Жек Лондон
Мартин Иден
Күтүлбөгөн жерден маңдайында кайрадан Джо пайда болду. Ал босогодо туруп алып үтүктү, көйнөктөрдү, кол жазмаларды абалактай ыргытып, жонглердой оюн көрсөтүп атыптыр. Кээде ал таңгакталган чектерден да илип ала коюп, өйдө ыргытат, чектер чатырды тешип чыгып, мейкиндиктен жоголуп кетет. Мартин Джону көздөй жулунду эле, бирок ал Мартиндин колундагы балтасын жулуп алып, аны да жогору көздөй атты. Балтанын артынан Мартиндин өзүн да кошо ыргытты. Мартин чатырды тешип чыгып, абада учуп жүргөн жайнаган кол жазмаларды кармап алганга үлгүрдү да, бир кучак кол жазма менен кайра жерге кулап түштү. Бирок ошол замат эле кайрадан көктү көздөй кетти да асман мейкиндигинде чимириле айланып жүрө берди. Алыстан: «Бийлечи, Вилли мени менен, дагы бир жолу бийлечи!» — деп кандайдыр бир баланын чыйылдап ырдаганы угулгансып жатты.
Балта болсо чектерден, крахмалдуу көйнөктөрдөн жана кол жазмалардан жаралган Саманчынын жолунда сороюп турду. Мартин аны ала коюп, жерге түшөөрү менен Джону жайлайын деди. Бирок Мартин ошол бойдон жерге кайтып түшкөн жок. Саат түнкү экиде Мария үйдүн дубалынын ары жагынан онтоп жаткан Мартиндин үнүн угуп, бөлмөсүнө баш бакты, үстүн кымтылап жылуулап жаап, оорудан сезгенген көздөрүнө болсо нымдуу сүлгүнү басып койду.
XXVI ГЛАВА
Эртеси күнү Мартин Иден жумуш издеп чыккан жок. Түнү менен катуу ысытмалап, эсин жогото чабалактап чыккандыктан, убакыт түш чак болгондо көзүн араң ачты. Эки жакты караса Сильванын сегиз жашар Мэри деген кызы анын жанында отурган экен, Мартин ойгоноору менен ал кыйкырган бойдон энесине чуркап кетти. Ашканада жүргөн Мария идиш-табагын таштай коюп жетип келди. Ал чор баскан алаканын Мартиндин от болуп күйгөн чекесине коюп, тамырын кармап көрдү:
— Тамак жегиси келет? — деп сурады ал.
Мартин башын чайкады. Тамакка таптакыр табити тартпай, бир кезде ачка болгонун эстеп, таң калып да кетти.
— Мен ооруп калдым, Мария, — деди ал алсыраган үн менен. — Мага эмне болгон, билбейсизби?
— Сасык тумоо, — деди Мария, — үч күндө өзү эле жакшы болот. Азыр тамак ичпей эле кой. Эртең ич.
Мартин оору дегенди түк билчү эмес, ошондуктан ал Мария кызы экөө чыгып кетери менен тура калып кийинүүгө аракеттенди. Көздөрү ачтырбай катуу ачышып, ооруп турду. Эптеп керебеттен туруп, үстөлгө келип олтурду, бирок башын көтөрө албай өбөктөп жатып калды. Ошол бойдон башын көпкө чейин көтөрө алган жок. Жарым сааттан кийин жаны кыйналып атып, кайра керебетине араң жетти да чалкасынан түшүп, былк этпей жатып калды, эмнеден мынчалык катуу ооруганынын себебин түшүнүүгө аракеттенди. Мария улам келип анын чекесиндеги ным чүпүрөктү алмаштырып турду. Аркы-берикини айтып, тынчын албайын деди окшойт, чурк этип сүйлөгөн жок. Мариянын мындай камкордугуна чексиз ыраазы болгон Мартин булдруктады:
— Мария, сиздин сонун фермаңыз болот, көп акчаң болот.
Анын эсине кечээки күн түштү. Ага «Трансконтиненталдан» кат алгандан бери ал өзүнүн катуу жаңылганын түшүнгөндөн бери, бул иштен биротоло кол жууп, турмуш китебинин жаңы барагын ачам деп чечкенден бери кылым убакыт өткөндөй сезилди. Оорусуна да күнөөкөр болгон өзү, анткени ачка жүрүп, үнөмчү болом деп көп нерседен баш тартып атып, жанына күч келтирип алганына өзү эмей ким күнөөлүү? Мына эми жадагалса, денеси ичине кирип кеткен мителер менен күрөшкөнгө да алы калбаптыр, өзү болсо тырп этерге алы жок төшөктө жатат.
— Китепкана толтура китеп жазсам да аның үчүн өлүп кеткенден мага не пайда? — сурады ал өзүнөн өзү. — Жок, бул менин ишим эмес. Адабиятың менен аңга түш! Менин тагдырым — кеңселик китептерди жүргүзүү, ай сайын маяна алып коюп, Руфь менен кичинекей бир үйдө жашоо...
Мартин эки күндөн кийин гана оозуна наар алып, эки сындырым нан менен бир жумуртка жеп, бир ыстыкан чай ичти. Анан почтодон келген каттар болсо апкелип бергилечи деп суранды, бирок көзү дагы эле ачышып ооруп тургандыктан, эч нерсе окуй деле албады.
— Мария, мага мобул каттарды окуп бериңизчи, — деди ал. — Алдагы чоң-чоң конверттерди ачпай эле үстөлдүн астына ыргытып коюңуз.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.