ЧЕХОВ АНТОН
АЯЛ БАКТЫСЫ

— Калп айтпа!
— Кудай урсун, чын айтам! Билсең, каным кайнап чыкты. Генералыбыз бөлмөсүнө чуркап кетти, а мен далисте турам да, келесоо сыяктуу, эчтекеге түшүнбөймүн. Карапайым, билимсиз ашпозчу аял, дыйкан аял ушинтип кыйкырганын кара! Бул демек, деп ойлондум, генерал аны менен эсептешмек болгон, ал эми бул аял күбөлөрдүн жоктугунан пайдаланып, анын жер-жеберине жетиптир. Мен жарылып кеттим… Ал катындын бөлмөсүнө кирип бардым: “Оо, жаман десе, чоң мансаптуу адамга кантип мындай сөздөрдү айтып жатасың? Ал алсыз абышка болгон үчүн ага болушар киши жок дейсиңби?”. – Ошентип туруп билсең, майланышкан жаактарына эки жолу чаап жибердим. Колумду шилтерим менен тууганым, чаңырыкты салды дейсиң, кудай бетин салбасын, кудай өзүң колдой көр! Кулагымды жапырып токойго карап безип жөнөдүм. Эки саат өтүп, жолумдан бир бала чуркап келатат. “Төрөгө барат экенсиз”. Баратам. Кирдим. Үндүк сыяктуу кабагын чытып олтурат, өйдө карабайт.
— Сиз, — дейт, — менин үйүмдө эмне кылып жүрөсүз?”. – “Кандай дейсиз? – мен кайра сурадым. – Эгерде сиз Никитишна тууралуу айтып жаткан болсоңуз, анда мен сиздин таламыңызды талаштым”. – “Бирөөнүн үй-бүлөсүндөгү иштерге аралашуу сиздин жумушуңуз эмес!”, — дейт. – Түшүнүп жатасыңбы? Үй-бүлөлүк! Ошентип тууганым, ал мени жемелеп кактап уруша баштады, аз жерден о дүйнөгө кетип кала жаздадым! Сүйлөдү, сүйлөдү, күңкүлдөдү, күңкүлдөдү, ошентип жатып эле капысынан каткырып жиберсе. – “Ошентип, кантип мындай кылдыңыз?! Буга кантип батындыңыз? Таңгаларлык! Бирок досум, мунун баары ортобузда калат деп үмүт кылам… Сиздин кызуу кандуулугуңузду түшүнөм, бирок макул болуңуз, мындан ары биздин үйдө калууңуз мүмкүн эмес…”. – Мына, тууганым! Ал менин мындай кекирейген мекиянды чабууга батынганыма атүгүл таңкалып да коёт. Катын башын айланткан экен! Жашыруун кеңешчи, Ак Бүркүт ордени бар, эч кимге баш ийбейт, бирок катындын алдында салбырайт… Аялзатынын чоо-оң артыкчылыктары бар, тууганым! Бирок… шапкеңди башыңдан ал! Генералды алып келатышат… Ордендеринин көптүгүн айт, атакебай! Ошентип, айымдарды алдыга коё беришти, алар ордендерди түшүнөт дейсиңби?
Музыка ойноду.
1885-жыл
Которгон: Назгүл Осмонова