Мустай Карим
Жакшысыңбы, жалжалымдын турпагы!
Керимселдин кереметтүү күчүн көр:
“Жаз келди!” деп чөптөр чыкты чытырап,
“Жаз келди!” деп көзүн ачты бүчүрлөр.
“Жаз! Жаз!” деди ырчы чымчык кара баш
Таңда талдын бутагында отуруп.
… Ошо күндүн кечи менен аралаш
Кар-бороону келди кайра кутуруп.
Кыш кыштыгын кылды белем мында да,
Жаз жөнүндө кыял калды бир гана.
Көрөр замат көздөрүңдүн нурларын,
Мен дагы ошол чымчык өңдүү сайрадым:
“Махабат” деп көңүл эргип ырдадым,
“Махабат” деп көңүл чөгүп зарладым.
“Махабат” деп көккө чыгып, тоо аштым
“Махабат” деп делбиреди этегим.
… Билбептирмин сенин ошол карашың,
Кышта адашкан жылуу шамал экенин.
Күнөө менде болушу да ыктымал,
Калды менде махабаттан тек кыял.
*******
Кайгы түсү топурактан карарак,
Бирок андан капкара чач агарат.
Капкара түс болсо дагы топурак,
Ага чыгат аппак гүлдөр жадырап.
Кайгы басып кара чачың агарса,
-Бүт дүйнөнүн чачы агарды, – деп айтпа.
*******
Жол үстүндө – буттарым, көңүлүм – ырда.
Мен өмүрдү ушундай сүрүп келем.
Күнгө карап күндүзү, караңгыда –
Жылдыздарга карап мен жүрүп келем.
Шамал кесип эрдимди, чачтарымды.
Кара кылдар, ак кылдар аралашкан.
Эшиктерди каккылап ачамын да,
Жүрөктөрдү каккылап салам айтам.
Бирок кээде көк бетин булут чалып
Күн көрүнбөйт, жер үстүн туман басат.
Жылдыздар да ошондо көнүп калып,
Караңгыда сокурдай карайлатат.
Анткен менен бактың бар ченебеген:
Күн ачыкта, күн бүркөө кездерде да,
Караңгыга жылдыздар чөккөндө да,
Өмүрүмдү сабалап бара берем.
Жылдыздардай көрүп мен кишилердин,
Көздөрүнө каралап бара берем.
Жолумдан тек адашып калбас үчүн,
Ырларымда калп айтып салбас үчүн,
Үмүт, шаттык, муң төгүп жадыраган
Көздөргө мен каралап бара берем.
Акындын кубанчы
Айтканы шаттык-кубанчын
Акынга бирөө келеби?
Сүйүнүп жүргөн пендеге,
Түк тийбес анын кереги.
Кишилер келет акынга
Кайгы-зар, мүшкүл, дат менен.
Күйүттүн мөлтүр белгиси
Кирпикке конгон жаш менен.
Жубатар эле бүт элди,
Акын же Алла-Таала эмес.
Баарына тилип бергидей
Жүрөгү бышкан алма эмес.
Келгендер зарын бөлүшүп,
Түйшүккө кетет чөгөрүп…
Ошондон акын көзүндө
Ой-санаа барат көбөйүп.
Бир сапар кечте акындын
Көзүнөн шаттык төгүлдү,
Күүгүмдө кайра таң атып,
Күн чыккан өңдүү көрүндү.
Акындын кабинетинде
Кызык иш болду, карагын:
Кетиптир таштап бир кемпир
Таянып келген таягын.
Которгон: Салижан Жигитов