Асан Кайгы
Журтка кайыры тийбесе, Байлыгыңдан не пайда?
Асан кайгы кредосун сөз жүзүндө гана эмес, и жүзүндө да жүзөгө ашырат. Ал өз көңүлүнө толбо гон Жаныбек хандын кылыктарын батылдык менен сынайт.
«Ай, кан, мен айтпасам билбейсиң, Айтканыма көнбөйсүң. Чабылып жаткан калкың бар, Аймагын көздөп көрбөйсүң. Кымыз ичип кызарып, Мастанып, кызып тердейсин. Өзүңдөн башка кан жоктой, Өрөпкүп неге сүйлөйсүң?» Асан кайгынын чыгармачылыгы Алтын Ордонун хандары, мырзалары өз ара тартышкан, бирин бири кырышкан XIV кылымда өсүп өнгөн. Натыйжада, бир кездеги күчтүү мамлекет алсыраган абалга жеткен. Асан кайгы буга баарынан мурун Жаныбек хан күнөөлүү деп эсептейт. Асан кайгы элдин аң-сезиминде кандай жол менен согушсуз, өз ара талап тоноосу адилеттүү коомду эңсеген боорукер катары сакталган.
Автор: Р. САРЫПБЕКОВ
АСАН КАЙГЫНЫН САНАТ, ТЕРМЕЛЕРИ
Кууп анга жетпесе,
Куландын жолун кеспесе,
Кумай иттен не пайда?
Куушуруп анга кирбесе,
Кыядан түлкү илбесе,
Кыраан куштан не пайда?
Кышкы суук чилдеде
Кылчылдатып үшүтүп,
Жылуулугу болбосо,
Кырмызы тондон не пайда?
Аргый-аргый жүгүрүп,
Аскар тоону ашпаса,
Артындан жете келгенде
Азгырып жоону качпаса,
Аргымактан не пайда?
Элиң бейпил болбосо,
Желе тартып, бээ байлап,
Суу жакалай конбосо,
Сугуң тартып душманың
Суундун башын булгаса,
Ат күлүгүн ылгаса,
Аргымак минип дууласа,
Салкын төрдөн не пайда,
Эс-акылым бейпайда....
Тандайлашкан доо келсе,
Мандайлашкан жоо келсе,
Калк алдында беттешип,
Калыс кебин айтпаса,
Калк камчысын чаппаса,
Чечендиктен не пайда?
Жоодон сууруп албаса,
Жолун тосуп барбаса,
Калкка назар салбаса,
Башын байлап барбаса,
Баатырлыктан не пайда?
Журтка кайыры тийбесе,
Байлыгыңдан не пайда?
Калыстыгың болбосо,
Акимдигиң не пайда,
Карыян болор бейпайда.
Элим-элим дебесе,
өйдө-төмөн удургуп,
Көчүп-конуп жүдөгөн
Элдин камын жебесе,
Улук алды чыкпаса,
Улуу сөздөн айтпаса,
Акылмандан не пайда?
Калкым-калкым дебесе,
Калктын камын жебесе,
Хан алдына чыкпаса,
Калыс сөзүн айтпаса,
Башын катып уктаса,
Карыядан не пайда?
Артымдагы калганга
Айткан сөзүм бир пайда.
***
Күн тутулуп жоголсо,
Ай тутулуп тоголсо,
Жылдыз өчүн бөгөлсө,
Күндүн кетип жылуусу
Айдын кетип жарыгы
Капкараңгы түн болор,
Дүнүйө жүзү не болор?
Борошолоп күн жааса,
Бороон-чапкын сел болор,
Адамзат баласы
Айласын таппай дел болор.
Жан-жаныбар баарысы
Жүрө албастан тел болор.
Дүйнө жүзү чайпалып,
Ашуу бүтүп, бел болор.
Бар макулук кырылып,
Таштай катып дүнүйө
Акыр заман күн болор,
Ай тутулуп түн болсо,
Жылдызга жылдыз урунуп,
Кагылышып кум болор.
Жаан төгүп нөшөрлөп,
Дүйнө жүзү сел болор,
Жердин жүзү калкылдап,
Толкундаган көл болор.
Күн чыкпаса жаркырап,
Тиричилик түгөнүп,
Кандай гана күн болор?
Акыл кетсе башындан
Мандайында шор болор,
Эр азамат кор болор.
Ачуу-душман, акыл дос,
Ачуу түбү кем болор.
Ачууну тыя албаса,
Агайыңды арбаса,
Ар душманга жем болор.
Ынтымак кетсе ыдырап,
Журт башчысы дел болор,
Айткан сөзү жел болор.
Кызыл жибек кырмызы
Баркы кетип боз болор,
Баасы кетсе улуктун
Бар адамга сөз болор.
Кайгы түшсө башына
Күндө кара түн болор.
Адыр-адыр ак талаа
Козголбосо ным болор.
Атадан калган алгы сөз
Айтылбаса кор болор.
Алтын капка ак калаа
Корголбосо чым болор,
Анда бир күнүн не болор?
Элиң кетсе ыдырап,
Жоон турса жобурап,
Жонго чаап кодулап,
Ошондо айлан не болор?
Ай караңгы түн болор,
Асыл жаның күм болор.
Башыңа мүшкүл иш түшсө,
Түбү бирге эмеспи
Тууганың келер кашына,
Душманың чыгар башына.
Тоз-тоз толуп кетерсин,
Айланды таппай жашына,
Тоо, токой болор конушун,
Мындай заман туш болсо,
Кыйын болор оңушуң.
Аргымактан жал кетер,
Азаматтан ал кетер.
Азган журтуң не этер?
Асан кайгы карыян
Желмаян минип жер кезер.
***
Ар нерсени көргөн билер,
Алыс жолду жүргөн билер.
Ат кадырын жөө жүрүп,
Белге этегин түргөн билер.
Бул кадырын саткан билер,
Туз кадырын таткан билер,
Ток кадырын ач билер,
Сөз кадырын айткан билер,
Жөө кадырын баскан билер.
Соо кадырын оору билер,