проза
Кенеш Жусупов: Аздек
Жетиктик
Эстесем, Салижанды билгениме элүү жылдын чамасы экен. Мектепти бүтүргөн соң университетке тапшырганы шаарга алгач келгенбиз. Бишкек калаасында Ж.Бөкөнбаев атындагы китепканада айылдаштар жолукчубуз. Бир жолу китепканада акындар менен жолугушуу өттү. Шаардагы мектепти жаңыдан бүтүп жаткан чепилдеген баланын талтөөндөй зирек ойлоруна, сынына, билим дареметине көңүлүм толгон. Аны кийин сурамжыласам жаш сынчы Салижан Жигитов экен.
Бир-эки жыл өткөндөн кийин Салижан менен университетте дайыма көрүшүп жүрдүк. Анын сөзүн укканга куштар болгондор көп эле. Ошо береги өзүнө тарткан өктөмдүгүн өмүр бою жоготподу.
Элүүнчү жылдары студенттер менен Ошко пахта тергени поездде баратабыз. С.Жигитов вагондон чыкпай эки-үч күн бою бир китепти тигиле окуп, кээде өзүнчө эле каткырып, жыргап баратты. Поезд токтогондо анын окуган китебине кызыктым. Франсуа Рабленин «Гаргантюа Пантагрюэль» деген орусча китеби экен. Мен андай жазуучуну билбейт элем. Француз жазуучусунун ошол чыгармасын кийин-кийин гана китепканадан таап окуп чыктым. Салижан биздин муундун ичинен дүйнөлүк адабиятты эрте окуган, интеллектуалдуу, жетик ой жүргүзгөн таланттуу курбу эле. Идиректүү таанымал сынчы болуп, университеттин адабий ийриминде, жолугушууларда талбай, таасын сүйлөп, жаш жазуучулардын китептерине басма сөздө улам сын жазып, студент курагынан кыргыз жазуучуларынын майданына дароо аралашты.
Жазуучу У.Абдукаимовдун «Майдан» романын талкуулоодо, Ч.Айтматовдун «Жамийла» повестинин конференциясында С.Жигитовдун калемдештеринен айырмаланып көптү түшүнгөнүнө, чындык үчүн күрөшкөнүнө, күлгүн курагыбыздын шыктуу өкүлү болгонуна биз чындап сыймыктанар элек.
Ошентип, кыргыз адабиятына 60-жылдары кошулган муун катары Салижан менен калемдеш, замандаш жана баардаш болуп калдык.
Аздек
Кыргыздар эзелтен сөзгө бай, аны ыйык туткан, Кыдыр даарыган эл. Байыртан калк ичинде нуска сөздү аздектеген нечен мыкты залкарлар, таланттар жашап өттү. Ошонун бири Салижан Жигитов, мүрөктөй тунук сөздүн шаанисин ачкан жубар бермет шуру түзгөн чебердин чебери эле.
Кыргыз тилине жыйырмадан ашык жаңы сөздү таптым, байкалбай эле калайык урунуп кетти дегени эсимде. Ал тунук ойго маш, асыл идеяга бай адам болгон. Капилеттен сөз тапкан, учкул кыял эле. Ар бир сөзүндө, ой жүргүзүүсүндө жаңылык ачып сүйлөчү, аны укканда көзүң ачыла түшөр эле.
С.Жигитов ырды да, макаланы да, аңгеме, повесттерин да кемелине келтирип, кыйналып-кысталбай эркин жазчу. Ал чечен, мыкты оозеки аңгемечи болгон. Кээде али жаза элек чыгармаларын, аңгемесиби же повести болобу, окуясын төкпөй-чачпай, өзү да каткырып, башкалардын да боору катканча күлдүрүп толук айтаар эле. А эмнеге кагазга түшүрбөйсүң десек, андайлар менде толуп жатат, эң мыктысын кагазга түшүргөнгө убактым жетпей атпайбы деп кутулчу.
С.Жигитов көркөм чыгарманы сейрек жазды: анын «Элегиясы» тирүүлүктүн муңдуу арманы, кыргыз поэзиясынын үлгүсү болуп бааланып калды. Жазуучунун шакаба аңгеме, повесттерин жыргап, кыткылыктап күлүп окуйсуң. Биздин адабият менен маданияттын алкагында опур-топур көп болгон менен Салижандай сөз илебинен окурмандын жүрөгүнө шам жаккан чеберлер, устаттар сейректир. Ал кыргыз тили деп апыраңдабай эле жакшы макала, ыр, повесть жазып, улуттук тилди, намысты аздектеген күрөшкер экенин көрсөтчү.
Ал маектеринде, кайым айтыштарында учкул ойлорун, ыймандай сырын кимге болсун жалтактабай бетке айта алды. С.Жигитов — кыргыз рухий дүйнөсүнүн кардиограммасы, абийир таразасы. Кысыр сөздү жактырбаган, заманыбыздын чечени, сынчысы, шакабачысы жана тарбиячысы эле.
С.Жигитовдун сөзү уу да, дары да эле. Уусу- жаманга жалын, дарылыгы — жакшыга эм, дем эле.
Өмүр бою сөз аздектегенди эли кантип сүйбөсүн!?
Коңгуроо
Күндөрдүн бир күнүндө, Түкөбүзгө (Т.Сыдыкбеков) «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наам ыйгарылган күндө, Сакем экөөбүз устатты куттуктаганы жөнөп калдык, ал түрктүн байына окшоп «шыпылдай басып» алдыда, мен белек-бечкекти көтөрүп ээрчишип баратабыз. Жолдо, «Эми Түкөнүн үйүндө эл бапырап батпай калгандыр» деп жазганган элек. Барсак, залкардын короосу, эки кабат үйү жымжырт, ээн. Бир гана юрист жээни бар экен, эки баласы, болгону ушу. Кезегинде Түкөм жетелеп жүргөн, жакшылыгын көргөн баягы адабияттын «торпоктору» да жок.