Султан РАЕВ
Аял
— Ты-сс-сс! Акырын дейм. Угуп калат… Карачы? Тигини… Турабы?
— Турат, Платонуң. Убал болду ага.
— Эчтеке эмес. Турмуш Гегель менен Фейербахтын сөзүнөн турбай тургандыгын сезсин. Бу жалганда «күтүү» деген да сөз бар экенин билсин, байкуш Платон. Адамдын өмүрү да түбөлүктүү күтүү экенин сезсин.
— Ушерде уктап калбаса экен, эми…
— Сенден бир нерсени сурайын…
— Сура…
— Адам айбандан жаралган дейбиз ээ?
— О! дүйнөнүн түзүлүшүн аңтарып чыкайбызбы?
— Жо-жок! Коё турсан! Туурабы ушу?
— Туптуура.
— Сөзүмдү бөлбөчү. Уксаң… Адамдын айбандан чыкканын кантип далилдейсин? Далилиң барбы?
— Бар. Пожалуста, Чарлз Дарвиндин эволюциясын оку.
— А китеп дейли. Турмуштукучу?
— Турмуштукпу? Та-аак… Айтайлы, биз менен бирөө иштечү. Маймылдан айрып алгыс. Куюп койгондой окшош. Дарактан даракка секирбегени болбосо…
— Жо-жок! Сен тамашага бурба! Бурба да?
— Там бердик. Өзүң айт. Сеникин угалы?..
— Адам айбандан жаралган. Бу туура дейли.
— Илим күбө буга!...
— Ошо айбандык адат кимде калган? Билесинби?..Эркектерде. себеби силер айбан чалышсынар. Аял десе болду. Акыр заман бир теңге! Сөзүңөр – бал, көзүңөр – от.
— Дурус… дурус… Кимдин коңшусу экендигиң билинип калды. Сыныктан башкасы жугат. Бу да болсо философ коңшундун таасири.
— А-бу байкуш антпей калсын. Антти дегиче өзүнүн кандидаттык диссертациясына каршы чыгат да. Үй-бүлө этикасы Помпейдин акыркы күнүндөй талкаланат. Башка теманы жактаса, бу да эбак чабуулга өтмөк беле? Ким билет? Карасаң дале турабы?..
— Турат… Чылым тартып кирди… Турушун! Эшикке жөлөнүп. О!.. Ойлонуп атат…
— Ойлонсун. Мунуку баары субьективный…
— Тык! Унчукпа! Биз тарапка келетат. Чү-үүш! Чүүш!
— Акырын… Эшиктен ары тур. Мусор чакадан абайла!... Тешиктен көрүнүп калат. Ты-сс!...
— Ка-ра-ба-тат…
— Ты-сс!... Шыбы-ра-баа… Кулагы са-аак…
— Кетти. Ү-үх… Тыңчы болгудай эле жөнү бар экен. Үйүнүн коңгуроосун басып атат.
— Келесоо!
— Көр үмүт да…
— Ким ачмак эле? Киши жок болсо. Жанеле званокту басканда ключун берип койбой. Ка-аап! Сен да! Ачпа! Ачпа деп! Эми канттик? Эшикти ачсам болду! Шек алат! «сиз феноменалдык аялсыз» деген сөзү бырын-чырын чыгат. Ат-тиң! Ушунун баарын кылган сен да!..Эми тура берет каккан казыктай какайып.
— Эм-не? Ич көйнөкчөн чыкмак белең?
— Бир айласын тапмакмын.
— Мына сага! Же үйдө эмес же Чүйдө эмес. Саат да та-аак… Он экиден он алты мүнөт өттү. Эмне кылабыз?…
— Таң!? Ушинтип тура беребиз. Чынын айтсам, сени кетиргим келбей атат. Сен жанымда турсан жалгыздык деген балээни унутам. Сен кетсең, кайрадан жалгыздык башталат. Түнү түндөй болгон ойлор келет мага. Үйдөгүнүн бары менен сүйлөшөм. Дубал менен да, стол менен да, күзгү менен да, өзүм менен да. Баарынын тили бар. Сүйлөйт … Билесиңби, бир жолу түшүмдө өлүп калыптырмын… Сөөгүмдү качан алып чыгышат деп күтүп эле жатам, күтүп эле жатам… Эч ким келбеди… Сөөгүмдү алып чыкканы бир да адам басып келбеди. Кайран менин буюмдарым, ушулар гана ыйлап атыптыр мени жоктоп…
— Түшүндө өлгөн адам көп жашайт.
— А, ит билсинби?!
— Ушундай жорушат аны…
— тиги кеттиби?..
— Моло таштай катып турат ордунда.
— Байкуш кандидат. Кетпейби эми? Өз үйүнөн башка жатар жери жок болсо керек… Эшикти ачып, ключту бергенге болбойт. Анда иштин бүткөнү ошо. Жаман ойлойт. Аны аялына айтчу болсо болду. Эртең эле шаарга ушак жайылат. Байкуш өзү да сөз табалбай араң эле турганда. Күйөөсүн мен тартып алчудан бетер кызганат. Жамандаганы-жамандаган … Көңүлүмдү суутайын деген ниетиңби?.. Бир жолу бир профессор менен тааныштырам деди. Таанышса таанышайын десем, анысы атамдан өткөн кары неме экен. Башы калтылдап, араң эле жаны бар. Мага үйлөнмөк турсун, а дүйнөгө даярданышы керек. Өлөрү калган профессор.. Үйлөнүштү ким койду ага?..