Көксулуу
Жеңижок
Көк шайы көйнөк кийинсең,
Көк өрдөк көлдө куп гана.
Коштогон экен табийхат
Кош колдоп берип, бүт сага!
Айлыңа барсам, эртелеп,
Алдымдан чыксаң эркелеп.
Алышып ойноп жүргөнгө,
Ага да эркем, эрк керек.
Антташкан шерттен тайбайм деп
Акының Өтө сөз берет!
Кыштооңо барсам эртелеп,
Кыядан тоссоң эркелеп.
Кызыктуу өмүр сүрүүгө,
Кымбатым, эркем, эрк керек.
Кыйышпас болуп жүрүүгө
Күкүгүң Өтө сөз берет!
Айтаар бир сөздөн шашпайын,
Аксыдан чыккан даткайым.
Ак калпак кыргыз элимдин,
Акыны болом, дап дайын.
Атагың элге чыгарып,
Азыртан неге айтпайын!
Ашыктык иштен зарланттың
Анжиян базар канттайым!
Кыйыткан ойдон шашпайын,
Кыргыздан чыккан даткайым.
Кымбаттуу кыргыз элинин,
Күкүгү болом дап дайын.
Күлпөтүң калкка чыгарып,
Кыйкырып неге айтпайын.
Кызыктык иштен кыйнадың
Кашкардан келген канттайым!
Жайлаган жериң Ойрума,
Жай күнүнөн бер жака, -
Жаш сулуу түштү оюма.
Жашчылык иши жай бербей
Жалынам бирге болууга.
Кыштоонун башы Ойрума,
Кыш жармынан бер жака,
Көксулуу түштү оюма.
Кызыктык иши баш бербей
Кызыгам бирге болууга.
Казанымды бир кылып,
Ашташ болсом, Көксулуу.
Төшөгүмдү бир салып,
Башташ болсом, Көксулуу.
Айтылган шерт убада,
Кайтпас болсоң, Көксулуу.
Кыйынчылык түшсө да,
Кайтпас болсоң, Көксулуу!
Убададан айнычу,
Болбос болсоң, Көксулуу.
Өмүр бою айрылгыз
Жолдош болсоң, Көксулуу?
Ай көрүнгүс шаардай,
Бакка окшойсуң, Көксулуу.
Күмүш супа, ордолуу
Такка окшойсуң, Көксулуу.
Жыттасам жытың атырдай,
Жигитке баркың алтындай.
Жакындашсаң болбойбу
Жалоорутуп тартынбай.
Кармасам этиң жибектей,
Какшадым сага мен жетпей.
Күйүттүү болуп калбайлык
Күкүк бир менен Зейнептей!
Карайган шакта түнөгөн,
Карчыга деген куш бекен?
Караңгы түндө жүргүзгөн
Ашыктык кыйын иш экен!
Туура бир шакта түнөгөн,
Турумтай деген куш экен.
Түн ойноп, күндүз айрыган
Жашчылык кыйын иш экен!
Жай саратан ысык деп,
Кырга кондуң, Көксулуу.
Жашың он беш чыга элек
Ырга кондуң, Көксулуу.
Кышкы чилде суук деп,
Түзгө кондуң, Көксулуу.
Жашың он беш боло элек
Сөзгө кондуң, Көксулуу!..
Ыргалып үйдөн чыкпайсың,
Ышкы отуна берилип,
Ырдаган ырым укпайсың,
Кылгырып үйдөн чыкпайсың.
Кызыктык иштен кеп козгоп
Кыйкырсам үнүм укпайсың.
Кабарың келбейт биз үчүн,
Какылдаткан Көксулуу,
Кайгыны тарттым, сиз үчүн.
Кайрылып койсоң болбойбу,
Кадимден калган иш үчүн.
Кадалып кара санаба
Калканчың болоор киши үчүн.
Дубайың келбейт биз үчүн,
Дубандан чыкпас Көксулуу,
Дубана болдум сиз үчүн.
Думуктурбай адамды,
Дурус де айткан иш үчүн.
Душмандык кылып жүргөн бар
Дуушар болгон киши үчүн.
Калкыбыз жайлайт Бөктөрдү,
Кайрылбай мага өтөөр деп,
Карыбың Өтө өксөдү.
Калкымдан чыккан Көксулуу,
Көп сулуунун өктөмү.
Казактан чыкпас перизат
Каалап жүрөк көксөдү.
Элибиз жайлайт Бөктөрдү,
Ээликкен жаштык куракта,
Эрмегиң Өтө өксөдү.
Элимден чыккан Көксулуу,
Эстүү бир кыздын өктөмү.
Эч элден чыкпас сулууну
Эңсеп бир көңүл көксөдү.
Кызыл кыр ылдый кыркырап,
Коюн бир түштү, Көксулуу.
Кычыраган чилдеде,
Кыйын мүшкүл иш салып
Тоюң бир түштү, Көксулуу.
Кара кыр ылдый чуркурап,
Коюң бир түштү, Көксулуу.
Качыраган чилдеде,
Кайгыны салып башыма
Тоюң бир түштү, Көксулуу.
Белден коён качырып,
Иле албадым, Көксулуу.
Эми тагдыр не болот
Биле албадым, Көксулуу?
Жондон түлкү качырып,
Жете албадым, Көксулуу.
Жеткизбестен душманга,
Кете албадым, Көксулуу.
Алты канат ак үйдүн,
Кериштесиң, Көксулуу.
Алтымыш эки жубандын,
Периштеси Көксулуу.
Арманда калдык кошулбай
Кейиштесиң, Көксулуу.
Жети бир канат боз үйдү,
Кериштесин, Көксулуу.
Жетимиш эки жубандын,
Периштеси Көксулуу.
Жетпей сага калдым деп
Кейиштемин, Көксулуу.
Жылдыздуу түндө ай элен,
Жыбылжып аккан сай элең.
Жылаажын үндүү, жыпар жыт
Жыргаткан жанды пай* элең!
Асмандан тийген ай элең,
Акырын аккан сай элең.
Артыкча сулуу, атыр жыт
Арзыган жанга пай элең!
Алты кулач кыл аркан,
Ак боз аттын мойнуңда.
Арманда калат окшоймун