Кобо АБЭ

Колдор

Кобо АБЭ

Бир күнү Колдордун чыркыраган үнү тынчтыкты каалабаган күчтөргө жетет… Анысын бир аз туруп айтып берейин. Колдор менин эки бутумду тең араалап бүттү.

Баарын бир четтен божурап баштайын. Мен кулап баштаганда, Колдор мени жөлөй кармап, жипке чырмай салып, жерге акырын абайлап түшүргөндө, калың карга батып кетип, көрүнбөй калдым. Колдор пайдубалга жипти байлай салып, аны менен ылдыйга тырмышып түшүп келди. Андан соң мени кардын астынан сууруп алды да, жонуна артып, катуу шамалдан ылдый эңкейген барабар уңулдап соккон бороон-чапкынга аралашып кирип кеткен барабар бул жайдан көздөн кайым жок болду. Артынан кар кишинин кыйкырганы, жез тырмактын айкырганына окшош үндөр угулуп кала берди.

Эки көчөнү аралай өтүп, согуш маалында бомба жарылган үйдүн  жертөлөсүнө келгенде, ал жактан беш-алты киши утурлай чыкты. Бирөөсү Колдордун жонунда артылган мени кармады, экинчиси Колдорго конверт сунду да, жарайсың азаматым дегенсип далысынан жылмая таптап койду. Андан соң алар Колдорго жакшы кал деп бир ооз сөз айтканга жарабай, таркап кетишти. Соксойгон Колдор аларды артынан тиктеген бойдон үн-сөзсүз кумсарып тиктеп кала берди. Кетип баратып бирөөсү кеп баштады:

– Баары ойдогудай болду. Көрдүңөрбү, келесоону да эбин таап пайдаланса болот. Бул келесоо акчага гана иштеген жери жок, мындай жол менен өзүн эзип-жеп жүргөн кайгыдан да кутулам деп ойлогон, а биз ага шарт түзүп бердик.

Анда экинчиси айтат:

 

– Бул жерде реалдуулук фантазияны пайдаланып кетти. Бул келесоо айкелди уурдап жок кылам деп жүргөнүн элдин баары билет. Бизге Кудай кыңыр ишти жашырыш үчүн ушундай келесоону туш кылганын карасаң.

Буларды өкмөттө иштеген карасантай күчтөр жалдаганы белгилүү болду. Менин айкелим аянтта турганы алардын түн уйкусун бузуп жүрүптүр. Мени жок кылам дешкенде, эки көзү төрт эле. Ошондо алар кууш реалдуулукка көздү жумуп, келесоо Колдорду бул ишке алдап көндүрүшөт. Бул иш ушуну менен эле бүтүп калса кана. Алдыда далай кызыктар бар.

Мени жашыруун заводго жүктөп барышып, кайрадан эритип, андан ары башка заводго алпарышып, ушундай эле металлга кошуп эритишип, мен металлдын чоң кесегине айландым. Менден ар түрдүү буюмдар жасала баштады, бир бөлүгүмдөн тапанчанын огу жасалды. Бар болмушумдун бир бөлүгү ошентип тапанчанын огуна айланды. Менден жаңы мазмун жана форма жаралды: тапанчанын огу аталган жаңы материя келип чыкты.

Тапанча огун ар кандай тагдырлар күтөт эмеспи, мен кайсы бир ишти жүзөгө ашырганы тапанчага салындым. Мен кандай ишти аткарышым алдын-ала белгилүү эле. Дүрмөт дарынын энергиясы аркылуу сыртка атып чыкканы тапанчага октолдум. Былк этпей мисирейген жүзүм узун кууш ийиндин оозун тиктеген бойдон. Кууш ийиндин оозунан чөнтөк түбүндө жаткан акыр-чикирлер көрүнөт. Тапанчага октолгон бойдон бир нече күн көчө кыдырып, кожоюнум экөөбүз ким бирөөнү аңдып, таба албай көпкө убара болдук. Бир жолу түнкүсүн тапанча чөнтөктөн шамдагайлык менен дароо сууруп алынганда, тапанчанын кууш ийининен түнкү шаардын үзүктөй бөлүгү көрүндү. Түнкү электр чырак жарыгынан эркек кишинин караанын көрдүм. Аттиң ай, аттиң дүйнө! Бул бечара баягы Колдор эле. Өкмөт тарабынан Тынчтык Көгүчкөнүн уурдап жок кылган каракчы аталган байкуш Колдор бир айдан ашуун жашырынып жата берип, уят-намысы курганды эзип-жеп, өңдөн азып жүдөй түшүптүр. Журт башкарган аткаминерлер муну алдап, айкелди өзүнө уурдатып, андан соң анын көзүн тазалап жок кылышка башкаларга буйрук беришкен тура. Азыр эми ал буйрукту мен аткарам!

Тапанчанын маашасы басылар замат, ичиндеги ок дары дүрт тутанып, андан бөлүнүп чыккан ашып-ташкан энергияга шыкакталган мен тапанчанын кууш ийини аркылуу чуулдаган бойдон сыртка атып чыктым. Маңдайда түптүз сызыктан башка учар жолум жок, мен ошондой жаратылгам. Чуулдап учкан бойдон барып, Колдордун денесине кадалганымда, кан чачырап кетти, андан ары Колдордун денесин көзөп өттүм да, жол боюнда өсүп турган дарак сөңгөгүнө барып кадалдым. Артымдан Колдордун өлөр алдында онтогону, денеси жерге күп кулаганы угулуп кала берди. Мендеги бир болмуштан экинчи болмушка көчүү процесси ушинтип биротоло аягына чыкты.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.