Барпы апыз: ДҮНҮЙӨ
ырлары
Кара таштан жаркырап,
Түшүп жаткан аккан суу.
Жан-жаныбар шимирип,
Ичип жаткан аккан суу.
Ак кыянын боорунан,
Канаат алган аккан суу.
Карып, мискин, бечера,
Даарат алган аккан суу.
Ылай, чопо, киринен,
Арылдырган аккан суу.
Ай тийгенде шооладай,
Жарык чыккан аккан суу.
Алып кетсе жетелеп,
Кете берген аккан суу.
Бөлгөн жерге токтобой,
Жете келген аккан суу.
Түбү жумшак, үстү бек,
Саздан чыккан аккан суу.
Тиктеген менен көз жетпес,
Таштан чыккан аккан суу.
Көк жалкаяк асканы,
Тешип чыккан аккан суу.
Көк торпулуу көк жарды,
Эшип чыккан аккан суу.
Нечен жерди аралап,
Кезип чыккан аккан суу,
Керектигин адамга,
Жандуу менен жансызга,
Сезип чыккан аккан суу!..
Зоодон сынбай бир жери,
Кулап түшкөн аккан суу.
Аяк, башын үзүлтпөй,
Улап түшкөн аккан суу.
Өзүн-өзү көбөйтүп,
Курап түшкөн аккан суу!..
Ташка тийип чачырап,
Быркыраган аккан суу.
Далай жерге токтобой,
Шыркыраган аккан суу.
Кууш жерге келгенде,
Күркүрөгөн аккан суу.
Үрөйүңдү учуруп,
Үн сүрөгөн аккан суу.
Барган сайын күч алып,
Дүркүрөгөн аккан суу!..
Жайык жерге барганда,
Жаркыраган аккан суу.
Алды эңкейиш жар келсе,
Аркыраган аккан суу.
Кулагыңды тундуруп,
Капчыгайды чуу кылып,
Шаркыраган аккан суу!
Коркок адам сүрүнөн,
Калтыраган аккан суу!
Сурап-сурап отурсаң,
Кайда болот аккан суу?
Башы туюк капчыгай,
Сайда болот аккан суу.
Издегенде табылбас,
Жайда болот аккан суу.
Тескейи бийик, терең сай,
Коодо болот аккан суу.
Ак асаба мелжиген,
Зоодо болот аккан суу.
Бетегеси кулпунган,
Төрдө болот аккан суу.
Жаратылыш жасаган,
Өрдө болот аккан суу.
Каз-өрдөгү калкыган,
Көлдө болот аккан суу.
Бопбоз болуп кор болгон,
Тамчы сууга зар болгон,
Элге келген аккан суу.
Мурда болуп көрбөгөн,
Жерге келген аккан суу.
Жер үстүндө жашаган,
Элге келген аккан суу.
Өз тулкусун жоготпой,
Бир тамчысын коротпой,
Кармап келген аккан суу.
Курмандыкка денесин,
Арнап келген аккан суу!
Аягы жок, колу жок,
Токтойм деген ою жок,
Жүрүп келген аккан суу.
Бара турган жерине,
Кире турган көрүнө,
Күлүп келген аккан суу.
Бир жагына көгөртүп,
Дарбыз кылган аккан суу.
Эч кимди шерик кылбастан,
Жалгыз кылган аккан суу.
Алабата, көк беде,
Жалбыз кылат аккан суу,
Аюу чачы, ак сокто,
Андыз кылат аккан суу!
Жүргөн жерин аңдатып,
Кыя кылат аккан суу.
Түлкү куурай, чытыры,
Мыя кылат аккан суу.
Тоого чыккан кемпир чач,
Дагы кылган аккан суу.
Жанузактай бир чөбүн,
Дары кылган аккан суу.
Сазык тана, шорону,
Сазык матар, согону,
Айтпасак болбойт ошону.
Тогуз төбө, тенге чөп,
Топчу куурай, ак кодол,
Төө куйрук, камгагын,
Төө таман, жер чайын.
Уу коргошун, сары куурай,
Улар пыяз, ак куурай,
Арпа менен ак буудай,
Жылтырканы, шыбагы,
Тегерек баш, уйтана,
Адырашман, ыкшары.
Чачыраткы, жөрмөгү,
Келиндердин өрмөгү.
Меңдубана, ажырык,
Уйтана, көдөө, мийбеги,
Ушунун баарын айтпасак,
Уккандар калар таарынып.
Кара кыяк, шибери,
Кызгалдагы, эрмени,
Кызыл от чыккан береги,
Көөдөк менен чийбеги,
Көйкөлгөн көк шибери,
Кымыздык, ышкын, балтыркан,
Кийик оту, калдыркан,
Айтып бери жылдырсам,
Аны кылган аккан суу!..
Үстүңө кийип жүрүшкө,
Кийим кылат аккан суу.
Өз өнөрүн билбестен,
Кыйын кылат аккан суу.
Чайга салып ичишке,
Нават кылат аккан суу.
Барган жерин кулпунтуп,
Абад кылат аккан суу.
Айтып жана кеткендей:
Чөп жаратат аккан суу.
Төрт-түлүктү семиртип,
Эт жаратат аккан суу.
Алма, жүзүм, алмурут,
Алча кылат аккан суу.
Четин, шилби, карагай,
Арча кылат аккан суу.
Биз билбеген дүйнөдөн,
Канча кылат аккан суу,
Ай жаныбар, аккан суу!..
Жердин үстүн тепсеген,
Малга келген аккан суу.
Ай, Ааламда жашаган,
Жанга келген аккан суу.
Арык казып төтөлөп,
Алып кетсе жетелеп,
Кете берген аккан суу.
Бурган жерден токтобой,
Чарчаганга окшобой,
Жете келген аккан суу.
Ак жектенин жеңине,
Кир койбогон аккан суу.
Көңүлүңдү калтырып,
Бир койбогон аккан суу!
– Ай, аккан суу, аккан суу,
Ай, Ааламды баккан суу.
Сыр-Дайрадан чоң туруп,
Сыр аякка баткан суу.
Жандын баарын баккан суу,
Жазда кирип, ташкан суу.
Тартынбастан баскан суу,
Тар арыктан ашкан суу.
Жабыркатпай жай, кышы,
Жандын баарын баккан суу!.
Агыны катуу болгон суу,
Ар өзөнгө толгон суу.
Жаз келгенде кирген суу,
Жандын баары сүйгөн суу.
Эки өркөчү баладай,
Төө келген аккан суу.
Аюу, каман, илбирси,
Чөө келген аккан суу.
Биз көрбөгөн жин-пери,
Дөө келген аккан суу!
Бөкөн менен элиги,
Бугу, марал, кийиги,
Дагы келген аккан суу,
Бали, ыракмат аккан суу!..