Үмүт Култаева

ЗАЙЫРБЕКТИН ЖАН-ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ КАРАМА-КАРШЫЛЫК

Үмүт Култаева

Ошол эле учурда, З.Ажыматов эски өксүктөрдү өтө эле бекем кармап турганы анын жалпы ырларынын кунарын кетирип жиберген учурлар кездешет. Чыгармачылыгындагы негизги мүчүлүштүк да ушул маселеге байланып турат. Мындай мүчүлүштүк балалык психикасы бир кезде кабылган соккудан кутулуу зарылдыгын анын чыгармачылыгы талап кылып турат.  “Таарыныч”, “кусалык”, “санаа” сыяктуу терс көңүл жагдайларынан калемгердин ырлары тажап-бүткөндөй, чарчагандай сезим калтырат. Айталы, “Кара күчүк” ырында жеке таарынычтан айтылган ойлор коомдук аң-сезимге, аруу поэзияга татыктуу эмес деген ойдобуз. Мындай убактылуу психологиялык тең салмаксыз маанай калемгердин жеке күндөлүгүндө калганы оң болор. Ал эми  “Жан кыяматы”, “Кышта”, “Өксүк” ырлары көңүл маанайын көркөм чагылдыруу жагынан олуттуу ойлорду камтып, мыкты поэтикалык табылгага кол сунуп турса да, кайра эле  көндүмгө айланып кеткен инерция пессимисттик кайрыкты  кайталайт:

Улуп турат жүрөгүм, узун санаа каарыган,

чоочун болуп түнөгүм, ууз кезди сагынам.

Жаштык өлгөн жыл калды, жазылбаган ыр калды,

жалаңдаган жакшы күн чагылгандай кайыган.

 

Жетим ырым, жетим мен, толук болбой кетилген,

жетим калган махабат, эңсеп сени эзилген.

Жетим бала башында, жетим киши азыр да,

жоктоо кетпейт көңүлдөн, өксүк өйкөп тешилген…

         Кыргыз наркында 18 жаштан кийин адамды жетим дебейт, же жетим киши болбойт, болсо да аны элге жарыя айтпайт. Жетим өмүр бою өзүн жетим сезсе, анда бир проблема бар. Л.Толстой айткандай: “Ар бир адам бактылуу болууга тийиш; эгер болбосо өзү күнөөлүү. Ал өзүндөгү мындай өксүктү жойгонго чейин тынымсыз өзү менен иштөө машакатын баштан кечирүү керек ”[1].

Жан-дүйнө карама-каршылыгы жалаң көңүл калуу, кусалык, өксүү сезимдери көркөм сөз сүрөткерине чоң ийгилик алып келбей тургандыгын да сездирүү керек эле. Бактыга жараша, карама-каршылык бул милдетин да аткарган экен:

Жаз келди жүрөгүмө,

Эритип мөңгү, музду кабатталган.

Күкүктөйт кан тамырым дайра болуп,

Башталып өмүр жаңы,

Башталып жашоо шаңы,

Бир кезде кышкы ызгаарга каракталган.

Жаз келди жүрөгүмө,

Жан дүйнөм бейиш сыңар жашылданып.

Жароокер гүлдөр дагы назданышат,

Бул дүйнө сулуу кандай,

Сезилем азыр гана туулгандай,

Нурданып, асылданып.

Акын Ажыматовдон нурданган, асылданган жан-дүйнөсү жаратуучу далай  ырлардын жазылбай калганы чоң арман! Жер көтөргүс арман...

Автор: Үмүт Култаева



[1] Караңыз: Афоризмы Льва Толстого о счастье

11.10.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.