Токутоми Рока
Эки жүз иен
Анын үнү каргылданып кетти. Ортосу туташкан чакычтай кара каштары токтобой өйдө-ылдый секирет. Эриндери да титирей баштады.
— Катынымдын көзүнөн эмне болгонун билейин деп канча аракет кылбайын, кожоюндун жүзүнө канчалык тигилип карабайын, күмөндүү ойдон башка эч кандай далил таба алганым жок. Мен көп жолу ойлодум: мындай үйдө мындан ары кызмат кылбаймын деп. Бул жөнүндө катыныма да бир эмес, бир нече жолу айттым. Бирок катыным ар жолу мага ачууланат: “Кожойке бизге ушунчалык жакшы мамиле кылды, ал жокто үйүн кантип таштап кетебиз? Кааласаң — башың оогон жакка өзүң кете бер, каалаган жайыңдан жумуш таап ал,”- деп жаагын жанат.
Мен андан артык чыдай албадым.
Бир жолу катынымды зорлоп атып, шаардын сыртындагы өзөндүн жанындагы эл аягы баспаган жерге жетелеп бардым. Аны менен кожоюн ортосунда эмне болгонун такып сурай баштадым, бирок ал такыр чындыкты айткысы келбей кекейип туруп алды. Мен койнумдагы бычакты сууруп чыктым да, аны коркуттум: — эгер мойнуңа алсаң — кечиремин! Калп айтсаң — жаныңдан айрыласың, муну билип кой!
Катынымдын жүзү бузулду. Ооба, кожоюн аны мажбурлаптыр жана чындыгында эле алар бир жолу ала жипти атташыптыр, катыным ушундай деди.
— Көп калп айтпа! — мен жаным чыгып кыйкырдым. — Силер бул ишти бир же эки жолудан көп жасагансыңар, — мен аны демиктирип кирдим эле, акыр аягында баарын мойнуна алды.
Анын көкүрөгүнөн оор үшкүрүк угулду.
— Шондон кийин кожоюнга жанагыдай кылыгы үчүн жектеп кат жаздым. Ал кийинки күнү мени кабинетине чакырды. «Ырас эле биз адепке сыйбаган иштерди кылдык, — деди ал. — Бирок билесиңби, мен сенин кожоюнуңмун, сенин алдыңда кечирим сураймын, сенден суранам: жакшылык менен макулдашалы. Мен андай кылганым менен, сенин болочогуң тууралуу кам көрөм, сага өз жолуңду таап алганга жардамдашам. Ме, муну алып тур, Жапонияга жетип алыш үчүн”, — деди ал жана мага ассигнация менен эки жүз иен берди; менден биротоло кутулуу үчүн жанагы эки жүз иенди берди.
— Демек, сиз акчаны алган турбайсызбы?…Сиз эмнеге алдагы адамга бычагыңызды матырып-матырып албадыңыз?
Ал жер карап телмирди.
— Айтпайсызбы, анан кийин эмне болду?
— Мен бир мертебе Жапонияга бардым да Далянга кайтып келдим. Кожоюн бизди көргүсү да келбеди, атүгүл сыртка да чыкпады.
— Азыр эмне болууда?
— Азыр Токионун четинде кичинекей зер буюмдарды сатчу дүкөнүм бар.
— Аялыңчы?
— Аялым мени менен.
Баарлашуу бир топко токтоп калды.
— Ал мени менен, бирок мунун баары мага өтө оор, өтө оор… Жүрөгүмдө ачуу ыза турат, ага чыдаганга күч жок… Шону мен бүгүн…
Жана күтүүсүздөн жел айдап келгендей пайда болгон береги киши дайынсыз жок болду.
Которгон Амирбек АЗАМ уулу