Жапарали ОСМОНКУЛОВ:
Эр Төштүк
Элемандын Төштүгү кашкая күлүп, жай-жарагын белендеди. Калайык ыйлап, жалпы ыйлап, алыскы сапарга аттандырды.
– Элемандын Төштүгү биздин бактыбызга туулган эр эле. Калайыктын баарына калап койгон чеп эле. Аны айгайлашкан эң кыйын чууга салып көрбөдүк, же чаң-тополоң аламан дууга салып көрбөдүк. Арка-жөлөк кылып Төштүктү, же кан көтөрүп албадык!
– Бир кудай билет, ал өгөөнү аман-эсен таап келээриңди. Атаңдан азап кеп уктук, журтта калган өгөөнү жалаңкыч алды деп уктук. Бу да болсо Төштүктүн маңдайына жазылган шору окшойт, – деп, эли-журту чуру-чуу түшүп кала берди.
Айтылган кепти кенебеди, айткандардын баарысын бучкагына теңебеди, эр Төштүк. Бирок намыс кылбай бир гана колуктусу Кенжекенин айтканын бүт аткарды. Агыны катуу суу чыкса көпүрө болгон, урушуп калса найза болгон касиеттүү саканы унутпай жан баштыгына катты. Суусаса суусун кандырган, курсагы ачса тойдурган, миң жылга жетер күлазык салынган кол башындай ак баштыкты алды. Катындын аты дебестен, Чалкуйрук тулпарды минди, мээр чөптөн жасалган күлазыгы бар ат жабууну алды. Катындын тону дебестен, Чайыңги кылторкосун кийди, алтын саптуу Наркескен кылычты байланды.
– Келесиңби, жоксуңбу, аны бир кудай билбесе, эч ким билбейт, ардагым Төштүк. Сенден боюмда калды. Сен жети жылдан кийин келээриңди биз билебиз. Ошончо жыл күйөбүз, ошончо жыл чыдап күтөбүз. Чаар инген менен Актулпар үчөөбүз чарчабай күтө беребиз. Сапарыңдан кайтып, бизди аман көрсөң, ошондо төрөйүм! – деп колунан коркурата бек жыттап, кала берди, керемети күч Кенжеке колуктусу.
Төштүк калың кыргыз журтунан алыстаган сайын талаа-түз, адыр-тоо ээндей берди. Көп жол басты. Бир убакта көз чаптырса тоонун башы көрүнбөгөн, талаанын учу билинбеген капчыгайдан чыгып, бетегелүү түзөңгө бет келиптир. Кайда экенин биле албай, теребелди таңгала карап турду. Ошондо эр Төштүккө бугудай мойнун буруп, Чалкуйрук адамча сүйлөп кайрылды.
– Эрдиги бар, эси жок Төштүк, дагы эле эчтемеден ишиң жоктой капарсызсың. Айбан да болсом менин тилимди ал, албасаң чымындай жаның чыркырап кетет. Себеби мен туйганды туйбадың, мен билгенди билбедиң. Бир аз бассаң түбү терең орго кез келесиң. Анын ээси – жансыз соку ат минген, сокбилекти камчы кылган жети баштуу желмогуз. Кыз көчүрүп келатканда, атаң суудан өпкөнү көрүп балакетке калыптыр. Жети баштуу желмогуздун айтканына көнүп, өгөөнү Кенжекеден алып, ага берип коюптур. Ошондуктан, ал желмогуз кемпир сени атайын жолуңдан тосуп чыгыптыр. Мен азыр сени ошо кемпирге алып барам. Ага барганда айрыкча кыраан бол, адамдан артык акылгөй бол, Төштүк. Мен өгөөгө жакын турам. ”Арбаңыз, кандай турасыз, эне киши?”– деп салам айт. Ал: ”Шүгүрчүлүк, бала киши. Өзүң кайда жөнөдүң? Эмне жоготтуң, жоолаганың ким? Ошодон жобурачы, балам”, – дейт. Сен: “Жоготконум бир нерсе, жоолаганым бир неме. Мен эр Төштүк деген болом. Эне өгөөнү алып бериңизчи”, – де. Ал кайрадан: “Турсам, отура албайм, отурсам тура албайм, балам. Белим бекчейип, эки көзүм чекчейип өзүм араң турам! Мени кыйнабай, өгөөңдү өзүң эле ала кой”, – деген жообун берет. Сен дагы көп маалкатпай: “Мен дагы аттан түшсөм мине албайм, себеби күч-кубатым аз. Өзүм томолой жетиммин. Өзүңүз эле өгөөнү алып бере салыңызчы, энеке!”– дегин. Ошондо кемпир жакшылыктуу амал таппай тырышат. Кымыз куйган чаначтай дардаят, эки бети мантаят. Сен жөн турба, кебиңди минтип улант: “Энеке, жети күн жердин астын, жети күн жердин үстүн чалыпсыз. Ошентип, аалам жердин баарын кыдырган жортуулуңуз мол болсун. А Көкмончок менен Акмончок кыздарыңыз эмне кылып жүрөт артыңызда!?”– де. Ошондо кемпир чочуп кетет да, мындай дейт: “Аапи-ий, татай-көтөк, эси жок кыздар бул жактабы? Алар бул жакта эмне кылып жүрүшөт? Балким эл кыдырып, эр издеп жүрүшпөсүн, эси жоктор?” – деп, артына кылчая караганда, коломтодогу өгөөнү ала коюп, чү койбой жаның жокбу, – деген акылын айтат, Чалкуйрук.