Алмаш Чойбекова
Байыркы талаада байыркы таш жатат, Байыркы жылдардын күнүнө какталат
БАРАМ САГА
Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде.
Сеңселткен саамайларын ак кайыңдар,
Самашып сагынычымды уккан кезде
Барам сага.
Ширесин карагаттар чачкан кезде,
Ажарын жоогазындар ачкан кезде.
Кучактап бейкутчулук түн коюнун,
Күн сулуу уясына баткан кезде
Барам сага.
Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде,
Ак жамгыр электете төккөн кезде.
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз,
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде
Барам сага.
Гүлдөргө аарыларың конгон кезде,
Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде.
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей,
Алтын ай асмандагы толгон кезде
Барам сага
***
Байыркы талаада байыркы таш жатат,
Байыркы жылдардын күнүнө какталат,
Кээде аны улуган бороон да жалмалап,
Кээда ага армандуу булуттан жаш тамат.
Качанкы каргалар конушат ал ташка,
Эс алат бүркүт да чарчаган кармашта.
Талаанын үстүнөн тизилет турналар,
Бийиктен бириндеп адашып калбаска.
Биз дагы дүйнөдөн кайрылгыс учаарбыз,
Качандыр мүрзөдөн чөп болуп чыгаарбыз,
Жээктей өтүшкөн кийинки урпактын
Өмүрдү даңктаган ырларын угаарбыз.
Шамалга катыгып, ысыкка жылымдап,
Топурак денебиз жуурулса кылымдап,
Калаарбыз айланып ар түрдүү таштарга,
А жамгыр жаш сымал таштарда сызылмак.
Мезгилге кайтарып ал таштар кум болоор,
Кум кайра жер болуп, ал жерге гүл толоор.
Жок болбос бир гана Күн, Жер, Ай, жылдыздар,
Океан чайпалаар, эң көрктүү гүл солоор.
Катмары кен жуткан тоолорду, талааны,
Канча көз тиктеген, тиктеген жаш-кары.
Сандаган кылымды боюна сиңирген,
Анда да күйгүзгөн бул күндүн аптабы.
Билинбей өткөндө жылдардын закымы,
Жандуу да, жансыз да кубулат акыры.
Эскирбей, өлбөй да калат го түбөлүк,
Адамзат өнөрү, даанышман акылы.
….Байыркы талаада байыркы таш жатат,
Байыркы жылдардын күнүнө какталат,
Кээде аны улуган бороон да жалмалап,
Кээда ага армандуу булуттан жаш тамат.
* * *
Аста чайкап акак шоолага,
Ай отурду дөңгө топудай.
Мынча ажайып назик май түнү,
Мынча кооз дүйнө тотудай.
Жанымдагы түрдүү дарактын,
Жашыл седеп жалбырактары.
Махабатка кумар арттыраар,
Майдын түнү, жандын жыргалы...
Кайгым жууган булак жылаажын,
"Кара-Кулжа" өзөн күкүгү.
Суйсалышкан сулуу кайыңдар,
Алда кимди эңсеп күттүбү?!
Кубулжуган булбул үндөрү,
Күүлөрүндөй Паганининин.
Таттуу ойго термелейинчи,
Кыялындай бала күнүмдүн.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.