Сагын Акматбекова

Акканындай ага берет мезгилдер, Абалкы кар жаай берет дайыма

Сагын Акматбекова

Алып кетишкен

Балдардын бөлмөсү деп

Аталган палатага.

… Үнүңдү таанычумун жазбай айрып

Тең баштап, тең жарышып, ызылдашып

Ыйлаган көп баланын арасынан.

 

… Күбүлгөн жалбырактар

Күз маалы эле.

 

Мен анда окучу элем Москвада.

 

Күн алыс жамгыр жаачу, булут көччү.

Көзүмө Тверь көчө

Элестечү…

Кетким келчү.

II

… Тоо түбүндө, ойдуңдагы айылда

Бир жапыс там, атакемдин тамы эле.

Ээн-жайкын эшигинин алдында

Сиңдим тиккен бир кара өрүк бар эле.

 

… Туйлап жүрөк кайда ашыктык, ким билет.

Канып-канбай балалыктын ойунуна,

Катар тарап, канат-куйрук бир күүлөп,

Биз учканбыз ошол тоонун койнунан.

 

Тоонун башын туман басса күүгүмдөп,

Ойдуңга тез түшөр эле караңгы…

Өзгөрбөгөн көкүрөктө сүйүүм да,

Муңум дагы ошол тоолор, каралдым!

 

… Бороон-карлуу боорлорунда көмүлүү

Боорлорум көп, а дүйнөдөн жолугаар.

Колдон келсе, алып барып сөөгүмү

Мен өлгөндө, ошол тоого койуңар.

 

Күкүк сайрап, гүл гүлдөгөн кез кана?

Көңүл да аңыз сыяктанат бош калган.

Жакшы кабар угулчудай эрте-кеч

Жапайы каз учуп келчү жактардан.

 

Бул болбосо тигил кырдын артында…

Каяктандыр кыйкуу салат каркыра.

Көрүнгөнсүйт көз уялткан бакты да

Эртеңкинин күндөрүнөн жаркырап.

 

Кыйрын каптап, бойлойт түздү боз чалгын.

Боз чалгындан келет деми жаш кырдын.

Эстебесим басып келер эске алып,

Бул болбосо башка өмүрдө кез бардыр.

 

***

… Үйдөсүңбү, жолдосуңбу? Бир муңдуу

Сен да мендей ойдосуңбу, о досум.

Биз экөөбүз бирге кечкен … ким билди?

Ушул ак кар былтыркы кар болбосун.

 

… Келсек бир кез кереметтүү бу жайга

Кетерибиз анык экен акыры.

Ким эле деп, кайда эми деп сурабай

Мына ушул кар жаай берер акырын.

 

… Жылт-этип жанып туруп жарыктан

Жылдыз сымал учканыбыз мейли эле.

Дил табышса, тил табыша алышпай,

Кадыр-көңүл калтырыштык эмнеге?

 

… Кездер болгон ар бир чыккан күнүбүз

Кем сезилген бирибизсиз бирибиз.

Сен өзүңчө турмуш куруп… Капырай!

Мен өзүмчө жашап эле жүрөбүз.

 

… Жаралган соң жарыкчылык шаарына,

Жанмак да бар, өчмөк да бар баарыга…

Акканындай ага берет мезгилдер,

Абалкы кар жаай берет дайыма.

 

27.12.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.