Рюноскэ Акутагава
АЙНЫГАН АДАМ ТУРМУШУ
ӨЛҮК
Ар бир өлүктүн ортон манжасына байланган жипте бирке саландап турду. А биркеде өлүктүн аты-жөнү, жашы даана жазылган. Аны мындайыраак таанышы эңилип алып, жалаңдаган доктур бычагы менен алдындагы өлүктүн бет терсинин сыйрып жатты. Бычактын курч мизиней тегиз шылынып аткан теринин алдындагы сары май ылжырап, бир көргөн кишиний үрөйүн учурат.
Ал ушул кескиленип жаткан өлүктү демин ичине алып, кадала тиктеп турду. Бул өлүккананын босогосун аттамак деле эмес, бирок, мыдай мыкаачы көрүнүштү өз көзү менен көргүсү келген. Анткени, тээ байыркы убактагы кыргын окуя жөнүндө азыр жазып жаткан новелласына керек эле. Мындагы өлүктөрдүн жедеп чирип кеткен жемиштин жытына окшогон былжыган жыт каңылжаар жарып, кускуну келтирет. Жедеп көнүп бүтсө керек, тиги тааныш кабагын чытый, ырахат алып жаткан өңдүү, өлүктү шашпай союп атты. «Кийинки күндөрү өлүк аз келчү болду», - деди таанышы, нааразы боло күңк этип. Ушул сөздү уккан соң, анын көңүлүндө эмнегедир, кайдан коно калды ким билсин, жооп даяр болду: «Эгер соёюн десем, өлүк жетпесе, анда мен дегеле жамандык ойлобой туруп киши өлтүрмөкмүн». Бирок, албетте, бул сөздү өз ичинде гана айтты.
УСТАТ
Калдайган байтуп кара жыгачтын түбүндө устатынын китебин окуп отурган. Мелмилдеген күз күнүнүн нуруна жонун тосо магдыраган кара жыгачтын баригинде үлп этпеген бейкуттук уюп турду.
Көктүн тээ бийигинде кадак табактары айнектен жасалган тараза тең салмагын жоготпой асылып турат - устатынын китебин окуп жатканда ага ушундай ажайып көрүнүш туюлду...
УСТАТТЫН ӨЛҮМҮ
Ал жаңыдан салынып бүткөн станциянын перронунда каршы-терши басып турду. Жаан басылып, эми шамал көтөрүлдү. Али таң сүрө элек үрүл маал. Перрондон ары бир нече темир жолчу жумушчулар чукулуктары менен жер чукулашып, кайсы бир ырды зоңулдап чогуу созолонтуп жатышты.
Жаандан кийинки ыркыраган шамал ыр кайрыктарын кайдадыр алып учуп, анын чөгүп турган маанайын да кошо учуруп кеткенсиди. Тамекисин тутантканга көңүлү чаппады, көөн-куюн же бир сабыркоого, же бир кубанычка окшобогон туюк сезим турган эле. Пальтосунун жан чөнтөгүндө «Устатыбыз өлүм алдында» деген телеграмма жаткан.
Мацуяма тоосунун аркы тарабынан жүлүндөй ичке түтүн бүркүп, ийреңдеп-буйраңдап Токиого барчу таңкы алтыдагы поезд жакындап келатты.
АЙ
Мейманкананын тепкичтеринен аттап-буттап көтөрүлүп баратып капилет кездешип калды. Чаламандын чак түшү болсо да, ага бул аядын жүзүн ай нуру жаркыратып жууп тургандай туюлду. Капталдай өтүп бараткан аялды көз оту менен узатып жатып (алар эгерим эч жерден жолугушкан эмес), ал буга чейин бир да ирет башынан өткөрүп көрбөгөн сагыныч-кусаматтын чакырыгын сезди...
ЖАСАЛМА КАНАТТАР
Анатол Франсты бүтүп, эми ал 18-кылымдын философторун окууга киришти. Бирок, алардын арасында атан төөдөй өркөчү көрүнгөн залкар Руссого тийген жок. Мындай кылганы, балким, өзүнүн ич дүйнөсүнүн бир ыптасы – ар нерсеге ылдам күйүп-жанып кетчү адаты - Руссонукуна жакын болгонунан уламбы, аны кийинчерээк окуюн десе керек. Ал башка ыптасы менен карандай акылга салганды жөн көрмө адатына сальш, «Кандиддин» авторунун жазган-эткенин өздөштүрүүгө киришти.
Ага, бири кем ортондой отузга чыккан жигитке, бул турмуштун кунары кетип, кумары кемип калган. Бирок, Вольтер анын көңүл кушун учуруп, жанына жасалма канат такканга жарады.
Ал ушул жасалма канаттарын кенен жая, жеңил-желии талпынып алып, көккө канат сермеди. Улам өйдөлөп бийиктеген сайын, тээ төмөндо калган адам турмушунун кайгы-касыреттери, кубаныч-куту ага улам бүдөмүктөй баштады.
Тээ төмөндө, канаттарынын алдында, кыбыр-сыбыр этип адамдар жүргөн жолдорго аянычтуу да, шылдыңдуу да абай сальп, тосмосу жок эндей жаткан мейкиндикте күндү беттеп сабаалап жөнөдү. Дал ушул өзүнүкүндөй жасалма канаттарын күндүн кайнаган оттуу нурлары күлүн калтырбай куйкалап, акыры деңизге кулап түшүпп набыт болгон байыркы гректин таржымалын унутуп койгон шекилдүү, ободо күндү тике беттеп шашып баратты...
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.