АДАММЫН
Жалил САДЫКОВ:
ЖАЙЛООДО
Жайлоодо өткүн өтүп, дыбыр-дыбыр,
Жүрөгүм эмнегедир ымыр-чымыр...
Карачы, нота билип калганда не,
Угулат музыкалуу бир сонун ыр...
Аттигин! Музыкалык сабатым жок,
Кушка окшойм — уча турган канатым жок!
Жайлоодо булак үнүн угам жыргап,
Не деген сүйкүм добуш, сүйкүм ыргак?
Кагазга нота билсем түшүрсөм не,
Бул ырды жүрбөйт беле ар ким ырдап!
Аттигин! Музыкалык сабатым жок,
Кушка окшойм — уча турган канатым жок!
Таңшыган кыл кыякта назик кылдай
Боз чымчык сайрап жатат жаны тынбай...
Кагазга нота билсем түшурмөкмүн,
Ордумда тыңшап туруп кадам жылбай.
Аттигин! Музыкалык сабатым жок,
Кушка окшойм — уча турган канатым жок!
АДАММЫН
Арасында жакшы менен жамандын,
Мен да жакшы, мен да кээде жаманмын.
Анткендиги?
Анткениме жообум бул:
Адаммын!
Адам үчүн кээде акылдуу аталып,
Адам үчүн кээде кетет каталык.
Андай чакта кубанчымдын чеги жок,
Андай чакта ыйлайм көзгө жаш алып.
Кезегинде же болбосо кечирээк
Мен кубандым, мен ыйладым нече ирет?..
Ошон үчүн элдер мага ишенет,
Ошон үчүн элдер мени кечирет.
Баарын айтып кереги эмне алардын,
Кээде жакшы, кээ бир кезде жаманмын.
Анткендиги?
Анткендигим, силердей
Адаммынбы?
Адаммын!
КЫРГЫЗ ЖЕРИ
Кыргыз жери,
Сүйөм сени,
Сүйөм сени жанымдай.
Түн жок сенин түнүңө окшош,
Таң жок сенин таңыңдай.
Ташты жарып,
Обон салып,
Туйлап аска булагың,
Жашыл арча, гүлдүн жыты
Кимдин жазбайт кумарын?
Элдин кенчи,
Байлык кенчи,
Керме тооңу, талааңы,
Бак-даракка саймаланган
Сүйөм кыштак, калааңы.
Жерде жаткан
Көп көк асман,
Дегим келет көлүмдү.
Көлүм дары жашартууга,
Жашартууга өмүрдү.
Кыргыз жери –
Малдын кени,
Дандын кени бир өзүң.
Сага арналат бүткүл менин
Өмүр, жашоо — күрөшүм!
ЖОЛДОГУ ОЙ
Чоң жолдо машиналар суудай агып,
Берилет кызыл жарык, жашыл жарык.
Ар адам жашылынан шыдыр кетип,
Буйдалат кызылына токтой калып.
Карасаң улам бири өчүп-жанып,
Ак жолуң бирде шыдыр, бирде жабык.
Негедир, көчөлөрдүн бул тартиби
Ойлонтту мени мындай ойго салып.
Бул жолдо жакшы чубап, жаман чубап,
Бул жолдо «сен кимсиң» деп болбойт сурап
Аларды светофор ылгай албай,
Ар убак алмашылып күйүп турат.
Дал ушул көчөлөрдүн борборунда,
Дал ушул элдин чубаар жолдорунда
Агылган эл кыймылын кантээр элем,
Кокустан светофор болгонумда?
Анда мен адамдарды караар элем,
Жакшыга жашыл болуп жанаар элем,
Өткөрбөй жаман ойлуу бузуктарды,
Түбөлүк кызыл бойдон калаар элем!
КЫРГЫЗДАР
Тарыхта кыргыз нечен чачылыптыр,
Тарыхта кыргыз нечен басыныптыр,
Сүрүлүп бирде бери, бирде нары,
Сүрдүгүп, тоого-ташка жашыныптыр.
Замана уу чеңгелин батырыптыр,
Мокотуп, өткүр мизин жапырыптыр.
Антсе да далайларга «туздай татып»,
Далайдын күлүн көккө сапырыптыр.
Жеңиптир... Жеңилиптир... Чабышыптыр,
Кармашып, канды суудай агызыптыр.
Жеңиши ырга айланып, «Манас» болуп,
Жеңилсе — күү боздотуп калышыптыр.
Жоо келсе журт талаптыр, мал талаптыр
Кыйласын найзалаптыр, балталаптыр...
Бекерден ошол күндөр ырга айланып,
Бекерден бирден миңге таркабаптыр.
Суурулуп нечен кылыч жалаңдаптыр,
Эр башы канжыгада салаңдаптыр...
Ошолор кыйла бүлүк салган менен
Кыргыздын ырын тартып алалбаптыр.
КЕЧИР МЕНИ
Эл майрамдайт майрам күндүн баарында,
Мен ыр жазам жанды салып жалынга.
Кечир мени, кечир мени, ардагым,
Бирге басып жүрбөгөнгө жаныңда.
Эл дем алат...
Дем алыштын маалында
Сейил куруп баспаганга таарынба,
Мен өзүмө окшошо албай каламын
Ыр саптары чыкпай жаткан чагында.
Андай кезде, дайра болсом шар аккан,
Булакка окшойм соолуп бүтүп бараткан.
Быт-чыт болуп учуп кетет жакшы ойлор
Айырмасыз болуп тыткан барактан.
Күлүккө окшойм сууту жетпей чабылган,
Жоргого окшойм жоргосунан жаңылган.
Комузга окшойм таккан кылы үзүлүп,
Капкагынын ортосунан жарылган.