ПОВЕСТЬ

Чыңгыз Айтматов: Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт

ПОВЕСТЬ

Арга калбай замана куурулганын айкын билип отурганына баарынан да Орган катуу кыйналды. Чатырыштап бырыш баскан кара-көк бети ичеги-кардын оюп жеп келаткан оорудан улам ого бетер түнөрүп барат. Ушунчалык азапка чыдап отуруш оңойго турбаганы чымыркана алактай караган көздөрүнөн билинет. Өзөгү өрттөнүп калса да тамырына эптеп кармалап турган карт дарактай болуп, Орган карыя дале болсо акыл-эсин жоготпой карманып отурат. Кашындагылардын тирүү каларына шыбаа болор деп ал оюндагысынын баарын айтып калгысы келди.

– Асмандан кулак үзбөй, абаны тыңшап отуруу керек, мен ушуну ойлодум, – деди карыя. – Агүкүк[2] учуп өтүп калгысы бардыр. Ушу мезгилде деңиздин үстүнөн агүкүк деген куш гана учат. Эгер биз кайсы бир арал менен жердин ортосунда болсок, агүкүктүн учуп өткөн багыты бизге жол көрсөтөр эле. Ачык деңиз үстүндө кандай куш болбосун жээкти карай түз учат. Эч жакка кайрылбай жээкке түз учат. Агүкүк да ошентип учат.

– Биз арал менен жердин ортосунда эмес, башка жакта жүрсөкчү? – деп Мылгун башын көтөрбөстөн кежирлене сүйлөдү.

– Анда агүкүктү көрбөй калганыбыз ошол, – деди Орган да салмак менен.

Эмне үчүн ак үкү деңиздин үстү менен учушу керек, кандай зарылдыгы бар анын деп Кириск сурагыча Мылгун дагы кыйкымчылдыгын кылды.

– Ак үкүң биздин үстүбүздөн учуп өтөрүн унутуп койсочу? – деди ал ызырынган мыскыл менен. – Тыяктан учуп өтсөчү, анда канттик, аткычх?

– Анда Агүкүктү көрбөй калганыбыз ошол, – деди Орган жанагысындай эле салмак менен.

– Демек, көрбөй калганыбыз ошол дечи? – деп ого бетер ызырына берди Мылгун. – Демек, антсек да, минтсек да ак үкүнү көрө албайт экенбиз да? Андай болгон соң биз кайсы жыргалыбызга буерде отурабыз? Ыя? – деп ызырынып, тиштенип сүйлөндү да, анан каткыра күлүп жиберип, тынч басылды.

Беркилердин аза бою дүркүрөдү. Айла таппай, үн ката албай отуруп калышты.

Ал ортодо Мылгунга бир ой келгендей болду. Калактын сабын астынан кагып жиберди эле ашташы ажырап кетти. Мылгун кайыктын тумшугуна барып, калакты туура кармап теңселип турду. Ага унчуккан эч ким болбоду. Мылгун да эч кимге көңүл бурбады.

– Э-эй, канчык ! – деп ал жаалдана айкырды. – Эй, шамалдын бакшысы! – Мылгун калакты туңгуюк туманга кезей шилтеп кыйкырды. – Сен иттин тарпы эмес, жамалдын ээси экениң чын болсо, кана шамалың? Же сен ийиниңде жатып арам өлгөнсүңбү, канчык? Же бүт дүйнөнүн дөбөттөрү сага үйүгүп, кимисине көчүгүңдү тосоруңду билбей жүрөсүңбү? Же дөбөттөрдүн улам бири менен чагышып, сен канчык, шамалыңды айдоого чамаң келбей жүрөсүңбү? Же быякта караңгы көрдөй сасык тумандын ичинде биз адашып жүргөнүбүздү туйбадыңбы? Арабызда жаш бала бар экенин билбейсиңби? Арабызда бала бар деп жатам сага, өмүрүндө биринчи деңизге чыккан бала! Бул – иттигиң эмине? Ушунуң адилеттикпи? Түлөндүн сасык богу эмес, шамалдын ээси экениң чын болсо жооп бер, канчык! Шамалыңды айдат! Уктуңбу, канчык? Туманыңды көчүгүңө тыгып ал! Уктуңбу? Шамалыңдын эң каардуусу Тлангила бооронуңду соктур, бизди деңизге коңторуп салсын, толкундары жутса мейли, уктуңбу канчык? Уктуңбу дейм? Түкүрдүм мен түктүү тумшугуңа, сийдим сенин тумшугуңа! Шамалдын ээси экениң чын болсо бороонуңду соктур, бизди деңизге чөктүр, жок, антиш колуңан келбесе, анда сен канчыктын канчыгысың, мен сага дөбөтмүн, сага үйүгүшкөн дөбөттөрдүн биримин, бирок сени карап койбоймун! Андан көрө ме сага! Ме-ме! Жепсиң, канчык, ме, жептирсиң!

Мына ушинтип Мылгун шамал ээсин оозуна келген сөздөр менен сөгүп-сөгүп алды. Шамал ээси бар бекен, бар болсо шамалды кай жерде бекитип жатты экен, Мылгундун сөккөнүн уктубу-жокпу, ким билсин. Мылгун ага болбой алдан тайып, үнү бүткөнчө кыйкырып сөгүп да, суранып да турду. Анан колундагы калакты деңизге ыргытып ийди да, ордуна отуруп, бетин баса өңгүрөп-өксөп ыйлады. Беркилер аргасыз жалдырап карап отурду. Мылгун болсо жээкте калган жаш балдарын бирден атап, аптыга ыйлай берди. Чоң кишинин ыйлаганын көрбөгөн Кириск коркконунан калтырап кетти, Органга жабышып ыйламсырады.

15.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.