ЖОЛОН МАМЫТОВ

БУЛУТУМ

ЖОЛОН МАМЫТОВ

Үлпүлдөгөн шамалга саамайыңды сылатып,

көк деңизди күрпүлдөк кечип бара жатсың.

Бир четинен дүйнөнүн чуудаларың чубатып

Бир четине дүйнөнүн көчүп бара жатасың.

 

Шиш чокулар тоодогу илип алып кыйлага,

этек-жеңиң тыттырып жулунасың, секетим.

Көз жашыңды көлдөтүп адыр-түзгө жылгага,

Туткундуктан бошондуң, эми кайда кетесиң?

 

Чагылгандар камчысын үйрүп коюп бир жерде,

турушкандыр күтүшүп келээриңди кыйладан.

Була болуп аз туруп, буурул тартып бир демде,

бушаймандап, бук болуп, ыйлаганың ыйлаган.

 

Ый тамакты бууганда ыйлаш керек эчкирип,

сен түбөлүк ыйыңды күлкү менен алмашсаң;

Жашаңдыктын дооруна күтүлбөгөн кеч кирип,

Жашыл, токой жаш гүлдөр, соолубайбы калбастан?

 

Үлпүлдөгөн булутум жамгыр жашын тыйбаган,

кезигем да өзүңө ойдон-тоодон коштошом.

Тагдырыңды акындын жаш өмүрүн кыйнаган

бир жайдары, бирде сур тагдырына окшотом.

 

ЧЫН ЖҮРӨКТӨН СҮЙЛӨШӨЛҮ

Коркпойм десе өлүмдөн ким,

Ал калп айтат, ишенбегин.

Ж.Ж.Руссо

Оозумдан ышкырык чыгат үшкүрүктөй,

көөдөнүмдөн жалын куюлат.

Жан курбулар, өткөн күнүбүз,

баарысынан кымбат туюлат.

 

Биз мезгилди шылдың кылабыз,

ден соолуктуу жашыл куракта.

Кош дешээрбиз чогуу боло албай,

ар кай жерде, ар кай куракта.

 

Бул дүйнөгө келген нерсени

кетпес кылып жасап койсочу.

Белгисиз бир күндүн колунда

кылыч турат бизди мойсочу.

 

Мезгил мынча ылдам учат деп,

карыялар ойлуу сүйлөшөт.

Билем, андай токтоо болууга,

бизди дагы турмуш үйрөтөт.

 

Жаштыктагы жалын күндөрүн,

карыялар тез-тез эскерет.

Жамандыгы ичке катылып

эт жүрөгүн тилет кескилеп…

 

Кармаштарда кандар төгүлгөн.

бул күн бизге оңой келбеген.

Алп жүрөктөр октон быркырап,

аралашып калган жер менен.

 

Келе электе биз бул жарыкка

мойнубузга милдет тагылган.

Бийиктерге алып чыксын деп

биздин жаштык – учкул чагылган.

 

Биз урунган жеңил буюмдар

кыйынчылык менен жаралган.

Үмүт ишке ашып жатпайбы

үлгүлөрү калып алардан.

 

Сактангыла, азиз курбулар,

көңүл чөгүү деген илдеттен.

Колубузда журттун тагдыры,

алдыбызда улуу милдеттер.

 

Каалабаган колун көтөрсүн.

Бирөө, экөө… мында калчулар.

Бөлөгүбүз Мекен буюрса

өлүмгө да ырдап барчулар!

 

ТООЛОР

Ааламда теңдешээри жоктойсуңар.

Жаңырып кыйкырыкты коштойсуңар.

Көк сүзгөн бийик тоолор, силер дале

билинбей кемий берет окшойсуңар.

 

Убакыт үстүңөрдөн жүрүп барат,

күн кайнап мөңгүңөрдү сүрүп барат.

Дайралар чарчоо несин сезишпеген

байкатпай түбүңөрдү үңүп барат.

 

Аз-аздап аралары таарып кетээр,

көмүскө көбүгүнө салып кетээр –

мезгил – бул, дүлөй бүткөн кудурет бейм,

мухитке ташый берип алып кетээр.

 

Антсе да теңдешээри жоктойсуңар,

жаңырып кыйкырыкта коштойсуңар.

Көк сүзгөн бийик тоолор, силер дале

билинбей кемий берет окшойсуңар…

30.09.2025

Катталуу зарыл

1

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.