ПОВЕСТЬ
Чыңгыз Айтматов: Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт
Айым-Балык деңизге сүзүп кетет, Орган болсо нес болуп жалгыз калат. Айымдын артынан телмире тиктеп калган Орган ыйлап жатып ойгонот...
Кайда сүзүп жүрөсүң, Айым-Балык?
Бул деңиз – менин сагынчым,
Бул деңиз – менин көз жашым,
Бул жер – менин зар башым,
Кайда сүзүп жүрөсүң, Айым-Балык?
Колдо турган бактысын өз ыктыяры менен качыргандан бетер, Айым-Балык менен чынында эле жолугушкандан бетер Орган эстеген сайын капа болот. Адамдын үмүт-тилеги жадегенде түшүндө кабыл болсо болбойбу? Кабыл кылыш кимдин колунда? Мунун баарын аян берип жаткан күч ким, же эмне, бул аяндын мааниси кандай, бу не деген табышмак, эминенин жышааны? Ушуларды ойлоп, ою онго, санаасы санга бөлүнгөн Орган айласы түгөнгөндө колун шилтеп, баарын унуткусу келет, Айым-Балыкты ойлоодон качат. Бирок болчубу, деңизге аң уулап чыкканда кайрадан кантип Айым-Балыгы эсине түшкөнүн, бүт оюн ээлеп алганын өзү да байкабай калат. Сыйкырдуу түшүн кайра баштан көз алдынан өткөрүп, жыргалына кадыресе кубанып, азабына кадыресе кайгырып, анан кайра акыл токтотуп: эмне эле муну ойлоно берчү болдум, жок Айым-Балыкты ойлоп, санаа тартуу кары кишинин жумушубу? – дейт ичинен.
Өзүн өзү жемелейт. Бирок кайра: ушинтип алдан тайып, көздүн курчу, беттин нуру кеткен чагында алигидей көңүл жубатар алаксуусу болбосо, ашка жүк, башка жүк болуп чыдап отура алмак эмесмин го дейт. Даңкы таш жарып алчыланып тургандагы касиеттеринин баары салаадан чууруган суудай агып түгөнүп барат, эми төрүнөн көрү жуук калды, бирок көкүрөк кургуруң дале моюн бербейт, жигит кезиндеги ээликтирген кыял-сезимдери кадимкисиндей, көңүлү картая элек. Ошол үчүн алигидей ойлор толгонуп, алигидей түштөр кирип жүрбөйбү. Адам ушул өңдүү ою менен түшүндө гана ажалсыз, эркин өмүр сүрө алат тура.
Адам санаасы менен асманга чыгып, деңиздин тереңине чумкуй алат. Актык деми токтогончо ой ойлоп, кыял канатында учкандыгы менен адам бийик, адам улуу. Бирок ажал аны назарына да албайт экен го, адам бу жалганды жактырып жашаганы, бу жалганда адам ою менен кандай бийикке көтөрүлгөнү, кандай түштөрдү көргөнү, кандай адам болгону, акылы канчалык терең болгону – ажал үчүн мунун баары бир тыйынга арзыбаган нерсе экен го. Эмне үчүн ушундайча? Дүйнө эмне үчүн ушундайча жаралган? Мейли Айым-Балык түш болсун, бирок ошо түш боюнча болсо да тиги дүйнөдө аны менен түбөлүк кала берсе болбойбу...
Орган карыя Айым-Балыкка кандай ишенсе анын оюн деңиз кулак салып угарына ошончолук ишенчү. Деңиз бетинде ал эркин дем алып, ою да чек койбостон эрк берчү. Деңизге ал сырын айтып, арманын баян этчү. Ой туңгуюгунда отуруп, кээде ал: «Айым-Балык экөөбүз ушу ченден сүзүп өткөндөй болдук беле?» – деп деңизден сурачу.
Ошондо Орган канжасына тамекиден кайра тыгып, түтүндөн кере-кере сорот. «Ушу ачуу болсо да жанды жай таптырган уу чөп каерде өсөр болду экен?.. Көпөстөр Манжурияда өсөт дешет. Ошояктан ошолор апкелип атышпайбы. Манжурия дегениң жердин түбү болсо керек ко, биздин элден ошоякка бардым деген бирөөнү көрө элекмин... Тамеки аерде токойдогу чөптөй эле жайнап өссө керек...
Кызыгың кургур, бу дүйнөдө не деген кызыктар жок дейсиң...»
Күн түш ооп калды. Ушул ортодо күн алда нече ирет кайдан-жайдан келе калган булутка кирип чыкты. Алыскы көк жээктен чыга келген булуттар ошоякта алай-дүлөй ырай бардыгын кабарлагансыйт. Күн булутка кирип кеткенде деңиз бети күңүрт тартып, өңү өчүп, айлана-тегерек сестенте калат. Күн кайра кылайып чыга келгенде жаздын көркү ачылып, деңиз бетине нур чачырап, миң-сан жылт-жулту көз уялтат, көңүл көтөрөт.
Кириск деңизге үйүр алып калгандай болсо да, кичине эриккендей болсо да, анын чалкыган чексиздигине дале таңыркап келет. Эртеден бери тынбай сүзүп келатышат, дале учу-кыйыры көрүнбөйт. Жер бетинде жүргөндө ал талаанын кеңдигине мынчалык таң калбас эле. Чоңдор болсо эчтемени элес алгыдай эмес. Аларга баары көнүмүш.
Эмрайин менен Мылгун баштагысындай эле бир калыпта калак шилеп, суу бетин эптүү чарпып сүзүп келатышат. Ал экөө чарчай турган эмес, Орган жардамдашайын дегенде да болбой коюшту. Кайра кайтканда жүк оор болор, ошондо болбосо азыр кереги жок дешти. А көрө кайыкты башкара бериңиз дешти. Кокосу уркуйган, узун моюн Орган карыя жем аңдыган суу бүркүттөй куржуюп кайыктын сорусунда отуруп келет. Көбүнесе тунжурап, өз ою менен алек. Кайык болсо баягысындай эле толкундарды сүзө тилип, жеңил баратат. Толкундар да көлбүгөн калыбынан жазбай бир калыпта.