повесть

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

повесть

«Конокко келип калыпсың, апа. Жатып кет бүгүн биздикине» – деп, Бекташ үйгө кетирбей койду. Саманга төшөк салып беришти. Ошол түнү асманды карап жатсам, саманчынын жолу жаңыдан чубуруп түшкөндөй, алда ким азыр гана зор кучак саман көтөрүп өткөнсүп, жылдызданган күкүм топондору себеленип, аларга жел тийгенсип жылт-жулт этип копшолуп жатты. Ошол бийиктикте, саманчынын жолун аралап, улам алыстап кетип бара жаткансыган эшелондун шуулдаган үнү жүрөк элжиретип, көпкө угулгансып турду. Темир жолго урунган дөңгөлөктөрү менен терметкенсип, көзүм илинип, бүгүн түнү дүйнөгө дагы бир жаңы дыйкан келген го, өмүрлүү болсун, сепкен аштыгы жылдыздай түгөнгүс болсун деп, саманчынын жолун тиктеп жатып уктап кеттим.

Таң ирең-бараңда ордумдан туруп, иштегендерге жолто болбоюн деп, айылга кеттим.

Көптөн бери мындай тамылжыган таң эртесин көрө элек элем. Көптөн бери торгойдун минтип сайраганын уккан жок элем. Түпкүрү жок, чеги жок апачык көгүлтүр асманда көркү жупуну боз чымчык, адамдын асманга учуп чыккан жүрөгү сымалы, тыным албай, канат кагып дырпырап, томуктай гана болсо да, не бир назик, не бир толукшуган күүлөрдү төктүрүп, безеленип жатты. Көмөкөйүңдөн айланайын, торгоюм. «Ана, биздин торгой, сайрады» деп койчу эле Субанкул. Сен да өлбөйт экенсиң, торгоюм!

 

VII

– О, кутмандуу талаам, сенин азыр дем алып жаткан кезиң. Кечээ орокто алпурушкан элдердин үндөрү да угулбайт, эгин ташып жол чаңдаткан машиналар да жок, жан жакада комбайндар да көрүнбөйт, мал дагы тоодон түшүп келе элек. Адамга буюрган гүлазыгын өзүнө берип, бир милдеттен кутулгандай, тоңдурмага кош чыккыча, тып-тынч жаткан кезиң. Эч ким жок, экөөбүз гана – сен жана мен. Төрөгөн аялдай көшүлүп жатканыңдан, Жер-Энем. Мен сага бүгүн бүт өмүрүмдү айтып бердим.

Бүгүн менин сыйынуу күнүм, бүгүн менин Субанкулду, Касымды, Майсалбекти, Жайнакты, Алиманды эстеген күнүм. Мен аларды өлөр-өлгөнчө унутпаймын. Кезеги келгенде, Жанболотко түшүндүрүп айтып берем. Эси болсо, түшүнөөр, эси болсо, кечирээр бизди... Ал эми башкаларчы, күн астында жашаган баардык адамзатка айтар сөзүм, айтар кебим бар. Аны кантип айтам, кантип ар бир кишисине жеткирем?

Э-э, асманда жаркыраган күн, жер кыдырып сен айткын!

Ээ, сапар баскан булут, нөшөрлөнө төгүлүп, ар бир тамчың менен сен айткын!

Жер, дүнүйөнүн баардык булуң-бурчунда адам баласын баккан жер, сен, сен, айткын, жанбоордош Жер!

– Жок, Толгонай, сен айткын. Сен – Адамсын. Сен баарыбыздан бийик, баарыбыздан улуу жаралган жансың, сен айткын, сен – Адамсың!..

 

VIII

– Кеттиңби, Толгонай.

– Кеттим. Кош, аман бол. Өлбөсөм, дагы келермин.

 

 



 

[2] көпчүй - жердин үстүнкү катмарынын жазында ачыган камыр сыяктуу көтөрүлгөн абалы.

[3] т а к т а - буудай такта болду - буудай тегиз баш алды; тактадан өтүү - бышканга бет алуу.

[4] МТС - машина-трактор станциясы.

[5] к ы з ы л ү й - өкмөттүк, саясий, маданий жаңылыктар менен таанышып туруу үчүн уюштурулган бурч же бөлмө.

[6] о к ш о г о н – келишкен, абдан мыкты.

[7] каамыт-шлия - араба жабдыктары; (каамыт (ор. хомут) - арабанын ок жыгачын бекитүү үчүн аттын моюнуна кийгизилчү жабдык; шлия (ор. шлея) - куюшканга окшогон жабдык.

[8] а л г ы - тамыры пияз сымал тоголок жапайы өсүмдүк; ачкачылык учурларда элдер ушул өсүмдүктүн тамырын сууга кайнатып жешкен.

[9] а с т а р - ичтик кездеме (подкладочный материал); өтм. жашырын, ички, көрүнбөгөн себеп, маани (подоплека, подтекст).

22.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.