Барпы апыз: ДҮНҮЙӨ
ырлары
Керүүдөн кыян кошулуп,
Сел болосуң аккан суу
Этек жагың буулса,
Көл болосуң аккан суу
Чөлдүү жерге барганда,
Алтын менен күмүшкө,
Тең болосуң аккан суу!..
Кыртыш байлап бетине,
Жүн чыкпаган аккан суу.
Айбанатпы, адамбы,
Башын салса: «Тур, кет!» деп,
Унчукпаган аккан суу!
Ирик менен чирикти,
Таза кылган аккан суу.
Эл жайлоого конгондо,
Эртерээк ичсем дедиртип,
Эки агайин кишини,
Ача кылган аккан суу.
Жүргөн жерин гүлдөтүп,
Жумуш кылган аккан суу.
Нөөбөтү мага келбейт деп,
Коңшу отурган адамды,
Уруштурган аккан суу.
Жаздын айы келгенде,
Байчечекей башбагып,
Булак ийип таш жарып.
Тоо башынан мөңгү эрип,
Токсон миң булак бир келип,
Асмандан булут бүркөлүп
Жамгырын төксө – ал көрүп!
Жекендин башы желпилдеп,
Камыштын башы калкылдап.
Ааламга булут оролуп,
Айдын башы тоголуп.
Чагылганы чартылдап,
Ай караңгы түнүндө,
Күндүзгүдөй жаркылдап.
Жердин жүзүн термелтип,
Каарданып киргенде,
Каптап сел ылдый сүргөндө,
Капчыгайга толгондо,
Жандап барган мал-жанды,
Ажыдаардай жалмап соргондо.
Алачыктай таш агып,
Аюу, жолборс, сүлөөсүн,
Алдынан чыкса баары агып.
Байлап койгон сал агып,
Байкабаган жан агып.
Көпүрөлөр дагы агып,
Кечип кирген мал агып!
Бузуп өткөн кыяны,
Бул – аккан суунун зыяны!..
Ташка тийген жеринен,
Таамай жалын, от жанып.
Жарга тийген жеринен,
Жолум үйдөй из калып!
Ортосунан карасаң,
Оргуган кара кан агып!
Түптүү терек токтобой,
Бир куурайга окшобой.
Карагайы, арчасы,
Карайган токой канчасы,
Бир токтошко жарабай,
Агып барат даң салып.
Ташка тийсе чачырап,
Таамай жанды качырат.
Күкүктөнүп, сүйлөнүп,
Күчү ташьга, жинденип.
Тамдай болгон таштары,
Тоголонгон калдырап.
Аны көргөн пенденин,
Акылы калат дабдырап.
Аскага тийсе жанчылып,
Айбатынан жан чыгып.
Кирип барат аккан суу!..
Буда аккан суунун зыяны!..
А, жаныбар, аккан суу,
Жаз келгенде күрпүлдөп,
Ээ-жаа бербей ташкан суу.
Тоодон чөлгө жеткенче,
Далай жолду баскан суу.
Жан-жаныбар күйөнү,
Жаамы ушул дүйнөнү,
Жаркыратып баккан суу!
Жиктеп журтка бөлбөгөн,
Жанында адам болбосо,
Жакын көрүп чөлдөгөн.
Арык кайрып байласа,
Пайдасы бар аккан суу.
Жашап турса түгөнбөс,
Жайрасы бар аккан суу.
Жандуу менен жансызга,
Өмүр отун күйгүзгөн,
Айласы бар аккан суу!
Ташкыны бийик дүйнөнүн,
Таалайындай жаралган.
Түрдүү чөпкө, мивага,
Каны болуп таралган,
Тегеренип жанынан,
Карып мискин кетпеген,
Кандай молсуң, аккан суу,
Жердин үстүн тепсеген!..
А, жаныбар, аккан суу,
Аккан суунун белгиси:
Камчыланбай тез кеткен,
Мудаасына бат жеткен.
Жийиркенбей ичине,
Кырк аяктуу курт күткөн,
Камыш чыгып көлүнө,
Кара бээ оттогон.
Балырынын ичине,
Бака чардап токтогон.
Келишкенсиң аккан суу!..
Көрүп адам жыргаган,
Бейиштенсиң аккан суу.
Арам, адал дебеген,
Асылдансың аккан суу.
Өз башыңдан күнөөнү,
Арыткансың аккан суу.
Кимге болсо «макул» деп,
Баш ургансың аккан суу.
Туш тарапка бет алып,
Агып өттүң аккан суу.
Адашпастан өз жолуң,
Табып өттүң аккан суу.
Кыялданып кыйшайып,
Шоокумданып, үн салып,
Желип өттүң аккан суу.
Аласасын адамга,
Берип өттүң аккан суу.
Кышын-жайын барабар,
Коргошундай көлтүлдөп,
Тунук болуп мөлтүлдөп,
Эрип өттүң аккан суу.
Келин менен кыздарга,
Керектүүн алгын деп,
Челегине толтуруп,
Берип өттүң аккан суу!
Өмүр шерик адамга,
Болуп өттүң аккан суу.
Бул дүнүйө жарыктан,
Толуп өттүң аккан суу.
Кара жерге жымылдап,
Кирип өттүң аккан суу.
Бара турган жериңди,
Билип өттүң аккан суу.
Киши баргыс чуңкурга,
Кирип өттүң аккан суу.
Касиеттүү аккан суу,
Күз мезгилде карасаң
Калыбынан тартылган,
Кубатынан айрылган.
Мөңгүсү аздап эриген,
Булагы ийбей кемиген.
Каркылдап учкан каз кеткен,
Куркулдап жүргөн куу кеткен.
Өрдөк, чүрөк калбастан,
Жылуу жакка дуу кеткен.
Жинин каккан бакшыдай,
Жарым болуп суу кеткен.
Эртең менен кечинде,
Буркурап чыккан буу кеткен.
Кыш чилдеде карасаң,
Көрүнүшүн байкасаң,
Көк муз карга оронуп,
Көңүлдүү ыры жоголуп,
Туңгуюкта чулдурап,
Агып жатыр булдурап
Алкынган алы жок болуп,
Араң жандай токтолуп,
А бирок моюн бербесген,
Аяз суукка көнбөстөн,
Агып жатат аккан суу!..
А жаныбар, аккан суу,
Күнү-түнү аксаң да,
Кызмат этип жатсаң да,
Кадырыңды билбейбиз.
Көңүлүңдү кир кылып,
Кайра өзүңдү тилдейбиз.
Жок дегенде бир жылда,
Зыярат кылып жүрбөйбүз.
Суу сыйлаган зор болор,
Суу кордогон кор болор,
Өзүнө өзү жоо болор.
Акыл менен ойлоп ал,
Айткан жокмун тим гана!..
А, жаныбар, аккан суу,
Жок дегенде бир күнгө,
Келбей койсоң таарынып,
Кесирленип жүргөндөр,
Чуркайт эле ак уруп!
Барктабастан жүргөндөр,
Айчылык жерде болсоң да,
Бир ууртап сени алганга,
Жетет эле жалынып.
Колунда болгон дүйнөсүн,
Берет эле жабылып!..