аңгеме
Кубатбек Жусубалиев: Шатыдагы балдар
— Рахмат, айланайын, — деди кемпир. Үйүнө кирил баратып кайра чыкты.
— Аялың көрүнбөйт да?
— Үйдө отурат, — деди ал.
Ал минтип айтканына өзү таң калды.
Мисирейип жабылуу турган эшиктердин бири карс ачылып, кайра карс жабылды да, коньки байланган бала жанынан чуркап өттү. Баланын артынан апасы чыгып бирдемелерди кыйкырды. Тарсылдап бараткан бала да апасына бирдемелерди кыйкырды. Ал апа-баланын бири-бирин угушпай жатышкандарын, ортолорунда телефондун бузулган зым жыгачындай кокоюп турган өзү аркылуу кыйкырык-чуудан бөлөк эч нерсе өтпөгөндүгүн, демек, апа-баланын да кыйкырык-чуудан бөлөк сөз угушпагандарын ойлоду. Оңбогондой алыстыктан: бузук телефондун эки учунда туруп алышып, бири-бирин уга албай, сүйлөшө албай жатышкан эки адамдын майышкан жүздөрүн элестетти. Өзүн күнөөлүү сезди. «Безнадежное дело, использовать меня для такой благородной цели, я сегодня в ремонте» деп ойлоду ал. Тиги же бирөөгө угузбай, же өзү укпай, өзүнүн кулагын тундуруп, бирөөнүн кулагын тундуруп, ушуга жараша ыгы да, оңтою да жок, бутуна шиш темир байланып, жыгылып-тура жанын үрөп шаты менен бараткан баланы оюн күтүп турат… «О, великая, бесконечная лестница жизни! Я — бесконечен…» — Капысынан алда немедей ойлору көкүрөгүнүн башын ысытып, көзүнөн жаш келтирди. Ушул тапта карышкыр тийгендей ызылдашкан балдардын үндөрү дагы чыкты. Коңшулардын сүйлөшкөндөрү дагы угулду.
— Булар кимдин балдары?
— Билбейм. Адашып кеттик дешет ко…
Эшиктер кайра карс, карс жабылды. Ал ылдый түшүп баратты. Эми өөдө жактан дагы бир эшик ачылды.
— Булар кимдин балдары?