РУХ ДҮЙНӨНҮН АСМАНЫНДА АЛП ЖАТАТ
Абдылдажан Акматалиев
Гүлсаратым, Аалам үстү чапкылап, –
Ысык-Көлүм, “Ак кемеде” тартылат.
Авдий болсо чындык үчүн күрөшүп,
Христостой дарга тартып, асылат.
“Согушту мен жек көрөм!” – дейт Толгонай, –
Окурманым, кайдыгерден ойгон, ай.
Чыгармалар ошон үчүн жазылат, –
Акча эмес, байлык эмес, китеп бай.
Балам келет ата-энесин сагынып, –
Таятанын жомогунан айыгып.
Орозкулдай пенделикке түшкөндөр, –
Базарбайлар турмушунан чалынып.
Бостон турат Чындыкка орун талашып, –
Танабай да ага жакын, жанашып.
Эдигейим маңкурт атап Сабитти, –
Казангапты көмө албай, жан ачып...
Совет учур жакшы мезгил, кача албайм, –
Ал убактай Бийиктикте жана албайм.
Ошентсе да Эгемендик мен үчүн, –
Жан дүйнөмдүн Эркиндиги – тана албайм.
Тоо кулады, – тоолор эмес ойлогон, –
Абийир болчу... адамдардан кордолгон.
Адамзатың бардыгына кайдыгер, –
Бүгүн күнү замана тур, оордогон.
Ата-Журтум, элим үчүн жашагам, –
Кыргыз атын таанытууну самагам.
Өмүрүмдө аткарылып тилегим, –
Элдер болду кыргызымды баалаган.
Эсиңерде болсо керек “Форумум”, –
Тынчтык каалап Жан дүйнөмдө оорудум.
Аппак карлар курчап турса үстүмдө, –
Эл-жеримдин ынтымагын жорудум...
Бар бол, элим, сен деп кылдым кызматым, –
Кечиргиле, кеми болсо бир татым.
Баарыңарга рахматым бар азыртан, –
Кудай айтса, “жолугарбыз”, жүз жашым...
23.01.2026, саат 18.10–19.43
Чыңгыз Айтматов атындагы адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев
PS.: Чыңгыз агайдын сүрөтүн карайм. Телмирет... Унчукпайт... Дагы көптөгөн ойлор, сөздөр катылып турат. Балким, кайрадан кыялымда жолугуп, көздөрүнөн аларды окуп калаармын...
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.