Алыкул Осмонов

Жеңишбек

Алыкул Осмонов

Эр жигит эрте аттанып, алыс кетет,

Ок учуп: ат кошкуруп, туу кылкылдап.

 

Соо болсо кайра келет күчүн сынап,

Жок өлсө, ата журту кайгы кылат,

Көмүлгөн боз топурак мүрзөсүнө–

Жыл өтсө бир түп чынар өсүп чыгат.

 

Ал эмес, алтоо кетти дал өзүмөн,

Канча экен уул, ини өзгөсүнөн...

Ошондон экөө кайтты жараланып,

Шондо да жаш тамган жок бул көзүмөн.

 

Тагдырга арман кылбайм, чексиз бактым.

Мөмөсү солуган жок карт бутактын,

Жетимиштен сексен жашка ооган кезде,

Карагын мына мындай уул таптым.

 

Замана керек десе, муну да алсын,

Журт коргоп, жарак кармап, жоого барсын

Күттүрсүн, эр азамат сагындырсын.

Мындагы аз уйкулуу эне-атасын!"

 

Дегенде Миңбай ата бешикти ачат,

Караса, аппак болгон уул жатат.

Жеңишбек аты болсун Курмаке деп

Кубанып, кубаттанып көңүлүн басат.

 

Өмүрдүн кар болгон жок конгон кушу,

Жетимиш жаш: жаштын алыс жолдогусу:

Жеңишбек, болсо–болсун, жеңиш күнү,

Дал бүгүн өткөн жылдын май тогузу.

 

Миңбай чал ат токунуп кайра аттанат,

Кайрылып, үйгө барбай көлгө барат.

Көл терең, шарпылдаган долу толкун,

Тереңден эмнени издеп, эмне табат!..

 

Жеңишбек жалгыз уулу, кайран бала,

Жаракөр, ыманы: ысык эне-атага,

Ойгонбой, көпкө аралаш уктап жатат,

Күмбөздө, Варшаванын бер жагында...

 

Ал эми ата-энеге эркелебейт,

Биздерге абакелеп колун бербейт.

Канчалык үмүт үзбөй күткөн менен,

Калкылдап кеме минип кайра келбейт.

 

Жеңишбек, жеңиш тилеп курман болгон,

Ок тийип маңдайына ара жолдон.

Атама мени өлдү деп айта бар деп,

Сөз айткан көл толкуткан борошодон.

 

Көл толкуйт, атасына белги берет,

Антпесе, кур толкундун неси керек...

Бирок да үмүт кургур кыйын тура,

Атасы кайра кетет, кайра келет...

 

Кой ата, жолдош болбо жок пайдага,

Жол карап, көл боюна ат байлаба.

Жеңишбек сенин уулуң, Жеңиш күнү–

Жадырап келип турар жыл айлана.

 

Ысык-Көл, ата журттун күчүн сынап,

Өзүнчө өйдө-төмөн жүрүш кылат.

Күчү ошол, күйбөй турган суу болсо да,

Көк түтүн, ала буурул жалын чыгат,

 

13/ХII–1945 Койсары

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.