Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

 

XXVII ГЛАВА

Мартиндин ооматы акыры келди окшойт. Руфка жолуккандын эртеси күнү ага нью -йорктук бир эркин журналдан үч ырына үч долларга чек келди. Андан эки күндөн кийин чикаголук бир гезит анын «Казына издөөчүлөр» деген аңгемесин кабыл алып, ал басылгандан кийин он доллар төлөрүн убада кылыптыр. Бул нарк анчалык чоң эмес эле, бирок ошентсе да бул анын өзүн толкундаткан сезимди кагаз бетине түшүрүүгө жасаган алгачкы аракети эмес беле. Акырында «Өспүрүмдүк жана зирек курак» деген айына бир жолу чыгуучу журнал анын балдарга арнап жазылган укмуштуу окуялар жөнүндөгү повестин кабыл алды. Чынында бул повести жыйырма бир миң сөздөн турчу, ага болсо баш-аягы болуп он алты гана доллар берип атышат, эсептей келгенде ар бир миң сөзгө орто эсеп менен жетимиш беш центтен төлөп атышат, аны да басылгандан кийин беребиз дешти. Бул анын адабияттагы экинчи эле аракети эле, анда кемчиликтер деген толубатканын Мартин эми өзү да көрүп турду.  

Баса, анын туңгуч чыгармалары да ортозаардан жогору болчу. Аларда ашып –ташкан, асканы урса талакалап ийчүдөй, чымчыкты замбирек менен аткандай зор күч арбын эле. Мартин өзүнүн алгачкы чыгармаларын арзан баа менен болсо да сатканга мүмкүнчүлүк алганына жетине албай турду. Көп убактысын кетирсе да алардын баасын жакшы билчү. Бардык үмүтү эми өзүнүн кийинки жазылган чыгармаларында эле. Жөн гана журнал жазуучусу болоюн деген ою жок эле. Ошондуктан чыныгы көркөм чыгармачылыктын бардык ыкмалары менен куралданууну каалады. Бирок күчүн куру короткусу да келбеди. Тескерисинче, чыгармачылык дареметин мындан да өстүрүүнү каалоо менен ошол эле убакта аны алкакка салып чектөөнү чечти. Реалдуулукка карата болгон умтулуусун да унуткан жок. Өзүнүн бардык чыгармаларында чындыкты кыялдан жаралгандар менен сулуулукка айкалыштырууга аракеттенчү. Ал адамдын күчү менен анын умтулууларына терең ширелишкен ишенимге жетишүүгө аракеттенүүчү. Турмушту кандай болсо, дал ошондой, козголоңчул рухтун тынымсыз изденүүлөрү аркылуу көрсөтүүнү эңсечү.

Мартин окуган китептеринен адабий эки мектеп бар экенин түшүндү. Биринчиси адамдын табыйгатын таптакыр четке кагып, аны кудай сыяктантып сүрөттөсө, экинчиси тескерисинче, адамды жырткыч айбан деп эсептеп, анын ички умтулуулары менен жаратмандык мүмкүндүктөрүн таптакыр моюнга алгысы келбейт экен. Мартин булардын экөөн тең аша чапкан чапкан бир беткей эсептеп, мунусуна да, тигинисине да кошулбады. Анын пикиринде мунун экөөн тең ээрчибестен, акыйкатка жакыныраак ортолук багытты табууну чечти.   

Бир кезде Руфка окуп берген «Укмуштуу окуялар» деген аңгемесинде Мартин өзүнүн көркөм чындыкдын идеясын иш жүзүнө ашырууга аракеттенген болчу, ал эми «Кудай жана жырткыч» деген макаласында буга карата өзүнүн теориялык көз карашын баяндаган эле.

Бирок «Укмуштуу окуялары» өзү мыкты эсептеген башка аңгемелери кошо бир редакциядан экинчи редакцияга тынымсыз саякаттап жүрө берди. Ал эми эң туңгуч чыгармаларына болсо Мартин эч кандай баа берген жок жана аларга калем акы алганына гана кубанды. Ал журналдар тарабынан жаңы эле кабыл алынган өзүнүн «күчтүү» деген аңгемелерин анчалык деле ашыра жогору баалаган эмес эле. Алар ойдон чыгарылып жазылганы менен бирок аларда реалдуулуктун сырткы гана көрүнүшү берилген, булардын күчү мына ошондо эле. Мааниси жок, болбогон нерсени чын катары сүрөттөгөндү Мартин жеткен айлакерликтин амалы деп эсептөөчү. Мындай чыгармаларды олуттуу адабияттын катарына кошууга мүмкүн эмес эле. Алардын көркөмдүк жагы чебер болсо болгондур, бирок Мартин үчүн эгерде алар турмуш чындыгы менен айкалышпаса, аларга олуттуу маани берчү эмес. Амалкөйлүк Мартиндин пикиринде ойдон чыгарылган окуялардын турмуш чындыгы менен ширелишип турганы боло турган — ал өзүнүн «Укмуштуу окуялар», «Кубаныч», «Казан» жана «Турмуш шарабы» деген белгилүү чыгармаларына чейинки мезгилде жазган беш-алты «коркунучтуу» аңгемелеринде так мына ушундай айлакерликке таянган болчу. 

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.