ПОВЕСТЬ
Чыңгыз Айтматов: Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт
Бир учурда бала чындап кайыктан секирмей болду. Бирок алы келбеди. Тизелеп араң туруп, кайыктын кырына араң артылды. Эки колу сыртта салаңдап, денесин ашырып сала албай көпкө жатты. Бара-бара таптакыр алсырап, калган сууну ичүү да оюна келбей калды. Кайыктын түбүндө жатып, сыздап ыйлайт, суу ташыгыч чычканын чакырат:
Чычкан акем, суу берчи!
Бирок чычкан кургур келбейт, бала ансайын күчөп суусайт. Жылаңачтанып алып булактын суусуна киринген жай эсине келет. Анда жетиге жаңы толгон кези болуш керек. Ошол жылы жай ысык болгон. Токойдун четинде күн кайнайт. Ошерден мөмө теришчү. Анан киринишчү. Апасы менен таэжеси да киринген. Ал экөө Кирискеден уялып деле койчу эмес. Экөө тең чечинип салып, сорулары күлтүңдөп, эки колдоп эмчектерин баскан бойдон сууга ичиркене киришет. Ошондо да чыңырып, суу чачкылап жатып киришет. Кириск суу бойлой жүгүрүп келип, кемерден иримге секирсе тиги экөө чалкалай каткырат. Айрыкча апасы: «Карасаң, куду эле атасы!» – деп сиңдисине көрсөтө каткыра күлөт. Анан экөө ойноктоп бирдеме шыбырашып алып, ойсоктой дагы каткырышат... Суу болсо арыгында тынбай агып жатат, каалашыңча ич, каалашыңча кирине бер...
Чычкан акем, суу берчи!
Азыр да ошо суу боюнда жүргөндөй болду Кириск. Азыр да ысык жайдын күнү болуп, ал дырдай жылаңач киринип жүрөт. Мына ал суу бойлой жүгүрүп, кемер жээктеп иримге секирди, бирок негедир суу салкынын сезбеди. Бу жолку суу кандайдыр колго жукпаган туман өңдүү суу экен. Ал туманга киринип жаткан тура. Бирок чыйрыктырып, үшүтүп барат. Апасы болсо күлбөй эле, ыйлап турат. «Карасаң, карасаң, куду эле атасынын өзү!» – деп бирөөгө көрсөтүп жатат, өксүп-өксүп ыйлайт... Көздөн аккан шор жашы бетин жууйт...
Түн бир оокумда Кириск кайыкты катуу чайкаган толкундун шуусунан ойгонду. Төбөсүнөн жылдыздарды көрө коюп, бала өңгөчүн үзө алсыз үн чыгарды. Көптө күткөн жылдыздар мына! Кара кочкул асман бетинде, тытылып өтүп жаткан булуттардын арасынан жылдыздар жымың-жымың этишет. Атүгүл ай да көрүндү, улам бир булутка кирип кетип, кайра чыгат ай!
Бала аң-таң: жылдыздар жымыңдайт, ай жүрөт ойноп, шамал согуп турат арылдап, деңизге жан кириптир, толкундар түрмөктөлүп айдалат – тирүүчүлүктүн жаны ушул эмеспи! Куугунтук жеген туман дале калыптыр ар-ар жерде уурданып, кайык аларга кире бергенде кайра баягы өлүү жагдай, бирок анысы эми көпкө созулбайт. Улуу туман чөккөн жеринен турган экен, шамалдын эпкинине ордунан козголгон экен, эми тытылып өзү каңгый баштаган экен.
Жылдыздарды карай берип, бала көзүнө жаш алды. Калак шилээр алы жок, жылдыз болжоп багыт белгилегенди билбейт – бала баягысындай эле алсыз, жалгыз, кароосуз. Бирок толкундун шуулдашына, шамалдын жүрүшүнө, кайыктын толкун минип кайкып баратканына бала кубанды. Ал кубаныч менен кайгысына ыйлады, дүйнө дааналанып, деңизге жан киргенине ыйлады, эгер ичер суум болсо, наар алар тамагым болсо бу турмушту дагы эле жакшы көрөт элем деп ыйлады. Бирок ордунан тура албасын, ичер суусу түгөнүп, күнү бүтүп баратканын, аздан соң суусап жатып өлөрүн билип жатты...
Кайык болсо толкундан толкунга артыла кайкып, сергек сүзүп баратты. Толкундун агымын ээрчип, калагы жок, башкаруусу жок баратты. Эми тумандын адашкан түйдөктөрү да сейрек кездешип, түнкү деңиз майданы кеңейгенден кеңейип, түн караңгылыгы да мурдагы ың-жыңсыз өлүү караңгылык эмес, өң-түсү бар, жылдызы бар тирүү караңгылык болуп калды. Эми адашкан туман түйдөктөрү качып бараткан жомок желмогуздарындай шамалдын айдоосунда улам бир укмуш элес берип баратат. Ал элестер пайда боло калат да, кайра бирин бири түрткүлөшүп, аралашып, суюлуп жок болуп кетет.
Булуттардын арасынан ай көрүнгөндөн баштап деңиз бети бирде жалтылдап, кайра өчүп, кайра жалтылдап, кайра өчүп, жыбырап жан кирди. Үн салбай жымыңдаган жылдыздарды карап отуруп, Кирискенин ою он, санаасы сан: «Кайсы бириң мени сактаган жылдыз болдуң экен? Кайсының Орган аткычхтын, кайсының Мылгун акемин, кайсының менин атам Эмрайиндин жылдызысыңар? Бу күндөрү силер көрүнбөй зар кылдыңар. Силер да туман арасынан бизди көрө албадыңар. Эми мына мен жалгыз калдым, кайда сүзөрүмдү билбей отурам. Бирок эми коркпоймун, анткени силерди көрүп отурам. Болгону гана кайсыныңар кимдин жылдызы болду экенсиңер, ошону билбейм. Биздин башыбызга түшкөн мүшкүлгө силер айыптуу эмессиңер. Деңиз бетинен бизди көрө албадыңар да. Мына эми мен жалгыз. Ал үчөө сүзүп кетишти. Жылдыздар, ал үчөө силерди абдан жакшы көрүшчү. Силерди болжоп жол тапсак деп алар абдан күтүштү. Жылдыздар алдабайт деп айткан Орган аткычх. Ал мага үйрөтөм деди эле... Бирок мындай болгонуна силерде күнөө жок. Менин өлөрүмө да аз калды. Ичер суум жок, кыбыроого алым жок, анан калса кайда сүзөрдү билбейм... Азганакей суу калган, бир ууртам гана суу калган, азыр аны ичейин, чыдабай өлүп баратам. Бүгүн туздуу балык салынган дорбонун бир бурчун чайнадым эле, ал нерпанын терисинен тигилген эмеспи. Эми чыдагыдай эмесмин, ошо дорбонуку го, жүрөгүм айланып, ичим аңтарылып келатат... Калган сууму ичейин. Эгер кайра көрүшпөсөк, жылдыздар, силерге айтар сөзүм бар: Орган аткычх, Мылгун акем жана атам Эмрайин силерди абдан жакшы көрүшчү... Эгер түндөн аман чыксам, силер менен таң эртең коштошом...»