СОҢ-КӨЛ

Элдик оозеки чыгармачылык

СОҢ-КӨЛ

 

Ашуусу бийик бел Соң-Көл,

абасы суусун кандырган.

Алда кандан жер Соң-Көл,

тоолорун бар Кумбелден.

Толуп жаткан кең Соң-Көл,

аянтында жайлаган.

Ар түрдүү колхоз эл Соң-Көл,

оюн-шоокко ылайык.

Ортондо чалкар көл Соң-Көл,

Топтоп кийик жанылса.

каз өрдөгүн жайнаган,

Канаттууга бай Соң-Көл.

Колхоздун малы жайылса,

Кадимкидей жай Соң-Көл.

адамдын көөнүн ачканга,

Ар түлүгүн шай Соң-Көл.

камчы-черди таркаткан,

Кандай сонун ай Соң-Көл.

айлана тоонун башында,

Агарган мөнгү кар Соң-Көл.

Адырдан куюлган сууларын,

Абыдан тунук шар Соң-Көл.

Ит агытып куш салса,

илбесинин бар Соң-Көл.

Күлүндөп өскөн ар түрдүү

гүлдөрүн сонун кең Соң-Көл.

Каз, өрдөгүн чурулдап,

өнөрү сонун кең Соң-Көл.

Калкылдап көлдүн үстүндө,

Жүргөнү сонун кең Соң-Көл.

күрдөөлдү жайнап эл консо,

Түрлөрүң сонун кең Соң-Көл.

Аптабы жок, эң салкын,

күндөрүң сонун кең Соң-Көл.

Көк кашка болгон туп-тунук,

сууларың сонун кең Соң-Көл.

Көлүңдү бойлоп отоого,

кууларың сонун кең Соң-Көл.

Семирип сени жайлаган,

малдарың сонун кең Соң-Көл.

Сексен жаш жашап мал баккан,

чалдарың сонун кең Соң-Көл.

Секиртип тайды үйрөткөн,

балдарың сонун кең Соң-Көл.

Атактуу курорт болбогон,

арманың бар кең Соң-Көл.

Ашыкпаган ооруга,

жардамың бар кең Соң-Көл.

Кып-кызыл болгон бетеге,

туланың сонун кең Соң-Көл.

Ашып барчу бел-белде,

Уларың сонун кең Соң-Көл.

Адырда жүктөй жыйылган,

таштарың сонун кең Соң-Көл.

Айлана көлдүн жээгинде,

саздарың сонун кең Соң-Көл.

Сазда ойногон түлкүңдүн,

качканы сонун кең Соң-Көл.

Кара кунас, кууларың

ошолорго уу кылган

жаштарың сонун кең Соң-Көл.

Инв. №350. Тянь-Шань облусунан жыйналып алынган фольклордук материалдар. 15.06.1945-ж. Которгон: Мураталиев М. Жазып алган: Урманбетов М.

 

 

05.06.2026
1

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.