Жеңижок менен Нурмолдонун айтышы
элдик чыгармачылык
Молдо десем акындай.
Кайран ырды кордобой,
Адебиң менен нары кайт!
Же, жакын болсоң кудайга,
Жардам кылып кедейге,
Суракчыга жооп берер,
Бой тумарын жазып бер,
Бал китебиң ачып бер?
Даана сүйлөп чындыкты,
Далил менен айтып бер?
Көзүң менен көрбөсөң,
Кеп периште чогулган,
Кеңешинде жүрбөсөң,
Кереги жок жалгандын,
Кезегимди кайтып бер?!..
деп Нурмолдодон жооп күтүп калат. Нурмолдо: «Бул окумал бала экен, мен женилдим!» дейт. Эки жеңи карысынан чолок күрмө кийип ырдаган Өтөнү биринчи көргөн эл: «Атаңдын көрү оой! Бул жалмаңдаган ыраса жени жок эме экен го! Жеңижок бала жеңди, Жеңижок! дешет. Ушул айтыштан кийимине карата Жеңижок атыккан Өтө жолдоштору менен базардан чыгып кетишет.
Ушул эле пикирди атактуу Калык Акыев да өзүнүн «Мени Жеңижок чакыртыптыр» деген эскерүүсүндө дагы жазып калтырган.
Бул кабар Кербендин чайканасында палоо бастырып, жеп отурган Авлетимдик Сулайманкул даткага угулат. Ал жигитине Жеңижокту таап кел деп буюрат. Ал Жеңижокту таап келет. Учурашкандан кийин, Сулайманкул датка Жеңижокту ырда дейт.
Жеңижок бир эт бышымдай убакыт ырдайт! Акындын талантына тен берген, баа берген Сулайманкул Жеңижоктун Кара-Суудан бирге келген жолдошторуна карап: Жеңижоктун атын Кара-Сууга үйүнө алып кете бергиле! Мен Жеңижокко башка тандап ат мингиземин Баялы бий менен Садырга менден салам айт» деп жөнөтүп иет экен. Ошентип, Сулайманкул датка өзүнүн айылы Авлетимде бир жумадай ырдатып жүрүп, айткан экен, Жеңижокко: «Бали, Жеңижок, балам, каалаганыңды айт? Алакандай Аксы ачсам алаканымда, жумсам уучумда, келинби, кызбы, калыңы менден үйлөп коёюн!»
дептир.
Ошондо Жеңижок: «Аркыттан Көксулуу деген кыз менен сөзүм бүтүшүп калды эле» аркыттык Артыкбай дүнүйө, күч, бийликке салып менден тартып келиндикке баласына алып берди, ошону алып берсеңиз» дептир. Сулайманкул датка сөзүнө туруп, Көксулууну Жеңижокко тартып алып берип коёт, айтканындай Артыкбайдын баласына башка бир байдын кызын тандап алып берип, калыңын өзү төлөгөн экен. Ошентип, Жеңижок көптөн көксөп жүргөн Көксулуусуна жетип, Кара-Сууда туруп калат.
Жергиликтүү Баялы бий өзүнүн жеринен жер бөлүп берип (коңшу болуп) там салдырып, бак тиктирип бериптир. Ал жерди азыр да «Өтөнүн ыраваты» дешет, азыр ал жерде Жеңижок атындагы орто мектеп салынган.