Мейкин

Алыкул – Ата Журттун акыны

Мейкин

Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов акын, котормочу жана драматург Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган “Алыкул – Ата Журттун акыны” эл аралык фестивалын ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик катчы фестиваль кыргыз адабияты үчүн гана эмес, жалпы түрк дүйнөсү үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи.

“Алыкул Осмонов – улуттук поэзияны эл аралык деңгээлге чыгарган залкар акын. Анын мурасы – жаштар үчүн баалуу руханий жол көрсөткүч. Бүгүн бул жерде чогулган ар улуттун өкүлү – акындын чыгармачылыгы дүйнөлүк деңгээлде таанылгандыгынын айкын далили”, — деди Иманкулов.

Иш-чарага ошондой эле Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана башка өлкөлөрдөн келген акындар, жазуучулар жана илимий интеллигенция өкүлдөрү катышты.

Фестивалдын программасында поэзия кечелери, китеп көргөзмөлөрү, илимий конференциялар камтылган. Анын алкагында акындын лирикалык ырлары жана башка чыгармалары талкууланды.

04.10.2025

Катталуу зарыл

1

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.