СЕРГЕЙ ЕСЕНИН
ПЕРСИЯ КАЙРЫКТАРЫНАН
Жылуулуктан муздагандай селкилер,
Жылдыздардан далдаланат эмнеге?
Же көбүрөөк сүйсүн үчүн бекинер,
Жектейт белек абага өңүн желдесе?
Жылдыздардан корунушат эмнеге?
Үлбүрчөктө солуйт аял көркөмү,
Үйрөнүп ал, жашоо жайын, дилбарым.
Ансыз деле өмүр кыска, өлчөлүү.
Аз татабыз ашыглыктын жыргалын,
Айтканымды эсиңе тут, дилбарым.
Өңү сертке бербесе да үзүрдү,
Өз үлүшүн куп талашат дүйнөдөн.
Андан болсо сенин айдай жүзүңдү,
Айып болор үлбүрчөккө бүркөгөн,
Акыйкат бар акты серттен иргеген.
Абазданат лола гүлдөр жайнаган,
Алаксытат бөлөк өлкө кайрадан.
Ыраа тутсаң, асыл сулуум аз-аздан…
Ырдап берем Хаёмдо жок, казалдан,
Ыракат тапсын лола гүлдөр жайнаган.
* * *
Чалкып барат муңайыңкы алтын ай,
Чарбактагы гүлзарларга ким тойбос.
Араласаң сейилдикке жакшы жай,
Асманы көк, ынак өлкө меймандос.
Багдад азыр бул замандан алыста,
Баралында Шахрезада даңктаган.
Жылас болгон жарык дүйнө ал кызга,
Жылаажын бак үнүн баскан капкачан.
Ал элестер калган эски жайында,
Аң-дөң болгон бейиттерди чөп баскан.
Эй, жолоочу, арбактарга табынба,
Эмне пайда сыйынуудан, көз жаштан?
Абайласаң көңүлгө чак теребел,
Айкалышып роза сорот эриндер.
Касың менен жүрөктөшүп келе бер,
Кадыр-сыйга бөпөлөнсүн өмүрлөр.
Сүйө билсең, сүйдүрө бил ар качан,
Сүйгөнүңдүн жытын искеп дуула да.
Арбактарга сыйынууну кааласаң,
Ал уу менен тирүүлөрдү уулаба.
Шахрезада так айтыптыр себебин:
Шак мөмөлөйт, балы балга өтүшөт.
Бул дүйнөдө энчиси жок неменин
Жоктугуна аёо кылуу жетишет.
1925
* * *
Хороссанда далай укмуш эшик бар,
Гүл төшөлгөн босогосу бийик баа.
Анда жашайт пери сындуу ашык жар,
Ачалбадым, бирок анын бирин да,
Хороссанда дал ошондой эшик бар.
Чарчоо билбес колумда күч болсо да.
Чачыма жез, алтын кени толсо да,
Эрип кетип пери кыздын үнүнө,
Эшик ачып кире албадым үйүнө,
Балбан билек, чымыр булчуң болсо да.
Сүйүү күчү жокко чыкты шар эле,
Кимге ырдадым? Мен эмнеге эридим?
Же бозоюн кызганбаса Шаганэ,
Же эшигин ачалбасам перинин,
Сүйүү күчү жокко чыкты шар эле.
Келди мезгил Россияга кайтууга,
О, Персия, кантип таштап кетемин?
Ооз барбайт түбөлүк деп айтууга,
Оп тартууда, бирок сүйгөн мекеним,
Келди мезгил Россияга кайтууга.
Кош, пери кыз! Кош, мухаббат мекени!
Ачалбадым эшигиңди бир сапар.
Сезимди ээлеп куса болуу, сагынуу,
Сен тууралуу акын анда ыр жазар,
Кош, пери кыз! Кош, жанымдын жарымы!
Март, 1925
* * *
Айбаласаң акын болуу дегенди –
Апыртпайлы бул чындыкты адатта:
Кан чыгара кескилеп өз денеңди,
Кандырганың башкаларды ыракатка.
Акын болуу – дүйнө кезүү деген кеп,
Аалам сырын ачып берүү бүт сага.
Булбул сайрайт жетпегенин көп эңсеп,
Бирок аны ырдар ыры бир гана.
Чакчыгай да жаратылыш чымчыгы,
Чамасы чак, башкаларды туураган,
Өздүк үнү болуу керек ырчынын,
Өз үнүндө бака чардайт жылгадан.
Мухамеддин Курандагы айтканы:
«Мунапыссыз шарапты оозго албагын».
А акындар өз шертинен кайтпады,
Арак менен басат жүрөк зардабын.
Акын кээде сүйгөнүнө баратса:
А сүйгөнү башка менен жатат да,
Жуткан арак аны кармап калат да,
Жубайларга бычак урбайт адатта.
Кереги эмне, эрегиштен эр өлүш,
Кең бололу энчисине бирөөнүн:
Ансыз деле жетпей жүрүп өлөбүз,
Ал эбактан көрө жүргөн бир өлүм!
Август, 1925
* * *
Сүйгөнүмдүн кош ак куудай колдору,
Сүзүп барат алтын түстүү чачымда.
Ашыглыктын кайра ырдалчу жолдору,
Аалам үчүн бүтпөс обон, асыл баа.
Ал обонду мен эзелтен сайрагам,
Азыр дагы кубулжуду ыргагы.
Мукам кагып, терең кетти кайрадан,
Мухабаттан азык алган ыр сабы.
Шыпкай сүйсө маңызыңды асыл жар,
Шынаа жүрөк алтын болот уюган.
Булут челген Тегерандын айы бар,
Бул ырыма зер чачкан жок нурунан.
Күндөрүмдү мен кандайча өткөрсөм,
Күйсөм бекен Шаганэнин отуна?
Кандай болот же жөнеле бөксөрсөм,
Жакшы ырларды кагып эсеп-чотума?
Көп нерсенин көркөм чебер ээси бар,
Көз кумарын, кулак курчун кандырган.
Кокус ырды жаман жазса персиян,
Кооз Шираз тукуму эмес ал урган.
Мен тууралуу жана бул ыр тууралуу,
Мезгилинде калың элге айткыла:
«Абаздуураак болмок эле ырлары,
Арбатпаса алиги кош ак кууга».
Август, 1925
Которгон Эрнис ТУРСУНОВ