ЧИГИТЕЙДИН ЖООГО АТТАНЫШЫ
Жусуп Мамай
Угушуп алып басар күн,
Кулжанын айы болсун, деп,
Кулжуңдашып тарашты,
Көмөрө кийип малакай,
Жулжуңдашып тарашты,
Сүр көрсөтүп калганга,
Булжуңдашып тарашты.
Чоңдору басып коржоңдоп,
Убаданы чың болжоп,
Толуп калды каңгайга,
Аркайдан аскер топ-топ-топ.
Жыйылып аскер болуптур,
Жыйырмага чоңу толуптур,
Үйүлүп аскер толуптур,
Үйөрлүү селди тосучу,
Үч балбаны болуптур,
Табай, Катай, Дөрбөнү,
Ал үчөөнөн коркушат,
Андан калган бөлөгү.
Дөрбөн киши зору экен,
Он сегиз гез бойу бар,
Ошончолук чоң экен.
Бойу чоң болуп, энөө эмес,
Өтө мыкты чабендес,
Тултугуй эмес кагалес,
Миң колго кирсе аралап,
Мен жалгызмын а дебес,
Анткен менен Дөрбөндү,
Табай, Катай – ал экөө,
Бучкагына теңебес.
Отор салат экөөнө,
Жатса-турса кеп-кеңеш.
Кулжада аскер кол тартып,
Таласты көздөй жол тартып,
Алтай, Капал казагын,
Талап кирди кол тартып.
Медерканды карматып,
Жыңайлак койду айдатып:
- Алычу белең сен бизден,
Ар жылда алым бергин, деп,
Алтын-күмүш жайнатып,
Кемитпей миңден нар алдың,
Үстүнө буулум зар артып,
Кечилдерди ыйлаттың,
Жөөлөтүп жылкы айдатып!
Алып барып Таласка,
Каныңды ичип алдында,
Андан кала бергенде,
Катылайын баарыңа.
Сомбилегиң өлүптүр,
Келбес жанды көрүптүр,
Эми айласы жок кыргызың,
Айтканыма көнүптүр.
Калмакка казак аралаш,
Жүрүчү элең чамалаш,
Бир төрдө коңшу болчу экен,
Желе тартып, бээ байлап,
Көрүктүү, Капал, Алтайды,
Жүрүчү элек тең жайлап.
Сомбилек келип Каңгайга,
Медеркан, элге ээ болдуң,
Өмүр бойу аралаш,
Бирге жүргөн элдерди,
Бөлдүрүп ийип не болдуң?!
Калмак менен казакты,
Эки башка бөлдүрдүң,
Казактын калкын бай кылып,
Каңгайдын калкын бүлдүрдүң,
Сомбилек бердик убада,
Ар жылы алым бермекбиз,
Андан кала бергенде,
Аралаш бирге жүрмөкбүз.
Көкчөдөн тукум сени деп,
Көп казакка ээ койду,
Ээ болголу казакка,
Жылында эки барасың,
Каңгайдын күнү не болду.
Медеркандан келдим, деп,
Согумга семиз бергин, деп,
Койчуң барат коржоңдоп,
Боз улан барат молтоңдоп,
Айтканын такыр беребиз,
Беш урук элде биз колдоп.
Карадык көзүң, Медеркан,
Пейлиң жаман, ичиң тар,
Сен экенсиң, Медеркан,
Элди бөлүп тараткан!
Бүгүн колго тийдиңби?
Жыңайлак койду айдатам,
Түнүндө бутуң байлатам,
Таласка барган күнүмдө,
Каратып койуп кыргызды,
Ээ болгонун көрөйүн,
Анан сени мууздатам!
Медерканды каңгайлар,
Өз эркинче кыйнашып,
Калганда казак элдерин,
Катыны менен баласын,
Каңгыра-какшап ыйлатып,
Ээ кылбай алган эрине,
Сулуусу болсо жыйнатып,
Мына минтип казакты,
Катуу жаман кыйнашып,
Сүттүү-сүрөк малдарын,
Кара кышка сойдуруп,
Анча-мунча кылчайып,
Кайаша айтып койгонун,
Кара көзүн ойдуруп,
Кыздын көбүн катындап,
Кылбаганы калбады,
Каңгайдан келген кызталак.
