АКАДЕМИК АБДЫЛДАЖАН АКМАТАЛИЕВ УЛУТТУК РУХАНИЙ МУРАС ЖАНА ДҮЙНӨЛҮК ГУМАНИТАРДЫК ОЙ ЖҮГҮРТҮҮНҮН КЕСИЛИШИНДЕ
Азиз Биймырза уулу
Кыргыз гуманитардык илиминин тарыхында улуттук руханий мурастын тагдырын илимий негизде чечмелеп, аны дүйнөлүк илимий процесстин кең мейкиндигине алып чыккан окумуштуулар өтө сейрек. Мындай масштабдагы илимий миссияны аркалаган инсандар ар бир элде боло бербейт, болсо саналуу гана элде болот. Кыргыз илиминде дал ушундай феномен катары академик, маданий-илимий жана коомдук ишмер Абдылдажан Акматалиев өзгөчө айырмаланып көрүнүп турат. Агайдын илимий ишмердүүлүгү көлөмү менен гана эмес, методологиялык тереңдиги, теориялык жалпылоолору, цивилизациялык ой жүгүртүүсү жана улуттук руханий жоопкерчилиги менен кыргыз гуманитардык илиминде өзүнчө феноменалдуу мектеп түздү. Акматалиевдин эмгектери кыргыз тили, адабияты, фольклору, “Манас” эпосу, түрк элдеринин орток маданий мурастары жана айрыкча Чыңгыз Айтматов таануу багыттары аркылуу улуттук илимге стратегиялык багыт берип, аны дүйнөлүк гуманитардык ой жүгүртүүнүн активдүү субъектисине айлантты.
Илимий дүйнөтааным жана методологиялык синтез
Абдылдажан Акматалиевдин илимий дүйнөтаанымы кыргыз гуманитардык ой жүгүртүүсүнүн классикалык салттарына таянып, ошол эле учурда дүйнөлүк адабият таануунун заманбап методологиялык жетишкендиктери менен органикалык айкалышат. Ал көркөм текстти автономдуу эстетикалык феномен катары эмес, тарыхый, философиялык, этномаданий жана цивилизациялык контекстте караган илимий принципти туруктуу карманып келет. Мындай ыкма анын эмгектерин тар адистик алкактан чыгарып, кеңири гуманитардык синтезге жеткирди. Дал ушунун натыйжасында Акматалиевдин изилдөөлөрү кыргыз адабият таануу илимин дүйнөлүк теориялык деңгээлге жакындатты.
Айтматов таануу илиминдеги Акматалиев феномени
Айтматов - улуттук жазуучудан планетардык ойчулга
Абдылдажан Акматалиев -кыргыз айтматов таануу илиминин фундаменталдуу теоретиги. Анын «Ч. Айтматов жана кыргыз-казак адабий байланышы», «Ч. Айтматовдун чыгармачылык жолу», «Ч. Айтматов жана боордош элдер адабияты», «Айтматовдун космосу – адам жана аалам» сыяктуу эмгектери Айтматов феноменин улуттук чек менен чектебестен, дүйнөлүк гуманисттик ой жүгүртүүнүн контекстинде чечмелеген концептуалдык иштер болуп саналат. Академиктин Айтматов жөнүндөгү илимий концепциясы өзгөчө мааниге ээ. Анда Айтматов: мифологиялык ой жүгүртүүнү модерндик философия менен айкалыштырган, улуттук фольклордук тамырдан чыгып, универсалдык идеяларды жараткан, адам, тагдыр, жоопкерчилик, космос, цивилизация маселелерин көркөм-философиялык деңгээлге көтөргөн ойчул катары каралат. Замандашы академик, мамлекеттик жана коомдук ишмер Осмонакун Ибраимовдун пикири: "Вот, Азиз, наш руководитель мудрый и умный, главный Айтматовед страны и главный Айтматовед Планеты» -Акматалиевдин Айтматов таануудагы планетардык деңгээлин так жана көрөгөч аныктаган пикир болуп саналат. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз эл жазуучусу Арслан Капай уулунун: "Айтматовдун жер бетинде, бүгүнкү күндө биз менен аралашып, басып жүргөн көлөкөсү" - деген мүнөздөмөсү Акматалиевдин илимий миссиясынын руханий маңызын символдук деңгээлде ачып берет.
Докторлук диссертация жана илимий прорыв
1990-жылы корголгон "Ч. Айтматовдун чыгармачылыгынын СССР элдериндеги түрк тилдүү адабияттар менен эриш-аркактыгы" аттуу докторлук диссертациясы кыргыз адабият таануу илиминдеги концептуалдык жаңы этапты баштаган. Бул эмгекте Айтматов чыгармачылыгы түрк тилдүү элдердин адабий процесси менен типологиялык, идеялык жана эстетикалык байланышта иликтенип, анын чыгармаларынын көп улуттуу таасир механизми илимий негизде ачылган. Мындай илимий мамиле Айтматовду “улуттук жазуучу” деген тар түшүнүктөн чыгарып, цивилизациялык масштабдагы көркөм ой жүгүртүүнүн өкүлү катары далилдеди.
III. Манас таануу жана фольклорду цивилизациялык феномен катары чечмелөө
"Манас" текстологиясы жана илимий канондоштуруу
Акматалиевдин илимий мурасындагы дагы бир артыкчылыктуу өзгөчө багыт - Манас таануу. Ал Сагымбай Орозбаковдун (1–9 китеп) жана Саякбай Каралаевдин (1–4 китеп) варианттары боюнча чыккан академиялык басылмалардын башкы редактору жана жооптуу жетекчиси катары “Манас” эпосунун илимий текстологиялык канонун калыптандырууга зор салым кошту. Бул ишмердүүлүк “Манас” эпосун фольклордук эстеликтен илимий цивилизациялык текстке айландырган тарыхый кадам болду.