этин сайгылап, кычыштырып, мазесин кетирди. Барар барганча, барып жеткенче картылдатып тырманып барды. Эргеш Жалгыз Долонго жеткенде, буердин эли көкбөрүнү дайыма ушерден чабышат, улакчылар бири-бирине койдой ыкшалып, буу чыгып турушкан экен. Так ортосунда көөдөнүнөн өйдө жылаңач, жылаңбаш, кемөөч салган карышкырдай камчысын туурасынан тиштеген Алим Сарыктын чамынып жүргөнүн көргөндө каны кызып барып токтоду. Кайнап турушкан экен деди. Алим Сарык да Түштүк кыргызга атагы чыккан улакчы болгондуктан, анча-мынча мындай жыйындарга келбей турган. Эргеш анын биякка башка себеп менен келгенин кулагы чалган. Былтыр, ушундай кеч күз, бир кар жааган маалда, дагы бир чоң улакта жолугушуп сүйлөшүп калышканда сөздөн сөз чыгып отуруп жакында жаш катынга үйлөнгөндүгүн мактанып айткан эле. Эми азыр айтуудан, ошол жаш катыны да качып кеткен имиш. Алим Сарыкка калп-чынын ким билсин, бир жылдан ашык эч ким чыдабайт. Каныкей болсо да чыдабайт деп айтышат. Алим Сарык да бул жагынан Эргешке окшоп даңктуу эле. Бирок Эргешке кийинки катыны эмнегедир токтоп калды, кембагал. Кээ-кээде гана төркүнүнө качып кетип бир айлап, эки айлап жүрөт да, кайра келет. Мени өлтүрмөк болду, кой дебейсиңерби, бул жиндини деп ыйламсыраганына энеси: “эми бул узун жиндини кудай ошондой жаратып койсо кантет элең, эми башыңа түшкөндү өз мойнуң менен тарт, балам” деп кайра жөнөтөт. Айтуудан, Алим Сарык ылайыктуу катын издеп келген имиш. Эргеш ушинтип уккан. Алим Сарыкты көргөндө эле башына ушу келди. Ушундан баштап Эргеш Алим Сарыктан көзүн алган жок. Башкаларга карабады. Башкалар бир тең, Алим Сарык бир тең эле. Анын үстүнө башкалардын баары маани, ушердеги бүт жыйындын баары Алим Сарыкты гана карагандарын байкап, камчысын кандай тиштегенин, Көк Баштысын кандай темингенин, чачтарын устара менен жаңы кырдырган сокудай башынан булоо чыкканын, шоргологон терин кандай аачыганын, шыпырганын, алаканы менен шыпырганын, билеги менен шыпырганын, билегинин дөңгөчтөй жоондугун, манжаларынын кычкачтай шадалуу экендигин, койчу, ар бир кыймылын сая кетирбей айтып, кобурашкандарын угуп жини келди. Ичи тарыды. Өлөөрчө кызганды. Ушинтип ачык ойлобосо да Алим Сарыктын ордунда азыр өзүнүн болбогонуна, жамгырдай жааган мактоолордун өзүнө жаабаганына ичи ачышты. Ичи туз куйгандай ачышты. Эргештин жыйынга жини келди. Өзү болсо ушу жыйындын мактоосуна бир жолу көнүп, бир жолу ишенип алганы оюна да келген жок. Жөн эле мактайт десе мактап, таң калат десе таң кала беришет экен да, эмне кылып атат деги? Катындарга окшоп колдорун арбаңдатып атат деди. Жанындагы бирөөнүн: “Ой, атаңдын көрү о-ой! Алим Сарыкты карагыла!” дегенин угуп итиркейи келди. “Чын эле ошол атаңын көрү болот, кара, жакшылап кара деди. Ичи тарып кызганганынан өзүнүн атак-даңкын, улакчылык сыймыгын, адемин унутуп койду. Картылдатып тырманып койду. Картылдатып тырманганын жанындагылардын баары угушту.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.