Эми тура алган жок,
Буга казак эл чыдап.
Медеркандын алганы,
Үчөө эле катыны,
Эң кичүүсү катындын,
Көкөй эле аты бу.
Караңгынын чапанын,
Калдайта башка чүмкөнүп,
Катын да болсо эркектей,
Кара жанга күч келип,
Төбөгө чачын түйүнүп,
Тумтуйта туулга кийинип,
Медеркандын Ак болот,
Ач билекке илинип,
Ургаачы жолборс экенин,
Каңгайларга билдирип,
Алты күнү түнүндө,
Дүрбөөн салып, эл кырып,
Алаштап ураан чакырып,
Катуу тийет каңгайга,
Бет келген жактан качырып,
Катуу тийип жапырып,
Таң агарган мезгилде,
Чыга берет шашылып.
Кечке чейин көрүнбөй,
Бир кемерге жашынып,
Алты күнү тындырбай,
Каңгайдын шорун катырып,
Жетинчи күнү кечинде,
Кайта кирди бакырып,
Кыргызга барбай болбойт, деп,
Көкөй кетти бастырып.
Мингени жорго аладан,
Баш аламан койгулап,
Баатыр Көкөй бараткан,
Кабар алмак нээтинде,
Каңкору жаткан Таластан.
Күнү-түнү бир тынбай,
Кирпик кагып уйку албай,
Ат чалдырып, аш ичпей,
Аманат жандан безиптир,
Алпечтүү катын Көкөйүң,
Жыйырма алты күндөрдө,
Үч Кошойдун бөксөгө,
Койгон бойдон жетиптир.
Бөксөдөн чыкты бөлүнүп,
Буруу жол менен Таласка,
Келе жаткан көрүнүп,
Кашатка чыга калыптыр,
Жайык төр өзөн Кеңколду,
Жалдырап тиктеп алыптыр,
Катын да болсо ал Көкөй,
Жерге айраң калыптыр.
Көз жиберип ар жакка,
Баарын тиктеп алыптыр,
Айкөл Манас сайдырган,
Багын тиктеп алыптыр,
Алмамбет келип салдырган,
Шаарын тиктеп алыптыр,
Алды жагын караса,
Ит агытып, куш салган,
Бир топ жан келип калыптыр.
Көзүнө бирөө көрүндү,
Көкжалдыгы билинди:
“Ким экенин билейин,
Дартымды угар эл болсо,
Арзымды айтып ийейин,
Ит агытып, куш салып,
Өзүнчө жүргөн эл болсо,
Сыр коргонуң кайсы? деп,
Сыздырган бойдон кирейин.”
Камдагай бутка шымданып,
Каскаксыз найза колго алып,
Каарын салып жүзүнө,
Кара сур болуп муңканып,
Жете барып ал Көкөй,
Айтып турду кеп салып:
- Мен алыстан келген жолоочу,
Көрбөгөн же билбеген,
Элди издеп келатам,
Атактуу Айкөл жердеген,
Жерди издеп келатам,
Айкөлдөн бери карата,
Бузулбаган каймагы,
Элди издеп келатам,
Атагы Талас, чоң Кеңкол,
Жерди издеп келатам,
Айкөлдөн тукум барбы, деп,
Эрди издеп келатам,
Бөлүнсө караан болучу,
Бүлдүрсө топтоп койучу,
Белди издеп келатам,
Каманды көрсө коркпогон,
Кармаштан кумар канбаган,
Шерди издеп келатам,
Уруш десе күүлөнгөн,
Кан ич десе сүйүнгөн,
Чырды издеп келатам,
Жалгыз кара бир башын,
Сан кишиге баалаган,
Көп экен деп жалтанбай,
Жанын айап калбаган,
Тыңды издеп келатам,
Жооп бергин тобуңар,
Бар кебимди уктуңар,
Менин атым Көкөймүн,
Чигитей барбы бул жерде,
Уулду издеп келатам,
Ак калпак алаш журтуна,
Арка болгон аркачан,
Муунду издеп келатам,
Ак шумкар түнөп өтүүчү,
Туурду издеп келатам.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.