Рамис Рыскулов
ГЕНИЙДИН ТАБИЯТЫ
СЕРГЕКТИК
Таң эртеңки сергектик турат себилип,
Мапмайда жаан тыбырчылайт акырын,
Жубанам мен, ынанамын кимгедир.
Алыста көгүлтүр мунар кылаят.
Салкын тунуктук жирейт мени.
Тилсиздикте телмирет жашыл арча.
Күбөсү ким ушул кезимдин?
Деп ойлонкурайм далайга.
АЙЫЛЫМ
Толуп ташып дайрадай
Токтолбогон айылым.
Токтоп өтөм сага деп
Толкун жолдон кайрылдым.
Биздин айыл жел айыл,
Жаз келгенде сел айыл.
Түпкүлүгүн ойлосоң
Түгөнбөгон кен айыл.
Көк чыкканда жаңырып,
Дуулдаган айылым.
Заман темпин кубалап
Зуулдаган айылым.
Кызыл жайда кызарып
Кылкылдаган айылым.
Кыз баланын үнүнөн
Шыңкылдаган айылым.
Дайра кирсе кечүүсүз,
Ташкындаган айылым.
Келбетиң сенин көрүүгө
Шаштым дагы айылым.
ТААСИРИМДИ ТУЮШАТ
Ысык-Көлдөй терең болдум
Чөгүп ойго,
Ала-Тоодой бийик болдум
Чыгып тоого.
Үн чыгарсам капчыгайда
Кайта баштап
Жаңырыктар алда кайда
Кайталанат.
Атым мага башын бурган,
Карышкырлар тиги кырдан
Жытым туйган.
Таасиримди беремин
Алыстарга.
Түшүп келем бул турмушта
Жарыштарга.
ЫР ДЕСТЕ
Туйлап көрсүн туйлай элек жүрөктөр,
Бийлеп көрсүн бийлей элек денелер.
Жыргап көрсүн жыргай элек көңүлдөр
Турмуш кандай туу чокуну ашарда.
Гүлдөр кандай баш жөлөшөт жатарда.
Заман бүгүн өпкүлөйт
Жүздөрүнөн балдардын.
Кайда жүрсөм тууган жерим капарда.
Мына, мына мен да кирдим катарга
Сүйлөйм бүгүн аалам тилинде,
Бир башкача ийгиленет.
Куштун тили, гүлдүн тили, бала тил,
Бардык тилдин баркы чоң
Мен үчүн.
Биз баратсак
Шаңкаят алыс аскалар аскарланып,
Көлдөр жатат чалкарланып!
Ырдай электерге
Сунам ырдесте!
ТИЛЕК
Турмуштун сырынбилем деп,
Балыгын алтын илем деп,
Ойлогон элем жаш чакта
Жылдыздуу үйгө кирем деп.
Жетемби деги тилекке,
Умтулам келген илепке.
Жериме мени жеткизип,
Жебелейт сүйүү жүрөккө.
Ашууда жүрүп ой багам,
Кой бакпай эле ой багам.
Үңүлө мага карачы,
Үнүмдү тыңшап ой заман!
ЖАШОО
Мен өмүрдө канча узун
Жол басканым билбеймин.
Кандай кызык ойго чөмдүм
Не айтканым билбеймин.
Жашоонун бир кур өзөнү,
Барат мени агызып.
Эмне айла менен койдуң,
Жүрөгүмдү жангызып.
Ошол түнү, ошол күнү,
Жалын түштү мойнума.
Бул сүйүүнүн элирмесин,
Тартыптыр деп койгула.
Турмуш өзү алыс сапар,
Жол чегүүбү билбеймин.
Бийик аскар көз жетпеген,
Бел ашуубу билбеймин.
Айтып берчи турмуш сырын,
Баяндачы угайын.
Миң бир түркүн сырларыңан,
Даам татып куунайын.
ЭЛИКТИН ЧААРЧЫГЫ
Үйдүн чыгып чатырына
Ыр жазчумун олтуруп.
Эч кимге айтпай ошонум
Кубанчумун.
Ак баракты толтуруп
Эликтин жаш чаарчыгы
Кубалачу бизди аябай,
Там башына чыга качып
Кутулчубуз ай, пай-пай!
Чаарчык болсо чарчоо билбей
Так секирип түйүлчү,
Биз менен ойноп сүйүнчү.
Көп жыл өттү, андан жалгыз
Талпак калды бир гана.
Көп ойду ошол ойлотчу
Болсо туш-туш дүрдана.
Мен студент кезим эле,
Тоонун чыксам башына
Балдардын ичинен мен
Чаарчык үнүн тыңшадым.
Баягы чаарчык элестеп
Ойго баттым ичимен.
Энесин издеп чакырат,
Бейкут жашап ээндикте,
Тоо булагы, тоо чөбү
Абдан жагат эликке.
ЗАМАНАМ
Күн кармап турат колунда
Ай кармайт жана сүрдөбөй,
Дүбүртү бийик заманам
Туралбайт деги түрлөнбөй.
Жаркырактан бүткөнсүп,
Жаркырайт менин заманам.
Ракет минип зуулдап,
Заркырайт менин заманам.
Томурулат түбүнөн,
Тереңдеп сырын билгизип.
Кимдерди бербейт дегеле,
Ойлосом абдан эл кызык.
Мекеним күсөп аялап,
Кучагым ачат ай-аалам.
Алыста күнгө жетебиз,
Талапташ болсо ар адам.
ЖАШТЫК ПОЕЗД
Өтүп барат жаштык поезди
Бир күнү мен калам секирип.
Мына, менин тоскон өзөнүм –
Бала күнүм койгом кечирип.
Мен турмушка али жетпедим,
Сүйгөнүмдүн бетин өппөдүм.
Бир максаттын жүрүп соңунан,
Билбептирмин мезгил өткөнүн.
Деги канча аян бергенсиң
Сен күткөнсүп, көзүң жалжылдап.
Алыс жакка оттор жагасың
Жетпей келем жүрүп ай-жылдап.
Зуулдап барат жаштык поезди
Кетип барат кеткен жолунда…
Токто, менин элпек жаштыгым,
Каналекмин сенин ойнуңа!