Евгений Евтушенко

Бактысызмын – болгон үчүн бактылуу, а бактысыз боло калсам – бактым зор!

Евгений Евтушенко

Гүлдөрдү баратсак да белден кечип –

сен менден күлө баккан түр көрбөйсүң.

 

Акыры өзгөрүштөр тур алдымда,

дагы эле не кылышты чолуп боолгойм.

Чаалыгып, колду бер деп сурандың да,

койкоюп колго кирдиң толук бойдон.

 

Алдыда баарысы эми мөлтүр, жаңы,

жана да жапжаш – бизди чакырып шай!

Абайла, көйнөгүңдөн көрдүм ары

көкүрөк келатканын ачылыштай!

 

“Асмандын көкмөктүгүн айтчы деги!

Токойдо толгон куштун ырлары эмне!

А демек… демек… алып барчы мени

сени мен алып бара турган жерге…”

 

 

       В.БОКОВГО

 

“Бур-р” деп тамак туздалган,

булоолоп сүт – жыты урду.

Жайкалган чөп бул саамда

канча баш даам бышырды?!

 

Бетке кызыл нур түш деп,

жатам түндө – күтүүдө.

Тал чөп менен бир түртсөм

жылдыз качып түшүүдө.

 

Бүт унутуп койдум бейм

айдалган жер баштанып.

Сүйгөнүм да дос кимдер?

Күлгөм кимге – баш чагып?

 

Кашка жылдыз, караңгы –

кандай сонун түн ушул.

Маселем жок каламбы –

билбейм бүдүр үлүшүн.

 

Эркелетсе табигат –

мен эркелей электей…

Өпкүлөсө табигат –

мен өбүлө электей…

 

 

              МАША

 

Көл бойлоп кыз басат тез-тез тыңсына,

чалпоо мүнөз, кызарып да кубарып.

Чыгып турат ич дүйнөсү сыртына,

азыр андан аял чыгып тур анык.

 

Жээкке токтоп, тапичкесин чечти эми,

кечти – шуңгуп музыкага киргендей.

Түшүнүгү болсо дагы чектелүү,

шаңкаюуда ай-ааламды билгендей.

 

Эстүү белем. Эссиздик да толуп тур.

Көз карашы жанып көкүл астынан,

жалт деп ылдый тайып – Маша болуп тур,

олуттуу да бакыраң көз, жакшынам.

 

Чоңсунганга чокоюм деп салгандай,

апапакай ничке бала буттары

кызды мага апкелатса тайманбай –

таңдай кургап, тамылжыды бүт-баары.

 

Алыста ушул – эски кайык жанынан

өптүм колун мактангандай, кайраттуу –

эриндерим чыканактан арылай

роза түстүү тырмаккаче барбаспы.

 

Тик чумудум беткап кийип найчалуу,

Маша үстүдө жүргөн сүзүп-талаалап.

Көз айнектен карап аттым канча бир

чырмакталган өсүмдүктү аралап.

 

Көрдүм жашыл чырмакталган дүйнөдө –

коштоосунда суу түбүндө агымдын –

наристе бут калтылдоодо сүрдөнө

апакай бир сабагынча тамырдын.

 

Сүзүп барам багынткандай “тактыны”,

суу түбүндө сүзүп жүрүп таптым жол.

Бактысызмын – болгон үчүн бактылуу,

а бактысыз боло калсам – бактым зор!

 

Не дейм? Апаң чочубасын эгерим,

капа кылбайм өзүм бир көз ирмемче.

Сенден керек – болуш үчүн медерим

эң кичине, анан эң чоң бир нерсе.

 

Үмүтү зор, көксөөсү күч айтылуу

түбөлүктүк, өлүмдү азыр качырбай

карайм тике мөл жүрөгүң аркылуу

деңиздин бир жанган бүдүр ташындай.

 

Которгон: Кожогелди Култегин

21.04.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.