ТЕНТИ АБДЫШЕВА

САГЫНУУ

ТЕНТИ АБДЫШЕВА

Келер жылдын жанга артык жагымы,
Бирок, билсең бул да өмүр агымы.
Бала келсе бул дүйнөгө баркырап,
Адам кетер, ал турмуш го табигы.
Күлкү менен кубандырса жүрөктү,
Кээде болоор капа чегип, жабыгуу.
Келчү жылга жетелешет үмүттөр,
Кеткен жылга менде күчтүү сагынуу.
Жаңы жылда жоготуудан көп болсун,
Кийин бизди сагындырар табылуу!

 

СҮЙҮҮ ЖӨНҮНДӨ

Махабатты баяндашып —
эчен түрлүү кеп айтат…
Улгайгандар сүйүүсүнө
улуу-кичүү жеме айтат:
Алтымышта сүйөт десе —
«Алжыганы» деп айтат.
Элүүлөрдүн сүйүүлөрүн
«Эси жоктук» деп айтат.
Андай болсо
айткылачы курдаштар,
«Сүйүү жашты ылгабайт» — деп
неге айтат?

 

СУУК КОЛ

Суук колун төшөгүмө узатып,
Карылыктын келгенине өкүнөм.
Кечээ гана жаштыгымды көрүшкөн,
Кейиштүүрөөк замандаштар өзүмөн.

Арбаңдатып ач кенедей жабышкан,
Колду түртүп, коё тур деп өтүнөм.
Карылыкты каалабаган бүгүн маа,
Капалуураак замандаштар өзүмөн.

Барган сайын батып барат тырмагы,
Баса келип төшөгүмдүн четинен.
Сумсайышат суук колдон кызганып,
Сулуулугум кетпегендер эсинен…

 

ЭНЕ-АТАМ

Элге келсем эске түшөт эчендер: –
Бурганактап карга айланып оюм жаап.
Катмарларын малталаймын кайралап,
Кайран атам басып өткөн жолун таап.

Санаа келет сапырылып сабаалап,
Бирин-бири жетектеше желе чаап.
Башты салып барган сайын үңүлөм,
Байкуш энем басып өткөн жерди таап.

Жолдор жатат узун, кыска ийрилип,
Тамга болуп, тарых болуп чийилип.
Өткөн эле атам, энем бул жолдон,
Өмүр жүгүн оор көтөрүп ийилип…

Баскан атам, шашкан энем оолугуп,
Келе берип, кээде үшкүрүп олтуруп.
Ошондо да өмүр жыргал, жакшы деп,
Даңазалап пейли менен толтуруп.

Ушул жолдон атам, энем өтүшкөн,
Жүк көтөрүп, оор көтөрүп аркалап.
Ошондо да өмүр кызык, сонун деп,
Марасына бара берген алгалап…

 

* * *

Алтымыштан ашкандарга
Али кыздай көрүнөм,
Кырктын кырын баскандарга
Кыйла жерге бөлүнөм.
Элүү жаштын эрмегимин
Эркелеткен көңүлүн.
Кечээ эле гүл жайкадым
Көөнү толкуп көбүнүн,
Караганча кайып кеткен
Кандай укмуш өмүрүң!..

 

КЕТКЕНДЕРДИН АЙЛЫНДА

Тирүүлөрдүн айлында бирге жүргөн,
Тамашалуу сүйлөшүп жайдар күлгөн.
Канча курдаш карасам көчүп кетти,
Кечээ гана келберсип өмүр сүргөн.

Кеткендердин айылы катар турат,
Күмбөздөрдүн мезгилден четтери урап.
Көз жаш менен сугарып коюп кеткен,
Гүлдестелер саргайып күнгө куурап.

Кеткендердин айылын аралаймын,
Кейий берип жүрөктү жаралаймын.
Эрте-кечтир бир күнү кедемин го,
Эмнеликтен буларга каралаймын…

 

АЯЛДАРДЫН БАКТЫСЫ

Күн чачырап гүлүн ачып жаштыгы,
Сүйүү келип суусун берсе – бактысы.
Жагалданып аял түрү кулпурат,
Жары болсо азаматтын жакшысы.

Балкып дене бал жуурканга айланып,
Бала тапса бул аялдын бактысы.
Ак бешигин ай нурунда терметип,
Ал баланын, ал тынчтыктын сакчысы.

Ар адамдын эмгегине жараша.
Аз да болот, көп да болот бактысы.
Эмне келбейт аялдардын колунан,
Эмгегинен келсе баар тапкысы.

Адам баркын – аялдардын кордогон
Ал күндөрдүн ашкан эле запкысы,
Аял аты ардак менен аталып
Азыр кымбат, анык ушул бактысы.

 

КЫЗЫ ТӨРӨГӨН ЭНЕ

– Сыздады го жаны кейип денеси,-
Деп кайгырат төрөгөн кыз энеси.
Эне чиркин көз алдына тартылат,
Жаны кейип жаткан кыздын элеси.

Бала төрөп бакты тапса баласы,
Кыйналды деп эне кейит карачы!..
Кечегидей ал энеге сезилет,
Ошол кызы төрөлгөн күн арасы.

Бала келсе бактыга үй тунбайбы,
Келечекти мына ушулар курбайбы.
Адамзаттын өмүрү өчпөй тутанып,
Так ушинтип кете берет турбайбы.

30.09.2025

Катталуу зарыл

1

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.