МИДИН АЛЫБАЕВ
Сага

Кыйгач басты кыз көңүлүн салбады,
Мурдун чүйрүп, муну теңге албады.
«Бирөө орой, бирөө жеткен уяң» – деп,
Оолак басты, оңдоп гүлүн кармады.
Кеч киргенде бирөө чыкты жолунан,
Бирок гүлдү сураган жок колунан.
Айла кетип кыз өзү гүл сунганда:
– Албайм, – деди, – гүлүң эчак солуган...
Ойлончу
Жүрөгүмдү куйкалайсың жалындай.
Жүралбаймын күндө сени сагынбай.
Мээ сергитет менде жүргөн элесиң,
Мелмиреген Ысык-Көлдүн таңындай.
Көзүң укмуш – ак чыныда карагат.
Көп караба, жүрөгүмдү жаралап.
Көөнүң болсо, бир белгиңди түшүндүр
Киши жалдап, сүйө албаймын паралап!
Эч пайдасыз ээрчип жүрөм эринбей.
Жооп берчи, же жок дечи керилбей.
Кээ бир түштө беттен сылап коёсуң,
Июлдагы көк конуштун желиндей.
Сүрдөп кетем капыс жерден кабылсам.
Кечирип кой, мен сүйүүдөн жаңылсам!
Жалгыз сага жарашкансып көрүнөт
Кайсы күнү кандай жоолук салынсаң...
Турмуш кенен
Турмуш кенен жыргап өмүр сүрүүгө,
Кайык миндик көлдүн айлуу түнүндө.
Кабарымды кат аркылуу бил дедиң
Сак-саламат жеттиң бекен үйүңө?
Кызмат кыйын, дайым бирге жүрүүгө,
Ашыгамын ал-жайыңды билүүгө.
Көл шартылдап, мен жаркылдап турчу элек,
Комуз менен кошо кеткен үнүңө.
Турмуш кенен жыргап өмүр сүрүүгө,
Күүлөнгөнсүп күч кошулуп күнүгө.
Качан болсо, алга жүр деп шык берип,
Кандай укмуш касиет бар сүйүүдө!