Макалалар
Макалалар111

Шыбаттуу ным каалгып, ызгаар суук кычырата тиштеген көр түбүндөй караңгы түндө Охот деңизинин узак жээгин бойлото эки табыяттын эзелтен басылбай келаткан өчөгүштүү кармашы жүрүп жатты. Жер деңиздин жүрүшүн тороп көшөрөт, деңиз болбой жерди омуроолоп сүрдүгөт.
Деңиз күркүрөп келип, аска ташка соктугат да, алсырап кайра тартат. Ага чыдап араң турган таштай бекем кара жер өпкө кагып онтоп алат, бирок солк этип козголбойт.
Бул айыгыш күн күндүз болуп туулуп, түн түнкүсү болуп жаралган дүйнөнүн башталышы жок башынан келаткан кармаш. Бу кармаш түбү жок мезгилдин ичинде жер жер бойдон, суу суу бойдон боло бергичекти күнү-түнү боло берчү басылгыс кармаш. Күндүзү күн, түнү түн түбү тешик дүйнөнүн түбүнө чейин жүрө берер кармаш...
Ошентип дагы бир түн уюп турду. Деңизге чыгар алдындагы түн. Бу түнү бала уктай албады. Өмүрүндө алгач ирет уктабады, өмүрүндө алгач ирет баладан уйку качты. Эртерээк күн чыгып күндүз болуп, эртерээк деңизге бой урар учурду эңседи. Нерпа талпакта жатып, ал тыякта деңиз улам соккон сайын жер калч этип, булуңда жалдуу толкундар күркүрөп-шаркырап жатканын сезип-туюп жатты. Түнкү кармашка кулак түргөн бала ушинетип уйку көрбөдү...
Илгерки бир замандарда мунун баары башкача болгон имиш. Ошондо Лувр өрдөк болбосо азыркыдай жер менен суу алпурушпай дүйнө башкача жаралып калмагы бу кезде эч кимдин капарына кирип чыкпайт. Андай болгондо кара жер менен суу минтип өчөгүшпөй калмак окшойт. Ошол башталыштын башында, туулуштун астында табыят деген дайынсыз нерсе жаралып, анын ичиндеги жер түгүл көзгө сүртөр чаң-тозону болбоптур. Төрт тарабы толкуган жалаң суу жаралыптыр алгач. Айлампа терең иримден өзүнөн өзү оргуштап кайнап чыгып, толкугандан толкуп, толкунун толкун кубалап, аягы жок, башы жок, чети менен чеги жок дүйнөгө жайылып кете бериптир.
Ошондо азыр бүгүн да үстүбүздөн каркылдап учуп калчу кадимки өрдөктүн умай энеси Лувр өрдөк тукум тубар маалы кыстап, уя салар алакандай кургак жер издеп, дүйнөнүн үстүндө жападан жалгыз учуп калган экен. Дүйнөнүн өйүзү жок аркы чеги, бүйүзү жок бул жээгинен уя салар бир тал чөп таппай айласы кетет. Толгоосу күчөп, байкуш Лувр каркылдап учуп жүрөт, тукум улантар жумурткасын деңиздин түбү жок туңгуюк айлампасына түшүрүп жиберемби деп жан далбастайт. Кайда учуп барбасын, чар тарабы толкуган чексиз суу, кыйыры жок, жээги жок Улуу Суу. Бу жарык дүйнөдө такат алып, уя салар алакандай кургак табылбасына көзү жетип, күдөрү үзүлүп, Лувр өрдөктүн заманасы куурулат.
Айласы түгөнгөн Лувр акырында сууга конуп, саңоор жүнүнөн үзүп, толкун үстүнө уя салган экен. Анан ошол калкыган уядан жер пайда боло баштайт. Аз-аздап жер чоңоё берет, жер бетине аз-аздап ар түркүн жан-жаныбар макулук жарала берет. Бардык макулуктан адам баласы артыкча чыгыптыр, кар бетинде чаңги тээп, суу бетинде кайык айдап, өнөрү өсүптүр, аң уулап, балык кармап, ошону менен күн көрүп, укум-тукумун уланта бериптир.
Жалаң суудан турган дүйнөнүн көкүрөгүнө кургак жер түйүлүп, ал чоңоё берген сайын кыйын кезең заман болорун анда Лувр өрдөк кайдан билиптир. Ошентип жер жаралгандан бери деңиздин тынчы кетти. Ошондон бери деңиз жер менен алпурушуп, жер деңиз менен алпурушуп келет. Эки ортодо адамга кыйын болду. Адам жерге боор басып калганын билген деңиз аны көрөйүн деген көзү жок...
Катталуу зарыл