Азаттык
Кыргыз адабиятындагы аялдардын орду

- Дүйнөлүк адабиятта кыз-келиндер салган чыйыр бар да. Биздин адабий курста окуп жаткан акын-жазуучу кыздар эмнени изилдеп, жазууну каалайт?
Үмүт Култаева: Мен буга чейин ушул эле “Азаттыкта” кыргыз поэзиясында аялдар активдүү ролду ойноп жатканын айткан элем. Дүйнөлүк адабиятта деле, биздин улуттук адабиятта деле аялдар активдүү. Мунун себеби, адабияттын табияты менен аялдын табиятынын шайкештигинде. Аял сезимтал, эмоцияларга бай, психологиялык жактан абдан аялуу жан, адабият дагы ошондой аялуу баалуулук. Мен курстагы кыз-келиндер жаман көрсө да “Сүйүүңөрдү айтып бүттүңөрбү? Андан башканы да ойлонгулачы, мисалы, мекенге болгон сүйүү, кыргыз жеринин улуулугу, сулуулугу, элдин нарктуулугун” деп айтып жатам. Күлүп калышат. Элүүдөн өткөн бир калемгерибизге “Ай, сен качанга чейин өбүлө элек эриндерим деп жүрө бересиң? Токтот эми, эриндериңди” дедим. Биз азыр мекен темасын ойготушубуз керек. Анткени, кыргыздын улуулугу анын кылым карыткан тарыхында. Мекенге өзгөчө мамиле жасагандыгы менен эл болуп сакталып келе жатат да. Алтынай мына ушул теманы колго алып жатат. Башка кыздарыбызда да ушундай демилгелер бар.
Алтынай Ормотоева: Кесибим боюнча саясат талдоочумун. Адабияттан алыс окуу жайда жогорку билим алгам. Бирок кыргыздардын көбү чымындуу келет окшойт. Ыр жазып жүрдүм. Анткен менен бул тармак мага чытырман токойдой эле сезилчү. Адабият эмне экенин билүү үчүн курска тапшырдым десем болот. Азыр адабий чөйрөнүн арибин жаңыдан таанып жатам. Мурда ыр жазып жүрсөм, азыр прозага кызыгуу ойгонду. Өзүм Хемингуэйдин чыгармаларын жакшы көрөм. Ошонун таасириненби деңиз жөнүндө ырларды көп жазчумун. Азыр уктасам да, турсам да “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору оюман кетпейт. Өзөккө кайттым десем болот. Төлөгөн Касымбеков менен Чыңгыз Айтматовду кайра-кайра окуп жатам. Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөтүн” канча окусам да сиңире албай жаткан кезим. Менин көз карашымда ал башкача чыгарма. Ар бир сүйлөмүн окуган сайын муну кантип тапкан, кантип жазган деген ой туулат. Азырынча котормого кирише элекмин. Котормо чалкып жаткан океан эмеспи, даяр болбосоң жакшы чыгарманы бузуп алышың мүмкүн. Окурмандын, өзүңдүн алдында жоопкерчилик бар дегендей.
Үмүт Култаева: Алтынай жөнүндө бир-эки ооз сөз айта кетейинчи. Биздин курстагы активдүү окуучулардын бири. Сөз байлыгы күчтүү, тили жатык. Азыр прозалык жанрдагы бир нече эмгеги бар, биз аны талкуулап жатабыз. Аңгемеси, эссеси бар, повесть баштап жатат. Бирок, баары бир билим керек. Дагы бир жыл окуйт. Буюрса, мен ушул кыздан мыкты калемгер чыгат деп үмүт кылам.
- Азыр аялдарга жана балдарга карата зомбулук күчөп кетпедиби. Же болбосо экологиялык көйгөйлөр бар дегендей. Ушуларды жазуу ниетиңиз барбы?
Алтынай Ормотоева: Мен сүйүү темасына көп кайрылбайм. Эки жылдан бери 1937-жылдагы репрессия темасына кызыгып, архивдерден караштырып, изилдеп жүрөм. Ушул теманы көтөргүм келет. Баштап жатам, бирок жүрөксүнүп да турам. Азербайжанга барганда көрдүм, аларда репрессия болгондордун жаткан жери эс алуу жайларынын катарына кирет экен. Балдарын жетелеп кирип, эс алгыча тарыхтан кеп салат экен. Ошондо менде бизде эмнеге мындай эмес деген ой туулган. Балдар менен барып эс алчу, ошол эле кезде тарыхты эстетип турган жайлар жок. "Ата-Бейитте" жаткандардын баскан жолу мен үчүн чоң тарых. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалы кимдердин каны менен түптөлгөнүн жазып калтырууну моюнубуздагы парз деп билем. Ушул теманы ачып беришибиз керек.
- Дабыт мырза, азыр китеп дүкөндөрүндө корей, жапон аял жазуучуларынын чыгармаларын көрүп калам, бирок кытай аял жазуучуларынын чыгармаларын көрө да, окуй да элекмин. Деги эле алар кандай чыгармаларды жазышат?
Дабыт Абдылбары уулу: Адабиятта жынысына карабай, ар ким өзүнүн деңгээлине жараша жазат. Кытай адабиятында аял жазуучуларынын да орду чоң. Анын ичинде Чжан Айлин (Эйлин Чанг) деген жазуучу болгон. Анын чыгармаларынын негизинде көптөгөн көркөм тасмалар тартылган. Бирок ондуктун ичине кирген кытай жазуучуларын карай турган болсок, алардын катарында аял жазуучулар жок. Бирок аялдар арасынан чыккан күчтүү акындар бар.