Абдылдажан Акматалиев

Арслан Койчиевдин мистикасы жана реализми

Абдылдажан Акматалиев

Бети багжайган, жука сакалчан, жука муруттуу, көзү жымшык кишинин сүрөтүн тарттырып алып, базардан базар калбай, көчөдөн көчө калбай, үйдөн үй калбай тинтип издеп жүрдү...

Акырында Арслан Койчиевдин “Бакшы жана Чыңгызхан” романына байланыштуу оюбузду кыскартып, жыйынтыктай турган болсок, роман сюжеттик курулушу жагынан өтө чыйрак, чың курулган. Мезгил-мейкиндик жактан жети кылымдык окуяны камтыган, жыйырма жети бөлүкчөдөн турган бөлүмдөр бири-бирин идеялык көркөмдүк жактан толуктап, тереңдетип, каршы-терши мазмундук жактан байланыштарды түзүп турат. Мисалы, Абулай тукумунан чокундурулганын баяндаган окуя менен ЦКдан келген кызматкердин фамилиясынын Аблеухов деп окшошуп турушу, же Сайчы уулунун тогуз жашындагы Алтын кадас жылдызы жөнүндөгү ою менен кулчулуктан кутулаар мезгил келгендигин сезгендеги Алтын кадас жөнүндөгү эскерүүсү ж.б.

Романдагы автордук идеялык-эстетикалык концепциядан четкерээк калган каарман, окуя, эпизод жок. Байыркы тарых, азыркы учур, мистикалык көрүнүш бири-бири менен жуурулушуп турат. Романда кезиккен рефрендик кайталоолор бир ойдун же көрүнүштүн бир канча түрдө кайталанып чечмелениши, тереңдетилиши, сүрөттөлүшү да өз ыгы менен, окурмандын көнүлүн ошол көрүнүшкө байырлантуу, буруу үчүн пайдаланылып, өзгөчө бир стилдик ыргактуулук тартуулап турат.

Романдагы урпактар жөнүндө тема Чыңгызхандын урпактарына гана тиешелүү эмес, бул тема бизге, кыргыздарга да түздөн-түз тиешеси бар, актуалдуу. Элибиздин урпактары бири-бирин колдоп, жөлөк-таяк болуп келгендиктен канча кылымдардын тарыхында азап көрсө да кырылып калбай, майдаланбай, муундан-муунга насаат калтырып, “Манасын” айтып келе жатат.

Дегеле, Арслан Койчиевдин көркөмдүк системасын тарых, миф, философия, улуттук аң-сезимдин синтези, реализм менен мистикалык элементтердин айкалышы аркылуу түзөт. А.Койчиев мистика аркылуу кыргыз адабиятындагы реализмдин чегин кеңейткендигин көрөбүз.

Өз ишинин чебери үчүн “мурда көп иштелген тема” деген түшүнүк  болбойт. Кандай гана такталган тема болбосун ал түпкүрдөн жаңы боек, жаңы нур, жаңы ыргакка боелуп, өзгөчөлүү, оргиналдуу идеялык-эстетикалык чечилиштерге жыйынтыктарга ээ боло алат.

Арслан Койчиев да адабиятта мурун иштелген тема болсо да, болбосо да жаңы көз караш менен ийгиликке жетишкен автор. Жаңычылык издөө – Арсландын кредосу, чыгармачыл табылгалар көп болушун авторго каалайбыз.

Филология илимдеринин доктору, профессор, Айтматов таануучу, окумуштуу, академик Абдылдажан Акматалиев

06.10.2025

 



[1] засаг – йаса, монгол мыйзамдары.

15.10.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.