Жеңижокту жоктоо

Токтогул Сатылганов

Жеңижокту жоктоо

Ак тулпар элең желеде,

Ак шумкар элең чегеде,

Ак тулпар кетти желеден,

Ак шумкар учту чегеден

Эми, туулбайт сендей пендеден!

Көк тулпар элең желеде,

Көк шумкар элең чегеде,

Көк тулпар кетти желеден,

Көк шумкар учту чегеден

Эми, жаралбайт сендей энеден!..

Бедеси белден кара жер,

Медерим эле кайран эр,

Тулады белден кара жер,

Туйгунум эле кайран эр!

Асылым Өтө өткөн соң

Ай тийген тоолор кылайып,

Армандуу турам муңайып.

Күн тийген тоолор кылайып,

Күлүстөн Өтө кеткен соң

Күйүттүү турам муңайып.

Күмүштөн сомум бар эле,

Күйгөнүмчө бар эле,

Алтындан сомум зар* эле,

Айтканымча бар эле!

Тобурчак аттын дулдулу,

Топ жыйындын булбулу,

Аргымак аттын дулдулу,

Ак калпак элдин булбулу!

Долононун учунан

Толгонуп чыккан уюлу,

Түптүү кыргыз журтунан

Таңшып чыккан булбулу.

Карагайдын учунан

Кайрылып чыккан уюлу,

Калың кыргыз калкынан

Какшап чыккан булбулу.

Телегейи тегизим,

Теңтушумдай эгизим,

Атка минсе тизгиндеш,

Аттан түшсө тизелеш,

Кеп сүйлөсө сабакташ,

Табак тартса табакташ.

Акындар менен бир жүргөн,

Акындар туруп не деген?

Ак таңдай акын сиз деген!

Чечендер менен бир жүргөн,

Чечендер туруп не деген?

Белгилүү чечен сиз деген!

Карчыга кушту качырдым,

Кара бир белди ашырдым,

Кадырман Өтө досумду

Кара бир жерге жашырдым.

Турумтай кушту качырдым,

Туура бир белди ашырдым,

Туйгунум Өтө досумду

Топуракка жашырдым.

Орошон акын Өтө эле,

Оң менен Солго тең эле,

Арыстан акын Өтө эле,

Агылган ырдын кени эле!

Айтканымча бар эле

Алтын, дилде, зар эле.

Күйгөнүмчө бар эле

Күмүш, дилде, зар эле!

Алтыным күйсө күйсөчү,

Асылым Өтө жүрсөчү.

Күмүшүм күйсө күйсүнчү,

Күкүгүм Өтө жүрсүнчү!..

 

Аргымакка жем берген,

Ар акынга дем берген,

Тобурчакка жем берген,

Топ акынга дем берген.

Кашкардын тоосун күн чалды,

Кайберен чыгып үн салды,

Кайрылгыс кетип Жеңижок,

Кайманалуу күн калды.

 

Букардын тоосун күн чалды,

Буудайык чыгып үн салды,

Бурулгус кетип Жеңижок,

Муңга толгон күн калды!

Толгонуш тоону айланып

Тоо жаркырап күн чыгат.

Туйгунум, Өтө, жан досум

Топ элден сендей ким чыгат?

Айланыш тоону айланып

Ай батканда күн чыгат.

Асылым, Өтө, жан досум

Эми, аймактан сендей ким чыгат?!

 

Калкка барса кадырлуу,

Капшытка төшөк салынуу.

Элге келсе кадырлуу,

Энчилеп төшөк салынуу.

Караны минсе дабыштуу,

Калкка кеби жагыштуу.

Эликсур минсе дабыштуу,

Элине кеби жагыштуу.

 

Саралалуу сан жылкы

Сайга айдаса, келиш жок.

Сардалым Өтө өтүптүр,

Сан какшасам, келиш жок.

Көк алалуу көп жылкы

Көлгө айдаса, келиш жок.

Көкжалым Өтө өлүптүр

Көп какшасам, келиш жок.

 

Аргымак минип бел ашкан,

Ар акынга сын айткан,

Тобурчак минип бел ашкан,

Топ акынга сын айткан!

Карайган тоонун боорунан

Карчыга учат бой салып,

Жашырылган жерине

Бара албаймын жол салып,

Кара жердин алдынан,

Жан досум, ала албаймын кол салып!.

Керегелүү кең үйдү

Кең чалдыбар дедиңби?

Керегесиз кара жер

Кең сарай үйүм дедиңби?

Босоголуу боз үйдү

Боз чалдыбар дедиңби?

Босогосуз кара жер

Боз сарай үйүм дедиңби?

 

Карарган тоонун арасын

Кулжалар оттоп жол кылган.

Калк акыны Өтөнү

Кайгылуу өлүм жок кылган.

Агарган тоонун арасын

Аркарлар оттоп жол кылган.

Асылым акын Өтөнү

Армандуу өлүм жок кылган.

 

Кер жорго миндиң сулуу деп,

Кер ичик кийдиң жылуу деп,

Кайран жаның өткөн соң

Кер жоргоң оозу тыйылды,

Кер ичик жүккө жыйылды,

Сур жорго миндиң сулуу деп,

Сур ичик кийдиң жылуу деп,

Асыл жаның өткөн соң

Сур жорго оозу тыйылды.

Сур ичик жүккө жыйылды,

Эми кер ичик калды кийилбей,

Кер жорго калды минилбей,

Кейишке салып кетти деп

Көпчүлүк калды түңүлбөй.

 

Сур ичик калды кийилбей,

Сур жорго калды минилбей,

Сумсайтып бизди кетти деп

Көксулуу калды түңүлбөй.

 

Чаппай атым чаалыгат,

Чакырбай доошум карыгат,

Арманым айтып болгуча

Келген мейман зарыгат.

Куш келиптир мейманың,

Жан досум, кушубак болсун арбагың!

 

Ат куйругу кыл экен,

Акыры пенде шул экен,

Туу куйругу кыл экен,

Түбөлүк пенде шул экен!

 

Кеткендер анда, биз мында,

14.10.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.