ААЛЫ ТОКОМБАЕВ

КҮҮНҮН СЫРЫ

ААЛЫ ТОКОМБАЕВ

Мен андан мурун кийиндим да, анын туптунук бетинен өпкүлөп жибердим. Анын жыпардай жыты эми да мурдумдан кетпейт...

Тыңшап олтурган аялы анын сөзүн орой бузган жок, бирок тумшугун чүйрүп, эрдин чыгарып:

– Эми алжыбасаңчы, – деди. Карыя анын сөзүн уккан жок. Сөзүн созо берди.

– Биз жасанганча козулардын үндөрү да жайланды, чыңылдаган балдар да тынчыды...

– Эми садага, сен барып аманчылыктарын билгин. Ата-энең тирүү болсо, алардын моокун кандыр. Анан кийин мени келип ээрчитип кеткиле. Шымаланып сени менен кошо барганымды салт көтөрбөйт, – деди кыз.

Мен чуркап айылга жакындаганымда, иттер чуулдашып үрүп алдымдан чыкты. Койчулар кыйкырып, иттердин багытын улап келип, мага жолугушту.
– Сен кимсиң?

– Жолоочумун.

– Кайда барасың?

– Чоронукуна. Ал киши аман-эсен барбы?

– Чокем бар, көзү көрбөйт, – деди койчу.

– Кемпири барбы?

– Бар, төшөктөн турбайт. Жалгыз баласынын кайгысынан карып болуп калышты, – деди экинчи койчу.

– Эмесе, курдаштар, мени ошондо ээрчитип баргыла, мен алардын жоголгон жалгызымын.

– Сүйүнчү, Чоке! Сүйүнчү! Зарлыгың келди, – деп, койчулар кыйкырган бойдон, мени үйгө карай сүйрөштү. Үйдөгү кишилер чыга чуркашып, мени тегеректеп кучакташкан бойдон үйгө алып киришти.

Таягын колуна алып калтаңдап күтүп турган атам менен кучакташып көрүштүм. Этек-жеңиме асылып чуулдаган кишилер боруктуруп жибере жаздашты...

– О, кулунум... – деген энемдин алсыз кыңылдаган үнү угулду жана купкуу болгон жүзү мага карай араң гана бурулду. Мен «апаке» деп телмирип чуркаганда, анын арык колу мага карай сунулду. Бирок, мен жеткиче колу төшөгүнө түштү... Экинчи анын арык колу кыймылдаган жок, үнү да чыккан жок... Жылуусу таркай элек апамын көкүрөгүнө ысык жашымды төктүм... Атам калтыраган бойдон:

Энең ыраазы... Энең үнүңдү укту, балам? – деди... Дүрбөлөң менен кубаныч мени эсимден тандырды.

Иңирде чыккан ай асмандын ортосуна келгенде:

– Кана, балам, кантип келдиң? Кайда жүрдүң? – деди атам. Менин эсиме кыз ошондо түштү.

Атаке, аны мен жайыраак айтайын. Сизге келин алып келдим. Суу алгычта күтүп калды, – дедим. Элдин бардыгы мени тегеректеп алып, сууга карай чуркашты. Менин башыма суу айлантып чачкан кемпир, чөйчөгүнө суу куюп алып, кошо жөнөдү.

Сууга келсек, кыз да жок, төө да жок.

– Кана? – деди бирөө өзүнчө.

– Үйгө жакын барып тургандыр, корккон го, деди экинчиси менин карап.

– Тигине! – деди үчүнчү киши колу менен көрсөтүп, анын көрсөткөнү булдуруктап кыймылдады. Кары кишилер токтой калышты. Биз шашып чуркадык.

Бизден мурунураак кеткен бирөө:

– О, кокуй! Иш болбой калыптыр! – деп тим боло калды да:

– Кокуй! Жолборс алып таштаптыр! – деп бакырды...

Кыздын колу өзүнүн башын кучактаган бойдон кыймылсыз жатканы көрүнө калды. Төө чала жан болуп, узун мойнун жерге ургулап, буттарын тыбыратып жатыптыр. Мен кызды кучактап жыгылдым.

- Мына балам, бул муңканган күү өзүм менен бирге эс алат. Эми өзүм менен бирге жатат. Күүнүн сыры ушул, балам! – деди.

Эртесинде карыя мени ээрчитип келип, кыздын мүрзөсүн көрсөттү да:

– Мына, балам! Кыз ушул жерде жатат. Аны куржундарын ачтырбай туруп, ошол бойдон көмдүргөм. Куржунда эмне бар экенин көрдөн башка эч ким билбейт... Карачы, балам! Муну көр деп эч ким тааныбайт. Дүмпөйгөн гана жашыл чым. Жакында түптүз жер болот... Мен жүз үчтөмүн. Мен дагы жакындап баратам, – деп чала билинген жашыл мүрзөгө сүйөнүп олтуруп калды.

Мен ошол кишини эми да көргөнсүп турам. Кандайдыр, комузун күңгүрөтүп тирүү жүргөнсүйт. Бирок ал киши кызы менен эчак сүйлөшкөндүр... Баягы баатыр менен эчак кездешкендир? – деп карыя сөзүн бүтүрдү.

Карыя бул аңгемесин бүткөнчө добул токтоп, таң атты. Кийимдерди күнгө жайып таштап, карыянын экинчи аңгемесин тыңшадык.

1940-жыл.

11.10.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.