Мейкин

"Курманбек" эпосу жөнүндө жети факты. Муун-жүндү бошоткон керээз

Мейкин

Асман менен Сөз бири-бирине коошпогон түшүнүк чыгаар, анан калса бийик үн, кош үндүн жаңырыгына жалгашып чыгышы кандайча?! Ырасында эле, Сөз — адам акыл сезимин, ой жүгүртүүсүн чагылдыруучу керемет нерсе, Асман — өлчөмсүз аалам мейкиндигинин көп кырдуу чексиздиги болуп жүрбөсүн...

Бир караганда бул улуу түшүнүктөрдүн ортосунда кандай байланыш болушу мүмкүн, жаңырып чыккан кош үндү кандай түшүнүүгө мүмкүн? Улагалаш чыккан үн эки адамдын бир ыргакка кошулуп жалпы сезимди, кыялданууну, дилгир кумарлануусун удургутуп чектеш кылган добуш эмеспи. Бул жолу Асман, Сөз жалгашып үн чыгарат...

Кеп каймана элестетүүнүн бар жогунда эмес. Ошентип чындыктын болгонун болгондой айтсак, кадимки Сөз жана кадимки Асман, мен эми окуянын күбөсү катары көргөнүмдү көргөндөй төкпөй-чачпай айтып бергенге аракет кылып көрөйүн.

Ал түгүл Асман да айраң-таң болду деп айтышкандай, бул окуядан улам ал ойдун бекеринен айтылбаганына чынында эле ишенгендей болдум...

Кылымдардын касиеттүү өзөгүнө айланган көөнөрбөс элдик Сөздүн сырын өз көөдөнүнө уюткудай кармап, байыркы кыргыздын обондуу поэзия-сын Сөзгө айландырган, «Манастын» айтуучусу ошол күнү, ошол маалда Асманды удургутуп, кулак тундурган жаңырык кошуп, табышмактуу жанданышына себепкер болду.

Ошол окуянын күбөсү болгонума курсант болуп, сыймыктанам...

28.09.2025

Катталуу зарыл

1

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.