Мухтар Ауэзов
КӨК ЖАЛ
Карышкыр эки жагына көз жүгүртө шашпастан жүгүрүп келе жатты. Хасен да бир минутка алдастап, итин кармаган калыбында эрдин тиштене туруп калды. Алыстан караганда карышкыр тумшуктуу, куюндаган буурул тайга окшоп кетти. Бул көрүнүшүндө ал дагы кубулуп, кутулуп кетчүдөй.
Карышкыр шамалдын агымы тараптан жүгүргөндүктөн, буйгада турган аңчы менен анын тайганынын жытын байкаган жок. Хасен жырткыч ата турган аралыкка келбесин алдын-ала сезип, тайганын бошотуп жатып: «Жөнө... Карма!» – деди да, далдада байланып турган атына жүгүрдү.
Көксерек ак саргыл тайганды биринчи эле көргөндө андан качып кутулуу мүмкүн эмес экенин байкады. Ит адыр жактан өзүнө карай көзгө илешпей учуп келе жатканын, кадимки карала дөбөттөн эки эсе чоң экенин көрүп турду. Ага удаалаш өткөндөгү төөчөндөй аралыктан колуна кара союл көтөргөн кишинин карааны кошо зымырады.
Туш-тарабы курчоо. Тез качуу керек. Ит менен карышкыр кары саяң жерде беттешти. Ит карышкырды кууп жетип бутунан тиштеп булкуп өттү да, күү менен өзү да мүдүрүлүп кетти. Экөө тең секирип туруп, бирине бири карсылдаша тиш салып, оозу кан боло ыркыраша ажырай түштү. Көксерек бир
нече жолу итке качыра тиш салып, ошол замат таамай соккуга, катуу каршылыкка туш болуп жатты. Ошентсе да Көксерек ыңгайлуу учурдан пайдаланып, көк жалды жыккан ыкмасына сала Ак кашканы кулак түптөн тиштеди. Ак кашка бой берген жок, Көксеректин оозуна бир тутам жүнү менен терисин калтырып, башын катуу силке бошоп кетти. Бул кармашуу тез эле бүтө койбостугун ал дароо түшүндү. Кыр ылдый чапкылаган атчан сүйүктүү Ак кашкасына күч кубат тилеп:
– Карма эле, карма! Ак каш-ка! – деп жаны калбай бакырат.
Аны көрө Көксерек арс эте тап берип, кайрылып артык карабай качып жөнөдү. Бирок Ак кашка аны узаткан жок. Экөө тикелеше түшүп, тиштери катуу кагышты дейсиң, жөн эле түн болгондо чакмак чаккандай эле учкун чачырай түшмөк. Кишинин кыйкырыгынан улам Ак кашка сактанууну унутуп, тумшугун түз эле карышкырдын каардана ачып турган оозуна салып жиберип, алдыңкы жаактан тилин кошо тиштеди. Экөө биринен бири кутулуп кетүү мүмкүн эмес эле, ит алдыңкы жаактан, көк жал үстүнкү жаактан тумшугун кошо карыштыра тиштешкен бойдон экөө тирелишип туруп калды.
Ошол убакта атын оңду-солду камчылана чапкылап, Хасен биринчи жетти. Ал мылтыгын таштап жиберип, коркпостон түз эле ээрден карышкырдын таштай катуу жонуна секирип, чоң бычагы менен карчыганын түбүнө бышып-бышып алды.
Ак кашка тишин арсайтып, титиреп жаткан карышкырдын оозунан канжалаган тумшугун бошотуп, четке чыга берди. Бир убакта туруп турган калыбында өзү да өмгөктөп жыгылды. Анын каршысында капталынан көк жал жаткан эле.
Жигиттер жакын келип, бирөө камчы сапты зор карышкырдын тишинин арасына тыгып, кара кочкул кан толгон оозун ачып карап, укмуштай чоңдугуна таң калышты.
Азезил!.. – деди жигиттердин бири андан алыстап.
Көксерек! – деди Хасен Ак кашканын жаратына кылдат көз жүгүртүп жатып тиги жигиттерге.
Көк жалдын өлүгүн айылга алып келип, Курмаштын боз үйүнө таштап коюшту. Курмаштын чоң энеси да небереси сыяктуу Көксерек экенин ага жакын келип, жырык кулагынан улам боолгоп араң тааныды.
Көксерек! – деди кемпир чоочуп кеткендиктен колу калтырайкыйкырып. – Тукумуңа наалат... Жер жуткур. Сенин уятың кайда?
Кан ичер! – деп араң шилтеген каруусу жок буту менен карышкырды тиши арсайган оозуна тээп калды.
Которгон Мамен АРСТАНБЕКОВ