ЭЛДИК ЧЫГАРМАЧЫЛЫК
ТАЛЫМ КЫЗ МЕНЕН КӨБӨКТҮН АЙТЫШЫ

Талым кыз:
— Адамзат пендеси,
Сүйгөн нуру не болото?
Асман менен закымдап,
Жүргөн нуру не болото?
Аркасинда тунарык,
Кирген нуру не болото?
Асман, жерди жаркыткан,
Ачык нуру не болото?
Асман, жерди бүркөгөн,
Сасык нуру не болото?
Асман, жердин зыйнаты,
Канык нуру не болото?
Эл ортосун ынтымак,
Кылган нуру не болото?
Бир ордуна кебелбей,
Турган нуру не болото?
Талымдын тартпа домогун,
Таба салгын жомогун,
Менин атым — Талым кыз,
Ченеп мага жологун.
Көбөктүн жообу:
– Адамзат пендеси,
Сүйгөн нуру таң болото,
Асман менен закымдап,
Жүргөн нуру ай болото,
Аркасында тунарык,
Кирген нуру түн болото,
Асман, жерди жаркыткан,
Ачык нуру күн болото.
Жер-асманды бүркөгөн,
Сасык нуру туман оа дейт.
Жер-асманды жаркыткан,
Анык нуру жылдыз дейт.
Эл ортосун ынтымак,
Кылган нуру жакшы сөз.
Бир ордуна кебелбей,
Турган нуру убада,
Таптымбы, Талым, сөзүңдү?
Келтирдимби, кезиңди?
Аптыкпагын, Талым кыз,
Ачмак болдум көзүңдү!..
Талым кыз:
— Жер сиңип кеткен жети атан
Ал эмне Көбөк чоң?
Жерди жемире баскан чал буура,
Ал эмне Көбөк чоң,
Желини сүттүү куу инген,
Ал эмне Көбөк чоң?
Жез буйлалуу нар тайлак,
Ал эмне Көбөк чоң?
Оргочордон от күйөт,
Ал эмне Көбөк чоң?
Ысыккөлдө это үрөт,
Ал эмне Көбөк чоң?
Жан бүткөндүн баарынан
Каргыш алган ким болото?
Жанга залал кылбастан,
Алкыш алган ким болото?
Түйүлгөндүн түйүнүн,
Чечип турган ким болото?
Күндөп-түндөп токбой,
Көчүп турган ким болото?
Сөөгүңдү ысытып,
Эзип турган ким болото?
Көбөк:
— Жер сиңип кеткен жети атаң —
Жети атабыз эмеспи!
Жерди жемире баскан чал буура –
Түп атабыз эмеспи!
Желини сүттүү куу инген,
Өз энебиз эмэспи!
Жез буйлалуу на тайлак —
Карындашим эмемпи!
Оргочордон от күйсө,–
Эки көзү жайнаган,
Ысыккөлдөн ит үрсө,
Бака болото чардаган.
Жан бүткөндүн баарынан,
Каргыш алган карышкыр.
Жанга залал кылбастан,
Алкыш алган байкуштар.
Түйүлгөндүн түйүнүн,
Чечип турган чечендер:
Күндөп-түндөп токтобой
Көчүп жүргөн санаа дейт.
Сөөгүңдү ысытып,
Эзип турган бала дейт
Талымкыз:
— Узун, узун, узун жол,
Учун билген ким экен?
Күндөп-түндөп жүгүрүп,
Аянбай жүргөн ким экен?
Алыс менен жууктун,
Ченин билген ким экен?
Ачуу менен таттуну,
Даамин таткан ким экен?
Кара сууну кайнатып,
Каймак алган ким экен?
Может төгүшкөн душманды,
Жакын кылган ким экен?
Кайраты бар адамды,
Баатыр кылган ким экен?
Оолуктуруп адамды,
чеченский кылган ким болото?
Ойдо жокту ойлонтуп,
Кесел кылган ким болото?
Мүңкүрөтүп адамды,
Карып кылган ким болото?
Мууну-жүнүн бошотуп,
Арык кылган ким болото?
Кызыл жүзүн оңдуруп,
Сарык кылган ким болото?
Көбөк:
-Узун жолду узартып,
Учун билген кербенчи.
Күндөп-түндөп жүгүргөн,
Аянбаган мергенчи.
Алыс менен жууктун,
Ченин билген базарчи.
Ачуу менен таттуунун,
Даамын таткан казанчы.
Кайраты бар жигитти,
Баатыр кылган эл болото.
Оолуктуруп адамды,
чеченский кылган тил болото.
Ойду жокту ойлотуп,
Кесел тылган жин болото.
Күңгүрөтүп адамды,
Карып кылган ургаачы.
Муун-жүнүн бошотуп,
Арык кылган убайым
Кызыл жүзүн оңдуруп,
Сарык кылган бересе.
Жана сөзүң бар болсо, Жобун
беременна нече.
Талым кыз:
— Куу ылаачын теппеген,
Кулдуюп жерге түшпөгөн
Кууда бүтүн бар бекен?
Кара ылаачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн,
Казда бүтүн бар бекен?
Башынан алыш албаган,
Таш оодарып салбаган,
Сууда бүтүн бар бекен?
Качырганын кайсаган,
Иттин чоңу бар бекен?
Качырганын куткарбас,
Куштун чоңу бар бекен?
Көбөк:
–Кулдуюп жерге түшпөгөн
Кууда бүтүн бар бекен?
Кара ылаачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн,
Каздан бүтүн карлыгач.
Башынан алыш албаган,
Таш оодарып салбаган,
Суудан бүтүн Ысыккөл.
Качырганын кайсаган,
Иттин чоңу кумайык.
Кармаганын куткарбас,
Куштун шери буудайык.
Каргашалуу Талым кыз
Ушул кимге ылайык?
Талым кыз:
Тим жүрбөстөн сөзүң
Тийиштик кылдым өзүңө
Күнөөм болсо–кечкин деп,
Күрмөгөн жибиң чечкин деп,