ЗАХИРЕДДИН МУХАММЕД БАБУР
Рубаилер
Дөөлөтүң ашып, өссө да бийик
мартабаң,
Ыпылас, жакшы сөз калбай, ээрчийт
аркаңан.
Ыраазы болуп ким өткөн жарык
дүйнөдөн,
Ар бир жан кетер жашоодон кумар
таркабай.
Жашырбай айттым өзөктө дарттын
баянын,
Басынтып жүргөн ооруну күчтүү баягы.
Ашыкча мени сыздатып салган
мүшкүлгө,
Жакшылык менен бүтөр деп иштин
аягы.
Которгон Маметибраим Жаныбеков
30.12.2025